2016-жылдын 1-мартынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын курамында түзүмдүк бөлүм – Ички рыноктордун иши департаменти иштейт, анын милдети ички рыноктордун ишин тоскоолдуктарсыз, алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз камсыз кылуу болуп саналат.
Департамент тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылын камсыз кылуу максатында тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү аныктоо жана четтетүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда Бирликтин жалпы интеграцияланган маалыматтык тутумунун алкагында тоскоолдуктардын реестри, чектөөлөрдүн реестри, кайрылуулардын реестри жана алып коюулардын реестри түзүлүп, "алып коюу" жана "чектөөлөр" түшүнүктөрүнүн маанилери, ошондой эле Евразия экономикалык интеграциясынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен "тоскоолдуктар" аныкталды.
Тоскоолдуктар — Бирликтин ички рыногунун иштешинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, жумушчу күчүнүн эркин кыймылы жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын колдонуудагы же кабыл алынган, бирок күчүнө кире элек ченемдеринин же Бирликтин мүчө мамлекеттеринде түзүлгөн укук колдонуу тажрыйбасынын Бирликтин укугуна ылайык келбешинен улам келип чыккан алардын мүчө мамлекеттердин рынокторуна жетүүсү үчүн кедергилер.
Алып коюулар — Бирликтин ички рыногунун жалпы иштөө эрежелеринин Бирликтин мүчө мамлекети тарабынан колдонулбашы жөнүндө Бирликтин укугу менен каралган алып салуулар (чегинүүлөр).
Чектөөлөр — Бирликтин ички рыногунун иштешинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, жумушчу күчүнүн эркин кыймылы жана алардын Бирликтин мүчө мамлекеттеринин рынокторуна жеткиликтүүлүгү үчүн, аларды өнүктүрүү Бирликтин укугу менен каралган экономикалык мамилелерди укуктук жөнгө салуунун жоктугунан келип чыккан тоскоолдуктар.
Комиссиянын Бирликтин бизнес-коомдоштугу жана жарандары менен өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери колдонгон алып коюулардын жана чектөөлөрдүн, аныкталган тоскоолдуктардын жана аларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралардын ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатуу үчүн кеңири аудиторияга багытталган "Евразия экономикалык бирлигинин ички рынокторунун иши" атайын маалыматтык ресурсу түзүлгөн. Бул порталда Бирликтин жарандары жана юридикалык жактары тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү, алып коюуларды жана чектөөлөрдү максималдуу кыскартуу боюнча иштин учурдагы абалы менен толук таанышып, аныкталган тоскоолдуктар жөнүндө маалымат берип, ошондой эле алардын статусун көзөмөлдөй алышат.
Ресурстун дареги: https://barriers.eaeunion.org