«Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун программасы Евразия долбоорунун алдында турган чакырыктарга жана анын стратегиялык өнүгүү перспективаларына арналган пленардык отурум менен ачылды. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мейкиндигиндеги Евразия тематикасына арналган эң ири форум эки миңден ашуун катышуучуларды чогултту.
«Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун программасы Евразия долбоорунун алдында турган чакырыктарга жана анын стратегиялык өнүгүү перспективаларына арналган пленардык отурум менен ачылды. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мейкиндигиндеги Евразия тематикасына арналган эң ири форум эки миңден ашуун катышуучуларды чогултту.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөдү. Анын айтуусу боюнча, ЕАЭБди азыртан эле дүйнөлүк экономикадагы негизги оюнчуга айланып келе жаткан, уникалдуу интеграциялык бирикме катары кабыл алууга болот. Бул 180 миллион калкы, 20 млн кв. км аянты бар рынок, ал башкалар үчүн барган сайын кызыктуу болууда, дүйнөнүн ири өлкөлөрү аны менен өнөктөштүк мамиледе болууну каалашууда.
«Бир гана мисал: Бирликтин тышкы соода көлөмү үзгүлтүксүз өсүүдө жана 2018-жылдын натыйжалары боюнча 491 млрд долларга жеткен. 2016-жылга салыштырмалуу бул өсүш 200 млрд түздү. Бизде Кыргызстанда тышкы соода жүгүртүү 1,6 млрд долларга өстү – биздикиндей чакан экономика үчүн бул абдан жакшы көрсөткүч. Биздин өнөктөш өлкөлөрдө да өсүш бар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Талкуунун модератору Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян болду. Спикерлердин катарында – Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев. Ошондой эле, талкууга ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн бизнес-түзүмдөрүнүн жана тармактык бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.
Тигран Саркисян ЕАЭБдин өндүрүүчүлөрү тышкы рынокторго чыгууда башка өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен атаандаштыкка гана эмес, калыптанып жаткан принципиалдуу жаңы технологиялык тартипке да туш келишүүдө, Бирликтин өлкөлөрү биргеликте гана анын бөлүгү боло алышат деп белгиледи.
«Бизде өзүбүздүн жеке санариптик күн тартибибизди түзүүгө тарыхый шанс бар. Биздин артыкчылыктарыбыз эмнеде экендигин түшүнүү жана Евразия бирлиги глобалдык оюнчу боло алышына талаптануу. Биз бул маселени жалгыз чече албайбыз. Эң ири улуттар аралык корпорациялар азыр эле артыкчылыкка ээ, анткени алар абдан чоң маалымат базаларын топтоп алышкан жана алардын негизинде эң оптималдуу жана тез чечимдерди кабыл алышат, натыйжада өз кызматтарын кыйла төмөн баада көрсөтүшөт. Жана бүгүнкү күндө биз бизге бул күрөшкө кирүүгө мүмкүндүк берген долбоорлорду ишке ашыруудабыз».
«Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштеши мүчө мамлекеттерде өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн олуттуу фактор болуп саналат. Аны өнүктүрүү катышуучу мамлекеттердин экономикалык активдүүлүгүнүн жогорулашы үчүн да, алардын инвестициялык жагымдуулугунун өсүшү үчүн да кошумча импульс болот. ЕАЭБге интеграциялануу биздин өлкө үчүн товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчтүн кыймылы маселелеринде көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Бирликке катышуу бизге продукцияны өндүрүү сапатынын стандарттарын жогорулатуу, заманбап лабораториялык инфраструктураны түзүү, тышкы чек аралардагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча ишти жасоого да түрткү берди», – деп Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баса белгиледи.
Форумдун катышуучулары жакынкы келечекке карата Бирликтин экономикалык күн тартиби боюнча сунуштарды түзүштү. Ишмердиктин приоритеттүү багыттарынын катарында санариптештирүү, логистика, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана башкалар белгиленген.
Маалымат
«Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу иш-чара. 2019-жылы форум Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте өткөрүлмөкчү. Иш-чаранын күн тартиби Бирлик жөнүндө келишимдин беш жылдыгынын жыйынтыктарын талкуулоого багытталган. «Евразия жумалыгынын» программасында үч трек боюнча 20дан ашуун аянтчаларды уюштуруу каралган: стратегиялык, өнөктөштүк, жаштар тректери. Форумда 2000ден ашуун адам катышууда.