Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6133

11 июлундагы 2018 Вице-премьерлер ЕЭКтин Кеңешинде ЕАЭБдин ички рыногундагы эң кылдатбеш маселени талкуулайт Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соодадагы эң кылдат тоскоолдуктар, ошондой эле аларды четтетүү боюнча иш-чаралар Ички рыноктордун иштеши боюнча консультативдик комитеттин бешинчи отурумунда талкууланды. Буга окшогон тоскоолдуктардын арасында – электрондук санариптик колтамганы өз ара таануу, айрым чөйрөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга жетүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинүүчү айрым товарларга контролдук баалардын эң төмөнкү деңгээлин колдонуу учурларына жол бербөө, Бирликтин бардык өлкөлөрүндө ветеринардык контролдун (көзөмөлдүн) тутумун өз ара таануу, Бирликтин мамлекеттеринен жөнөтүлүүчү алкоголдук продукцияга карата камсыз кылуу төлөмүн алуу маселеси.​
11 июлундагы 2018 ЕЭК жана Россиянын Өнөр жай соода министрлиги ЕАЭБдин өнөр жай блогунун ишинин алты жылдык жыйынтыктарын талкуулады Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) макулдашылган өнөр жай саясатын жүргүзүү боюнча мамилелерди калыптандырып, алар «бешилик» өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган жана ЕАЭБ жөнүндө келишимге кирген. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун интеграциялык ишинин бүтүндөй бир катар багыттары боюнча олуттуу иш жүзүндөгү натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Сергей Сидорский 2012 - 2018-жылдардын мезгилинде ЕАЭБдин өнөр жай блогунун ишинин жыйынтыктарына арналган Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигиндеги жумушчу жолугушуунун убагында билдирди.​
Дагы көрсөтүү