Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
24.10.2019

Тигран Саркисян: "Талкуунун эң мыкты формасы – эгер регионалдык бирикмелер сүйлөшүүлөр столуна отуруп, эмгектин эл аралык бөлүнүшүнүн адилеттүү канондору жөнүндө талкууну башташса"

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-октябрда "ЕАЭБ – Африка: интеграциялык процесстерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн тенденциялары жана перспективалары" деп аталган сессияда глобалдык дүйнөдө теңдешсиздиктердин пайда болушу, кээ бир өлкөлөр тарабынан протекционизмдин колдонулушу сыяктуу көйгөйлөрдүн болушун белгилеп өттү. Аталган иш-чара алгачкы "Россия – Африка" Экономикалык форумунун алкагында болуп өттү.
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-октябрда "ЕАЭБ – Африка: интеграциялык процесстерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн тенденциялары жана перспективалары" деп аталган сессияда глобалдык дүйнөдө теңдешсиздиктердин пайда болушу, кээ бир өлкөлөр тарабынан протекционизмдин колдонулушу сыяктуу көйгөйлөрдүн болушун белгилеп өттү. Аталган иш-чара алгачкы "Россия – Африка" Экономикалык форумунун алкагында болуп өттү.   Сессиянын катышуучулары регионалдык уюмдардын глобалдык дүйнөдөгү кызматташтыгын талкуулашты. Сессиянын модератору Бирликтин "Африка ишкердик демилгеси" багытынын төрайымы Наталия Цайзер болду. Талкууга Африка бирлигинин Комиссиясынын инфраструктура жана энергетика маселелери боюнча комиссары Амани Абу-Зеид, Маврикий Республикасынын Тышкы иштер, регионалдык интеграция жана эл аралык соода министрлигинин тышкы иштер боюнча катчысы Уша Чандни Дварка-Канабади, Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин, Чыгыш Африка коомдоштугунун (ЧАК) генералдык катчысы Либерат Мфумукеко, Замбия Республикасынын Каржы жана экономика институтунун президенти Калеб Фунданга катышышты.   Бүгүнкү күндө орун алып жаткан протекционизм жана соода согуштары темасы жөнүндө сөз кылып жатып, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы аларды саясий көз караш менен гана эмес, глобалдык тарыхый өнүгүү жагынан алып да кароо зарыл. "Көпчүлүк өлкөлөр учурдагы калыптанган экономикалык тутум жана эмгектин эл аралык бөлүнүшү адилетсиз деп эсептешет. Алардын улуттук кызыкчылыктары эске алынбайт жатат, ал эми Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында же регионалдык бирикмелердин, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимдердин алкагында калыптанган канондор алардын адилеттик жөнүндө түшүнүктөрүн толугу менен ишке ашырбай жатат, жана мындай ыкмаларды пайдалануу менен, кыйла балансталган жана туура чечимдерди табуу аракети жасалууда", – деп ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгиледи.   Тигран Саркисяндын пикири боюнча, "талкуунун эң мыкты формасы – эгер регионалдык бирикмелер сүйлөшүүлөр столуна отуруп, эмгектин эл аралык бөлүнүшүнүн адилеттүү канондору жөнүндө талкууну башташса. Бүгүнкү күндө экономикалык бирикмелердин айланып өтүүгө мүмкүн болболгон реалдуулук экендиги, биздин эл аралык сооданын канондорун мыктылоо зарылдыгы жөнүндө келишкендикти камтыган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында да объективдүү түрдө бул дискурстун катышуучулары регионалдык жана экономикалык бирикмелер болушу керек болгон даражага чейин жетилгендигибиз жөнүндө айтып турат", – деп ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгиледи.   Регионалдык экономикалык бирикмелерди түзүү тренди өткөн жылдын ортосунан тарта өнүгүп келүүдө. Бүгүнкү күндө дээрлик 50 мындай бирикме бар. Бирок биргеликте алга жылуу оңоюраак экендиги азыртан эле айкын болууда жана талкууларды талап кылбайт, деп эсептейт ЕЭК Коллегиясынын башчысы.   Глобалдык тренд күчөөдө, интеграциялык процесстер тереңдөөдө, улуттан жогорку органдар түзүлүүдө. "Интеграция тереңдеген сайын, биз регионалдык жана экономикалык бирикмелерге альтернатива жок экендигин көрсөткөн бирдей чечимдерге келип жатканыбызды көрүүдөбүз", – деп Тигран Саркисян жыйынтыктады.   Өз кезегинде Африка бирлигинин Комиссиясынын инфраструктура жана энергетика маселелери боюнча комиссары Амани Абу-Зеид "Африка өлкөлөрүнүн лидерлери континентти интеграциялоонун, фрагменттелген экономикалардан баш тартып, бир кыйла ири экономикалык блокко өтүүнүн зарылдыгы жөнүндө тыяннакка келишти" деп билдирди. Амани Абу-Зеид континенттин чоң потенциалы тууралуу айтып берди. Ар бир конкреттүү сектор үчүн стратегиялар жана пландар иштелип чыккан: "көк" экономика, энергетика рыногу, бирдиктүү санариптик рынок, транспорт тармагы жана башкалар үчүн. Июлдан тарта эркин соода аймагы иштей баштады.    Континенттин калкы тез өсүп жаткандыгына байланыштуу, Африка ар ай сайын миллиондогон жумуш орундарын түзүшү зарыл, бул үчүн интеграция керек. "Ошондой континенттин бүткүл калкы жана бүткүл дүйнө үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Африка континенти – жөн гана рынок эмес, биз интеграция идеясын агрессивдүү түрдө илгерилетүүдөбүз. Биз жолубуздагы бардык чакырыктарды жана татаалдыктарды жеңүүгө багыт алганбыз. Биз биз менен win-win режиминде, башкача айтканда, бардыгы үчүн пайдалуу режимде иштей турган ишенимдүү өнөктөштөрдү издөөдөбүз", – деп баса белгиледи ал.​