Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6153
25 майындагы 2018
ЕАЭБде космос чөйрөсүндө өнөр жай кооперациясын кеӊейтилет
Беларустун, Казакстандын жана Россиянын космостук ведомстволорунун өкүлдөрү Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) спутниктерин өндүрүүдө өнөр жай кооперациясы жөнүндө макулдашты. Мындай чечим «Казакстан Республикасынын космос күнү – 2018» форумунун алкагында «ЖАБ мааламыттарынын улуттук булактарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды өндүрүү жана көрсөтүү боюнча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин интеграцияланган тутуму» мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу боюнча мамлекеттер аралык жумушчу тобунун отурумунда кабыл алынды.
24 майындагы 2018
ЕАЭБдин салыкчылары өз ара соодада КНСти алуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүдө
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) алдындагы Салык саясаты жана администрациялоо боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө санариптик (электрондук) экономика чөйрөсүндөгү салык салууга жана салыктык тескөө-башкарууга карата бир түрдүү мамилелерди принциптүү жактырды. ЕАЭБдин салык саясаты маселелерин жетектеген улуттук мамлекеттик органдардын жетекчилери жана эксперттери жолугушуунун катышуучулары болуп калды. Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун төрагалыгынын астында 22-майда Астанада (Казакстан Республикасы) болуп өттү.
24 майындагы 2018
ПЭЭФ-2018де Тигран Саркисян: «Биз ЕАЭБдин бүткүл мейкиндигинде санариптик долбоорлорду киргизүүгө кириштик»
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында ишке ашырылышы мүмкүн болгон санариптик долбоорлор, региондук жана глобалдык санариптик күн тартиптеринин кошулуучу чекиттери, ошондой эле санариптик экономиканы өнүктүрүүдөгү бизнестин ролу 24-майда Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин алкагында «Санариптик күн тартиби ЕАЭБдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун фактору катары» ачык сессиясында талкууланды.
24 майындагы 2018
ПЭЭФ-2018: ЕАЭБ - АСЕАН форматында алгачкы бизнес-диалог болуп өттү
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) ишкерлер жана расмий чөйрөлөрүнүн, бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин аянтчасында кызматташуунун перспективаларын талкуулоо үчүн алгачкы жолу чогулду. Пикир алышуу 23-майда «ЕАЭБ – АСЕАН соода-экономикалык кызматташуусу. Россиянын ролу» иш ланчы форматында болуп өттү.
23 майындагы 2018
ЕАЭБ өлкөлөрү менен Сингапур кызматташууну өнүктүрүүдө
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Сингапур Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү перспективалары Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Сингапурдун өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун экинчи отурумунун көңүл борборунда болду. Тараптардын эксперттеринин ортосундагы түз диалогду жолго салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
23 майындагы 2018
ЕЭК бизнес менен ачык диалог жүргүзүүдө
«Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жер-жерлерде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ишкерлери менен интеграциянын көйгөйлүү маселелерин түз жана ачык талкуулоону баштайт», – деп ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Казакстан Республикасынын Ишкерлеринин «Атамекен» улуттук палатасынын аянтчасында Казакстандын бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.
22 майындагы 2018
ЕЭК баалуу металлдарды камтыган айрым товарларга бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
Соода, интеграция, бажылык кызматташуу жана агроөнөр жай комплекси маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 22-майдагы отурумунда каралды. Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын товарлардын баалуу металлдары бар айрым түрлөрүнө коюмдары нөлгө түшүрүлдү; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана пайдаланууда Бирликтин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин маалыматтык өз ара аракеттенүүсү боюнча документтердин пакети бекитилди, евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган бир катар башка чечимдер кабыл алынды.
18 майындагы 2018
Беларусь Республикасында “Евразиялык санариптик платформалар” сынагынын жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Инновациялык долбоорлордун р жылдык «Евразиялык санариптик платформалар» эл аралык конкурсунун беларустук жарым финалынын жеңүүчүлөрү болуп төрт иштелме таанылды. Бул өпкө ооруларынын эрте диагностикасынын “Жеңил дем алуу” санариптик тутуму, экспорттук-импорттук эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүү жана каржылоону тартуу үчүн «Евразиялык факторингдик платформа» чечими, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, процесстерди сертификаттоонун «СертЧейн» тутуму жана балдарда окутуу процессине туруктуу адатты калыптандырууга арналган «ПР Билим» долбоору.
Дагы көрсөтүү