Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
01 мартындагы 2017
ЕАЭБ жана ЖЖЭА айкалышуусунда реалдуу алдыга жылуулар бар: инфраструктуралык долбоорлордун тизмелери макулдашылды
Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жүзөгө ашыра турган жана Жибек жолунун Экономикалык алкагын (ЖЖЭА) түзүүнү колдогон артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин түздү. Алардын 39 жаңы жолдордун курулушуна жана эски жолдорду модернизациялоого, транспорттук-логистикалык борборлорду түзүүгө, негизги транспорттук түйүндөрдү өнүктүрүү байланыштуу. Бул туурасында Женевада БУУ Европа экономикалык комиссиясынын Ички транспорт боюнча комитетинин (БУУ ЕЭК ИТК) 70 жылдыгына арналган мааракелик иш чаралардын алкагында ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов билдирди.
28 февралындагы 2017
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички суу жолдоруна жеткилик жеңилдетилиши керек
Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички суу жолдоруна жеткиликти жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Максим Асаул Женевада өткөн БУУ Европа экономикалык комиссиясынын Ички суу транспорту боюнча жогорку деңгээлдеги конференциясында билдирди.
28 февралындагы 2017
Балдар оюнчуктары, аттракциондор жана тиричилик электр шаймандары ЕАЭБ өлкөлөрүндө коопсуз болмокчу
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы чакан көлөмдөгү, бекитилбеген өтө күчтүү магниттерди оюнчуктарда колдонууга тыюу салууну жактырды, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аттракциондорго жана электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында кооптуу заттарга техникалык регламенттердин өткөөл жоболорун аныктады, техникалык жөнгө салуу, өнөр жай жана АӨК, бажылык жөнгө чөйрөлөрүндө бир катар башка маанилүү чечимдерди кабыл алды.
27 февралындагы 2017
ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Бразилия менен кызматташтык Латын Америкасынын башка өлкөлөрү менен ЕАЭБтин байланыштарын бекемдейт”
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн Бразилия жана Түштүк Америка мамлекеттеринин алдыңкы интеграциялык бирикме (МЕРКОСУР) менен соода-экономикалык өз ара иштешүүсүнүн маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жана Бразилиянын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Антонио Луис Эспинола Салгадонун жолугушуусунда талкууланды.
27 февралындагы 2017
ЕАЭБ европалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
“Германиялык бизнес ЕАЭБти түзүүнү экономикалык жактан пайдалуу деп эсептейт”, - деп ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян “Жаңы эрежелер, жаңы мейкиндик - Россиядагы жана ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөр” конференциясынын алдында Россиялык-Германиялык тышкы соода палатасы тарабынан өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын баамдады. Тигран Саркисян жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлери) Карине Минасян жана Мукай Кадыркулов форумдун негизги спикерлери болушту. Форумга Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө учурда бизнес жүргүзүп жаткан же ЕАЭБ өлкөлөрүндө инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жаткан германиялык ишкер чөйрөлөрүнүн 400 ашык өкүлдөрү чогулган.
22 февралындагы 2017
ЕЭК министри Валерий Корешков: “ЕАЭБте саламаттыкты сактоонун жана эл аралык сооданын талаптарына жооп берген дардылар эркин жүгүртүлөт”
Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) Фармакопеяны - дарылардын сапатына талаптардын бирдиктүү жыйындысын түзүү - сапаттуу дары препараттарын өндүрүү үчүн гана эмес, Биримдикте фармацевтикалык өндүрүштү туруктуу өнүктүрүү үчүн да зарыл. Натыйжада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары коопсуз жана сапаттуу дарылар менен камсыздалат.
22 февралындагы 2017
ЕЭК министри Сергей Сидорский: “ЕЭК бизнестин экономиканын реалдуу секторун модернизациялоо жана инновациялык өнүктүрүү боюнча демилгесин колдойт”
Кыска мөөнөттүн ичинде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү макулдашылган өнөр жай саясатын жүргүзүү туурасында макулдашып, инновациялык экономиканы түзүүгө ык-амалдарды калыптандыра алышты. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) бизнестин экономиканын реалдуу секторун модернизациялоо жана инновациялык өнүктүрүү боюнча демилгесин колдойт.
15 февралындагы 2017
Татьяна Валовая: “Евразия экономикалык биримдигинин жана Камбоджа Королдугунун ортосунда соода-экономикалык байланыштардын потенциалын ачуу боюнча масштабдуу жана кызыктуу жумуш алдыда турат”
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Камбоджанын Соода министрлигинин мамлекеттик катчысы Текерес Камранг 13-февралда Пномпенде ЕЭК жана Камбоджа Королдугунун өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүштү.
Дагы көрсөтүү