Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
10 августундагы 2018
ЕЭК тамак-аш азыктарындагы антибиотиктердин камтылышы маселесин жөнгө салды
14-августтан тартып Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 28 Чечиминин 2-пункту күчүнө кирет. Анда Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын тизмеги, жаныбар тегиндеги кайра иштетилбеген тамак-аш азыктарында, анын ичинде чийки затта камтылышы мүмкүн болгон калдыктардын максималдуу жол берилген деңгээлдери, ошондой эле аларды аныктоо усулдары камтылган.
10 августундагы 2018
Санариптик түгөйлөштөр миллиарддаган долларларды иштеп табууга жардам берет
Эксперттердин болжолдору боюнча, беш жылдан кийин санариптик түгөйлөштөр сыяктуу өнүмдөрдүн рыногу 16 млрд АКШ долларына жетет. Глобалдык экономикада жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) күн тартибин ишке ашырууда санариптик түгөйлөштөрдүн ролу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 9-августтагы семинарында талкууланды.
09 августундагы 2018
ЕАЭБде энергиянын натыйжалуулугу боюнча бирдиктүү талаптарды белгиленишине бир кадам калууда
Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) «Энергияны керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө» Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламентинин ЕЭК Коллегиясы жактырган долбоору боюнча суроо-талаптар келип түшүүдө. Аны Бирликтин жалпы рыногунун керектөөчүлөрүн заманбап продукция – электр энергиясын аз жана алда канча натыйжалуу керектеген компьютерлер, муздаткычтар, телевизорлор, кир жуугуч машиналар, чаң соргучтар, кондиционерлер жана башка бир катар турмуш-тиричилик приборлору менен камсыз кылуу үчүн Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен бирдикте иштеп чыкты.
07 августундагы 2018
Сөздү ЕАЭБдин Соту айтат: спортсмен-легионерлер жөнүндө маселени кароо күнү дайындалды
12-ноябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун жыйналышы өтөт, анда Бирликтин укугуна ылайык спортсмендердин улуттук спорттук иш-чараларга катышуусуна жарандыгына жараша сандык чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө маселе каралат. Арыз берүүчү Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) болду, ал ушул маселе боюнча консультативдик корутундуну сурап сотко кайрылды.
03 августундагы 2018
ЕЭК ЕАЭБдин аймагында чет өлкөлүк айыл чарба техникасын локалдаштыруу боюнча пилоттук долбоорду иштеп бүтүүдө
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) машина куруу ишканаларынын чет өлкөлүк айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүсү John Deere компаниясынын эксперттеринин Беларусь Республикасына визитинин темасы болуп калды, аны Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаменти уюштурду. 3-августта аяктаган бир жумалык визиттин учурунда ЕЭКтин жана John Deere компаниясынын биргелешкен комиссиясы Беларусь Республикасынын алгачкы алты машина куруу ишканаларына барды.
01 августундагы 2018
ЕАЭБде автомобилди өз алдынча кайра жасоого контроль күчөтүлүп жатат
Жол кыймылынын коопсуздугу жана автотранспорт каражаттарын каттоо үчүн жооптуу болгон улуттук органдардын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн автомобиль жолдорундагы коопсуздукту жогорулатуу маселелерин талкуулады. 31-июлда Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өткөн кеңешмеде, атап айтканда, чыгарылып жаткан автолордун конструкциясын өркүндөтүү, машиналардын колдонулуп жаткан паркына, анын ичинде аларды кайра жабдууда талаптарды күчөтүү келечектери каралды.
11 июлундагы 2018
Вице-премьерлер ЕЭКтин Кеңешинде ЕАЭБдин ички рыногундагы эң кылдатбеш маселени талкуулайт
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соодадагы эң кылдат тоскоолдуктар, ошондой эле аларды четтетүү боюнча иш-чаралар Ички рыноктордун иштеши боюнча консультативдик комитеттин бешинчи отурумунда талкууланды. Буга окшогон тоскоолдуктардын арасында – электрондук санариптик колтамганы өз ара таануу, айрым чөйрөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга жетүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинүүчү айрым товарларга контролдук баалардын эң төмөнкү деңгээлин колдонуу учурларына жол бербөө, Бирликтин бардык өлкөлөрүндө ветеринардык контролдун (көзөмөлдүн) тутумун өз ара таануу, Бирликтин мамлекеттеринен жөнөтүлүүчү алкоголдук продукцияга карата камсыз кылуу төлөмүн алуу маселеси.
11 июлундагы 2018
ЕЭК жана Россиянын Өнөр жай соода министрлиги ЕАЭБдин өнөр жай блогунун ишинин алты жылдык жыйынтыктарын талкуулады
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) макулдашылган өнөр жай саясатын жүргүзүү боюнча мамилелерди калыптандырып, алар «бешилик» өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган жана ЕАЭБ жөнүндө келишимге кирген. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун интеграциялык ишинин бүтүндөй бир катар багыттары боюнча олуттуу иш жүзүндөгү натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Сергей Сидорский 2012 - 2018-жылдардын мезгилинде ЕАЭБдин өнөр жай блогунун ишинин жыйынтыктарына арналган Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигиндеги жумушчу жолугушуунун убагында билдирди.
Дагы көрсөтүү