Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 2023-жылдын 18-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын эгидасы астында Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө Евразиялык экономикалык интеграциянын таасири тематикасы боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин биргелешкен билдирүүсүн сунуштады.
Урматтуу Төрага мырза!
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин – Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия федерациясынын атынан, ошондой эле 2023- жылы ЕАЭБ органдарындагы төрага-мамлекеттин өкүлү катары, ЕАЭБдин алкагында экономикалык интеграция процесстерин өнүктүрүү ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүсүнө кандайча көмөк көрсөтөөрү жөнүндө маалымдагым келет.
Азыркы учурда ЕАЭБ өнүккөн интеграциялык аймактык бирикмелердин бири болуп саналат, анын алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы камсыз кылынат. ЕАЭБдин негизги милдети ага мүчө мамлекеттердин жарандарынын бакубатчылыгын жогорулатуу болуп саналат. Бул максатта кызматташтыктын айрым чөйрөлөрүндө ЕАЭБдин жалпы рынокторун түзүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. ЕАЭБ бүгүнкү күндө — 184,3 миллиондон ашык керектөөчүлөр. Мүчө мамлекеттердин жыйынды ИДӨсү 2 триллион АКШ долларынан ашат.
Евразиялык интеграциянын негизине тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана анын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алуу принциптери, ошондой эле бажы бирлигинин алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз иштөөсү киргизилген. Түзүлгөн тыгыз кызматташтык ага катышкан өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүү булагы катары кызмат кылат.
ЕАЭБдин ар бир мүчө мамлекети улуттук программалык документтерге, стратегияларга жана өнүктүрүү концепцияларына таянуу менен Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча конкреттүү кадамдарды жасайт.
Ошол эле учурда ЕАЭБ алкагындагы экономикалык интеграция ТӨМгө жетишүүгө өбөлгө түзгөн кошумча фактор болуп саналат.
ЕАЭБ регионалдык экономикалык интеграция уюмдарынын арасында интеграциянын тереңдиги менен ТӨМдү ишке ашыруудагы прогресстин ортосундагы өз ара байланышты талдаган биринчи бирикме болду. Күн тартип-2030га жетишүү боюнча биздин жолубузду андан ары баалоо үчүн баштапкы чекити — Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) тарабынан даярдалган жана 2017-жылы БУУ ЭКОСОС Жогорку деңгээлдеги саясий форумунун жүрүшүндө презентацияланган "ЕАЭБ аймагында ТӨМгө жетишүү көрсөткүчтөрү" баяндамасы болду.
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери ЕАЭБдин компетенциясына кирген тармактарда алардын ТӨМгө жетишүүсүнүн оң темптерин канааттануу менен белгилешет.
ЕАЭБ алкагында статистика чөйрөсүндөгү жөнгө салынган иштер, ТӨМгө жетишүүдөгү прогрессти баалоо үчүн интеграциялык бирикменин алкагында эсептелиши мүмкүн болгон көрсөткүчтөрдүн санын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Бул максаттарда мүчө мамлекеттер ЕАЭБди өнүктүрүү артыкчылыктарын эске алган, ТӨМгө жетүү көрсөткүчтөрүнүн тизмесин аныкташкан.
Алсак, ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнө ЕАЭБ алкагында кепилденген товарлардын кыймылынын эркиндиги олуттуу таасирин тийгизет.
Биздин мамлекеттердин жарандары ЕАЭБде ишке ашырылган жумушчу күчүнүн кыймылынын эркиндигинин практикалык артыкчылыктарын сезишет. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттериндеги эмгекчилер үчүн иштөөгө уруксат алуунун, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде берилген билими тууралуу документтерди тастыктоонун зарылчылыгы жок.
Биздин өлкөлөрдүн жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде иштеген өнөктөштөрүбүздүн бизнеси кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун бенефициары болуп саналат. ЕАЭБ алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын жалпы көлөмүнүн 50%га жакыны бирдиктүү эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү укуктук жөнгө салуу режими колдонулган кызмат көрсөтүү секторлорунун саны тынымсыз көбөйүүдө.
Капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттер 2025-жылга чейин финансы рынокторун жөнгө салуу жаатында улуттук мыйзамдарды этап-этабы менен шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашышты. Бул иштин натыйжасы ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун жана ЕАЭБ алкагында каржы рынокторун жөнгө салуу боюнча органды түзүү болуп калмакчы.
ЕАЭБ мүчө мамлекеттери ТӨМгө жетишүүсүндө ЕАЭБдин санариптик күн тартиби олуттуу салым кошту. Атап айтканда, "Чек арасыз жумуш" издөөнүн унификацияланган тутуму жумуш издөөнү кыйла жеңилдетет, ал эми ЕАЭБдин санариптик транспорттук коридорлорунун экосистемасы жана Өнөр жай кооперациясынын евразиялык тармагы рынокко жаңы продукцияны чыгаруу жана үчүнчү өлкөлөр менен кооперацияны күчөтүү процессин тездетет.
ТӨМгө жетишүү көбүнчө климаттык күн тартибин ишке ашыруунун натыйжалуулугу менен байланыштуу. Биздин беш өлкө туруктуу жана заманбап энергия булактарына жалпыга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Климаттык технологиялардын жана санариптик, анын ичинде көмүртек изин эсепке алууга тиешелүү демилгелердин банкы түзүлгөн, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жашыл долбоорлорунун критерийлеринин тизмеси бекитилген.
ТӨМгө жетишүүдө эл аралык кызматташтык маанилүү. ЕАЭБ интеграциялык түзүмдөрдүн тең укуктуу диалогун жактайт жана муну дүйнөлүк экономикалык архитектуранын кыйла натыйжалуу иштешинин ачкычы катары көрөт.
Мындай мамилени дүйнөнүн башка аймактарындагы өнөктөштөрүбүз тең бөлүшө тургандыгын канааттануу менен белгилейбиз.
Ошондой эле БУУ, анын аймактык комиссиялары жана БУУ системасынын уюмдары регионалдык кызматташуу маселелерине көңүл буруусун жогору баалайбыз.
ТӨМгө жетишүүгө багытталган экономиканын тармактарын реформалоо боюнча мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөөгө кызыкдарлыгыбызды билдиребиз, бул ЕАЭБдин андан ары өнүгүү стратегиясын аныктоонун алкагында өзгөчө маанилүү болуп саналат.
ТӨМгө жетишүү — жалпы иш, бул үчүн күч-аракеттерди бириктирүү жана эл аралык мамилелердин бардык катышуучулары болгон ресурстарды мобилизациялоосу зарыл.
Маалымат
2017-жылы ЕЭК БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) эгидасы астында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында "ЕАЭБ аймагында буу ТӨМгө жетишүүсү" биринчи баяндамасын сунуштаган. Документте интеграциянын тереңдиги менен ТӨМдү ишке ашыруудагы прогресстин ортосундагы байланыш талданган.
ЕЭК ЭКОСОСТУН эгидасы астында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун аянтчасында ЕАЭБ алкагында ТӨМ жетишүүгө евразиялык интеграциянын таасири жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз берип турат жана тиешелүү сайд-ивенттерди өткөрөт.
Комиссия ТӨМ жаатындагы өз иштеп чыгууларын, анын ичинде БУУнун аймактык комиссияларынын аянтчаларында сунуштайт. 2023-жылдын мартында ЕЭК БУУ ЭСКАТО эгидасы астында туруктуу өнүктүрүү боюнча 10-Азия-Тынч океан форумунун алкагында сайд-ивент уюштурган.
2022-жылдын аягында Евразия экономикалык комиссиясы "Евразия экономикалык бирлигинин аймагында туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетишүү" жыйнагын жарыялаган. Жыйнакта Евразия экономикалык бирлигинде 2017-2021-жылдар үчүн ТӨМдүн регионалдык тизмесинин көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча статистикалык маалыматтар көрсөтүлгөн. Регионалдык тизмекке 130 индикатор, анын ичинде глобалдык деңгээлде мониторинг жүргүзүү үчүн сунушталган 63 индикатор, ошондой эле ЕАЭБде өнүгүүнүн артыкчылыктарын чагылдырган 67 индикатор кирген.