Тел.: + 7 (495) 669-24-00
Слободчук Тимур Александрович – бөлүмүнүн башчысы, кош.: 58-44
Бурнусузян Мерген Арамович – кенешчи, кош.: 58-53
Галстян Нуне Артаковна – консультант, кош.: 58-55Каримова Алина Фанильевна – консультант, кош.: 51-33
Бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:
1) ички рыноктун иштөө чөйрөсүндө стратегиялык мүнөздөгү документтерди иштеп чыгууну камсыз кылат;
2) ички рыноктун иштешинин системалык көйгөйлөрү боюнча аналитикалык материалдарды даярдоону ишке ашырат;
3) ички рыноктун иштешинин системалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча сунуштарды жана чаралардын комплексин иштеп чыгууну ишке ашырат;
4) тоскоолдуктар менен иштөө боюнча негиздерди методологиялык иштеп чыгууну ишке ашырат;
5) Бирликтин органдарынын ички рыноктогу тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча ишти регламенттеген актыларынын долбоорлорун жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырат;
6) маалыматтык порталды өнүктүрүү жана оптималдаштыруу иштерине катышат;
7) ички рыноктун иштешинин алкагында мүчө мамлекеттер тарабынан тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө жыл сайын аналитикалык баяндамаларды даярдайт;
8) эл аралык келишимдердин, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Комиссиянын чечимдеринин долбоорлору боюнча, ошондой эле өз компетенциясынын алкагында башка маселелер боюнча маалымкаттарды, негиздемелерди жана башка аналитикалык материалдарды даярдайт;
9) зарыл болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Комиссиянын жумушчу жана эксперттик топторунун, консультативдик органдарынын жыйындарына катышат.