19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭК Коллегиясынын Мүчөсү (Министри) Данил Ибраевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнүн биринчи 100 күнүнө арналган кеңейтилген отурум болуп өттү.
Иш чара Ош, Бишкек, Свердловск, Уфа шаарларын бириктирүү менен, видео көпүрө форматында өттү.
19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭК Коллегиясынын Мүчөсү (Министри) Данил Ибраевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнүн биринчи 100 күнүнө арналган кеңейтилген отурум болуп өттү.
Иш чара Ош, Бишкек, Свердловск, Уфа шаарларын бириктирүү менен, видео көпүрө форматында өттү.
Отурумдун ишине ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министри) Валерий Корешков, ЕЭК Коллегия Мүчөсү (Министр) Ара Нранян, ЕЭК департаменттеринин директорлору, КР жана РФ Өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, федералдык, мамлекеттик жана аймактык бийлик органдарынын жетекчилери, ири дүң жана чекене ритейлдин жетекчилери, РЖД, РСПП, ТПП өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты.
Комиссиянын бир катар иштеринин багыттары боюнча талкуу жүргүзүштү: ЕАЭБдеги техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар, бажылык администрлөө, соода, транспорт жана инфраструктура, ошондой эле ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү, каржы жана миграциялык саясат.
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча министри Валерий Корешков кыргыз өнөктөштөр менен биргеликте иштөө “албетте, 100 күн менен эле чектелип калбайт. Ал мурунураак башталган, жана техникалык жөнгө салуунун бардык позициялары боюнча жүрдү”,- деп белгиледи.
Бул багыт Биримдикте өнүмдөрдүн коопсуздугу маселелеринде негизги ролду ойноорун жана товар кыймылынын эрежелерин шарттаарын белгилеп, ЕЭК Министри мындай деди: “Кыргызстанда ЕАЭБдин техникалык регламенттерин этаптар менен киргизүү жүрүп жатат. Алардын 12си, дөңгөлөктүү транспорт каражаттыр жана электротехника ж.б. боюнча, Республиканын аймагында эмитен иштеп жатат. Башкалары боюнча болсо, аларды күчүнө киргизүү үчүн азыр активдүү даярдык жүрүүдө”.
Валерий Корешков санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар жаатында улуттук ченемдик базаны ЕАЭБдин талаптарына ылайык келтирүү боюнча чоң жумуш жасалып жатканына элдин көңүлүн бурду. “Бул тармактарда 20дай ченемдик акт кабыл алынды, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин кадрлар жагынан камсыз болуусу жана структурасы жакшыртылды, - деди ЕЭК Министри.- Биримдиктин тышкы чек арасынын кыргыз тилкесинде 7 өтмө бекети даярдалды жана жабдылды. Бул бекеттердин даярдалышына жана жабдылышына чоң жардам, анын ичинде акчалай каражат жагынан да, Россия Федерациясынын Өкмөтүнөн берилди”.
ЕЭК Министри Ара Нранян кыргыз ишкерлери көтөрүп чыккан бир нече суроолорго кайрылды. Ал алкоголду өз муктаждыгына жана соодалоо максатында ташып кирүүнүн өзгөчөлүктөрүн, жана андай продукцияны ташуунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп берди. Ветеринардык көзөмөл кызматтарынын эквиваленттүүлүк көйгөйү тууралуу айтып жатып, Ара Нранян Армениянын ушул маселедеги тажрыйбасын баяндады. Ошондой эле ал, ЕЭКтин күн тартибинде турган КНСти кайтаруу процедурасын жөнөкөйлөтүүнүн зарылдыгы тууралуу маселени козгоду. Бул маселенин чечилиши ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн өз ара соодасынын өсүшүнө дем берет.
ЕЭК Министри Данил Ибраев Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын августунда кирген күндөн баштап эле оң динамиканы белгиледи: “18-ноябрда казак-кыргыз чек арасында фитосанитардык жана санитардык көзөмөл алынды. Кыргыз Республикасы 43 сектордо Тейлөөлөрдүн бирдиктүү рыногуна кошулду. Киргизилип жаткан түзөтүүлөргө ылайык, 2016-жылы 1 январда Биримдиктин жүк ташуучулары Кыргызстандын аймагында бир каботаждык жүк ташуу жасоо укугуна ээ болот, ошондой эле, кыргыз автоунаачылары Россия Федерациясынын Челябинск, Новосибирск же Свердловск областтарынын, Беларус Республикасынын Гомель, Могилев, Витебск областтарынын, Армения Республикасынын Арагацотн, Лори же Тавуш областтарынын аймагында ошентип ташый алат”.
Кыргызстандын ЕАЭБге интеграцияланышынын дагы бир плюсу, Министрдин айтуусу боюнча, консультативдик комитеттерде улуттук өкүлдөрдүн катышуусу болду: Кыргыз Республикасынын 30дан ашуун ыйгарымдуу органдарынан 122 өкүл Евразия экономикалык комиссиясында иштеп жаткан 17 консультативдик комитеттин курамына кирген.
Отурумдун жүрүшүндө, статистикалык маалыматтарга таянуу менен, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын абалынын жана кызматташуусунун анализи жасалды. Маселен, 9 айдын жыйынтыгы боюнча, ИДПны өсүшү 106,1% түзүптүр. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара экспортунун 0,8%ы Кыргыз Республикасына туура келет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы импортунан, Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн киргизген импорту 4,1%дан 4,7%на өстү. Түз тышкы инвестициялардын келиши 2015-жылдын январь-июнунда 2014-жылдын январь-июнуна караганда 2,3 эсе өстү. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасында азык-түлүк товарларына жана айыл чарба чийки затына 18%, минералдык өнүмдөргө 13%, машиналар, жабдуулар жана транспорттук каражаттарга 12%, химия өнөр жай өнүмдөрүнө 4%, металлдар жана алардан жасалган буюмдарга 2% туура келет.
Отурумдун алкагында россиялык ири ритейлдин өкүлдөрү Кыргызстандын аймактык ишкерлери менен соода тармагында мүмкүн болгон кызматташуу маселелерин талкуулашты, орун алган бөгөттөр жана аларды жоюу жолдору аталды. Жалпы рыноктогу Кыргызстандын перспективаларын ишкерлер жогору баалашкандыгына себеп болгон бир катар факторлор бар экени белгиленди. Алардын эң башкылары – либералдуу соода режими, экологиялык жактан таза өнүмдөр, мол кен байлыктар, инвестицияларды коргоо, эркин валюта алмаштыруу, бизнес жүргүзүүнүн чыгымдарынын аздыгы жана квалификациялуу жумушчу күчү.
“Бүгүнкү күндө Россиянын Новосибирск, Свердловск, Оренбург жана башка областтары менен, Башкортостан Республикасы менен болгон Кыргызстандын аймактар аралык байланыштары өркүндөп жатат, - деп белгиледи Данил Ибраев, - чоң деле потенциал жумшалбаса да. Кыргызстанга айыл чарба өнүмдөрүн, курулуш материалдарын, машина куруу жана гидроэнергетикалык комплекстин өнүмдөрүн өз ара сатуу жаатында, жана инновация тармагында кызматташууну кеңейтүү зарыл”.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция болду.