Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6255
27 июнундагы 2025
ЕАЭБ менен Монголия убактылуу соода келишимине кол коюшту
27-июнда Минскте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алкагында бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин, экинчи тараптан Монголиянын ортосунда Убактылуу соода макулдашууга кол коюлду. Документке төмөнкүлөр кол коюшту: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Наталья Петкевич, Казакстан Республикасынын Премьер – министринин орун басары — улуттук экономика министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле Монголиянын Премьер-министринин Биринчи орун басары – Монголиянын экономика жана өнүктүрүү министри Учрал Ням-Осор. Макулдашууга кол коюу ЕАЭБ өлкөлөрү менен Монголиянын ортосундагы соода мамилелеринин өнүгүүсүнүн жаңы этабын билдирет. Ал ар бир тарап үчүн 367 товардык субпозицияны камтыйт, аларга документ күчүнө кирген учурдан тартып бажы алымдары нөлгө түшүрүлөт же төмөндөтүлөт. Келишим үч жылга түзүлөт жана анын жарактуулугун дагы үч жылдык мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү болот. "Статистикага ылайык, тарифтик преференцияларга ЕАЭБдин Монголияга экспорттук жеткирүүлөрүнүн 2 млрд доллары, башкача айтканда 90%дан ашыгы камтылат. Макулдашылган преференциялар ЕАЭБ компанияларына жыл сайын 100 млн АКШ долларына чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет", — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев. Анын айтымында, кол коюлган соода келишимине ылайык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аграрийлери Монголиянын рыногуна буудай, жүгөрү, сүт продукциясы, өсүмдүк майлары, эт жана канаттуулардан жасалган буюмдар, кант, кондитердик азыктар, сырлар, минералдык суу жана алкоголдук продукция сыяктуу принципиалдуу маанилүү товарларды жеткирүү үчүн преференциялык шарттарга ээ болушат. Өнөр жай товарларына карата продукциянын төмөнкүдөй түрлөрү боюнча жеткирүүлөрдүн өсүшү болжолдонууда: металлургиялык продукция (темир эритмелери, ысык прокат жана муздак прокат, темир чыбыктар, бурчтар, түтүктөр ж. б.), мотордук транспорт каражаттары (автомобилдер, автобустар, жүк ташуучу унаалар, атайын техника, автокомпоненттер, чиркегичтер ж. б.), темир жол машина куруу жана химиялык өнөр жай продукциялары (полимерлер, пластик плиталар жана тетиктер), шиналар, азоттук жер семирткичтер, дары-дармектер ж. б. Өз кезегинде монгол товарларына эт (жылкы эти, бодо малдын эти, кой эти, эт консервалары, субпродуктылары), сүт азыктары (йогурт, сыр), жеңил өнөр жай товарлары (жүн, жиптер), ошондой эле жеңил өнөр жайдын даяр сапаттуу буюмдары, анын ичинде трикотаж жана текстиль кийимдери боюнча преференциялык жеткилик берилет. Мындан аркы кооперация үчүн мүмкүнчүлүктөр макулдашуунун тарифтик эмес бөлүгүндө камтылган: техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, бажы кызматташтыгы, электрондук соода жана экономикалык кызматташтык жаатында. "Акыркы бир нече жыл ичинде ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы товар жүгүртүү бир жарым эседен ашык өскөн. Макулдашуу иштей баштаганда мындай тенденция сакталат жана бекемделет, бул биздин товар жүгүртүүнү 3 млрд долларга чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз", — деп билдирди Андрей Слепнев. Кол коюлгандан кийин убактылуу соода келишими анын күчүнө кириши үчүн Монголияда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө зарыл болгон ратификациялык жол-жоболорду жүргүзүү үчүн сунушталат.
27 июнундагы 2025
ЕАЭБде 2023-2024-жылдары кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү жөнгө салуу эрежелерин сактоонун жыйынтыктары чыгарылды
Жогорку Евразия экономикалык кеңеши өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан даярдалган 2023-2024-жылдары кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну, уюштурууну жана ишмердикти жөнгө салуу эрежелеринин жоболорунун Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары жөнүндө баяндаманы карап чыкты. Баяндамада эрежелерди сактоонун негизги аспектилери, атап айтканда, мамлекеттерде ишкерлер үчүн жагымдуу жол-жоболорду колдонуу чагылдырылган. Анын ичинде – жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ), "унчукпоо — макулдуктун белгиси" принцибин колдонуу жана бизнести текшерүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы киргизүү. "Биз катышуучу өлкөлөр тарабынан эрежелерди өз мыйзамдарына имплементациялоонун оң динамикасын көрүп жатабыз. Баяндама документте каралган шарттарды ишке ашыруу 100 пайызга чейин жетип жатканын тастыктайт. Бул Бирликтин алкагында бизнес үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө карай маанилүү кадам", — деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. ЕЭК министри "унчукпоо – макулдуктун белгиси" принцибин киргизүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду, ага ылайык мамлекеттин компетенттүү органы белгиленген мөөнөттө арыз ээсине тиешелүү уруксат берүүгө же жүйөлүү баш тартууну берүүгө тийиш, башка учурда арыз ээси аны жүзөгө ашыруу үчүн арыз берилген ишке автоматтык түрдө укук алат. 2023-2024-жылдар үчүн баяндама, ошондой эле мурдагы мезгилдер үчүн баяндамалар менен Комиссиянын сайтынан таанышууга болот.
27 июнундагы 2025
ЕАЭБде спорт чөйрөсүндөгү экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды
Бүгүн Евразия экономикалык бирлигинин беш мамлекетинин лидерлери спорт жаатындагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарын бекитишти. 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясында каралган документте кызматташтыктын негизги багыттары — спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, спорттук товарларды өндүрүүнү жана аларды алмашууну көбөйтүү, спорттук туризмди кошкондо спорттук индустриянын кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен форумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу аныкталган. Экономикалык кызматташтыктын негизги факторлору катары "бешилтик" өлкөлөрүнүн географиялык жакындыгы жана өнүккөн спорттук инфраструктурасы белгиленген. "Жалпысынан бул факторлор синергетикалык натыйжаны жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү үчүн жагымдуу негизди түзөт. Биргелешкен аракеттер менен биз Бирлик өлкөлөрүнүн жарандарын сапаттуу спорттук продукция менен камсыз кыла алабыз, спорттук инфраструктураны өнүктүрө алабыз жана спорт чөйрөсүндө экономикалык өз ара иштешүүнү жаңы деңгээлге чыгара алабыз", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов документке комментарий берди.
27 июнундагы 2025
Евразия экономикалык комиссиясы жана КМШнын КТК Аткаруу комитети транспорт жана логистика чөйрөсүндө Кызматташуу планына кол коюшту
Минскте Евразия экономикалык форумунун алкагында Евразиянын транспорттук тутумдарын интеграциялоо үчүн маанилүү окуя болуп өттү: Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин Аткаруу комитетинин ортосунда 2030-жылга чейинки мезгилде транспорт, инфраструктура, логистика жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу планына кол коюлду. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана КМШнын КТК Аткаруу комитетинин төрагасы Геннадий Бессонов кол коюшту. "Документ системалуу өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзөт. ЕАЭБ жана Шериктештик мейкиндигинде транспорт жана инфраструктура жаатындагы аракеттерди синхрондоштуруу бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берет. Анткени, транспортту экономикалык өнүгүүнүн, сооданын жана социалдык бакубаттуулуктун драйвери кылуу – жалпы милдет. 2030-жылга чейинки план бул иштин так багытын аныктайт", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Кызматташтыктын планы ЕЭК менен КМШнын КТК Аткаруу комитетинин биргелешкен ишинин конкреттүү багыттарын жана иш-чараларын белгилейт. Анын максаты — транспорттук тутумдарды туруктуу жана натыйжалуу өнүктүрүү, Евразия мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана өз ара шайкештик үчүн шарттарды түзүү, бул ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүн тездетүү үчүн өтө маанилүү.
27 июнундагы 2025
ЕЭФ-2025те ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларга катышуу маселелери талкууланды
Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин катышуусунда "ЕАЭБдеги мамлекеттик сатып алуулар: чындык, мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар" тегерек столу өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук сатып алуу саясаттарынын стратегиялары жана артыкчылыктары, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мамлекеттик сатып алуулардын интеграциялык потенциалы менен алардын тең салмактуулугу маселелери белгиленди. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо жана мамлекеттик сатып алуулар үчүн электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелеринин актуалдуулугун эске алуу менен мамлекеттик сатып алууларда улуттук режимди камсыздоо механизмдери талкууланды. Тегерек столдун катышуучулары евразиялык интеграция бизнес үчүн жараткан мүмкүнчүлүктөр жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларга жеткирүүчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча андан аркы иштер үчүн милдеттер жөнүндө айтып беришти. Санариптештирүү маселелерине, анын ичинде Бирликтеги "санариптик теңсиздикти" четтетүү жана өз ара сатып алуулардын үлүшүн көбөйтүү жолундагы тоскоолдуктарды четтетүү перспективаларына байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Дискуссияга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, электрондук соода аянтчаларынын жана бизнесинин өкүлдөрү катышышты.
27 июнундагы 2025
ЕЭФ-2025те заманбап атаандаштык саясатынын маселелери талкууланды
Глобалдык өзгөрүүлөрдүн шарттарында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн атаандаштык органдары туш болгон негизги чакырыктар жөнүндө 26-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин катышуусу менен ЕЭФ-2025тин "Заманбап атаандаштык саясаты: чакырыктар жана перспективалар" панелдик сессиясында сүйлөшүү жүрдү. Иш-чарада атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чаралар жана механизмдер, адилеттүү атаандаштык чөйрөсүн түзүүдө мамлекеттин жана бизнестин ролу талкууланды. Чет элдик тажрыйбага өзгөчө көңүл бурулду. Ирандын, Кытайдын, Өзбекстандын атаандаш органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде технологиялык жана рыноктук өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу боюнча иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү. ЮНКТАДдын атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктары жаатындагы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин жана БРИКСтин Атаандаштык укук жана саясат боюнча эл аралык борборунун директорунун темасы боюнча көз карашы сунушталды. Сессиянын спикерлери катары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук органдарынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. "Биз сессияга койгон тапшырмалардын баары аткарылды деп эсептейм. Бул иш-чара Комиссияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө бирликтик рыноктордогу атаандаштык чөйрөсүндө биргелешкен иштин мындан аркы багыттарын түзүүгө жардам берет", – деп жыйынтыктады Максим Ермолович.
27 июнундагы 2025
ЕЭФ-2025те эмгек миграциясы туруктуу экономикалык өсүштүн ресурсу деп аталды
26-июнда Евразия экономикалык форумунун талааларында "Эмгек миграциясы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшү үчүн ресурс катары: ЕАЭБ алкагында квалификациялуу жана илимий адистерди тартуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү" тегерек столу өткөрүлдү, ага Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев катышты. Ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн илимий-технологиялык кызматташтыгынын перспективалары жөнүндө айтып берип, буга байланыштуу ЕАЭБ жөнүндө келишимдин өзөктүү маанисин белгиледи. Анын пикири боюнча, бул документ илим жана технология жаатында өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуп саналат. ЕЭК өкүлү Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана тармактык демилгелерди ишке ашыруу үчүн Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын иштеп чыкканын баса белгиледи. Бирлик өлкөлөрүнүн мындан аркы иштери ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө кабыл алынган декларациянын негизинде түзүлөт. Учурда аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы даярдалып жатат. Алексей Ведевдин сөзү боюнча, Декларацияга киргизилген жана илимий-техникалык жана инновациялык кызматташууга көмөктөшүүгө багытталган маанилүү чаралардын катарында – өнөр жайда жана агроөнөр жай комплексинде инновациялык ыкмаларды киргизүү, энергетика жаатында заманбап технологияларды өнүктүрүү жана башка бир катар чаралар бар.
27 июнундагы 2025
ЕЭФте транспортто санариптик технологияларды киргизүү талкууланды
26-июнда "ЕАЭБде транспортто санариптик чечимдерди киргизүү: кагазсыз технологиялар, автоматташтырылган жана учкучсуз транспорт каражаттары" тематикалык сессиясынын катышуучулары транспорт чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүүнү жана анын Евразиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого тийгизген таасирин талкуулашты. Иш-чара Минскте IV Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү. "Санариптик ролу, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн транспорт тармагында санариптик инструменттерди өз убагында киргизүүнүн маанилүүлүгү өтө чоң, – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов. – Кагаз жүзүндөгү документтерден электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнүн эсебинен 2040-жылга чейин жүк ташуу жана логистика секторунда үнөмдөлгөн каражаттардын көлөмү 25 миллиард евродон ашыкты түзөт". Мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдошуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү учкучсуз тутумдарды өнүктүрүү, кагазсыз технологияларды киргизүү, интеллектуалдык транспорттук тутумдардын мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык транспорттук коридорлорго талаптар, ошондой эле аларды киргизүүнүн экономикалык жана социалдык таасири маселелерин деталдуу карап чыгышты. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Рустан Дженалинов белгилеп өткөндөй, "он жыл аралыгында ЕАЭБдин санарип боюнча практикалык кейси рыноктун субъекттеринин ортосунда маалыматтык өз ара иштешүүнү орнотуудан жана бизнес-процесстерде маалымат алмашуудан санариптик экотутумдарды, технологиялык платформаларды түзүүгө, маалыматтардын чоң көлөмүн талдоону, эсепке алууну же эсептешүүлөрдү талап кылган амбициялуу милдеттерди чечүү үчүн электрондук документтерди жана жасалма интеллектти колдонууга карай өнүгүүдө".
Дагы көрсөтүү