Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6150
26 июнундагы 2025
Андрей Слепнев ЕАЭБ-Монголия тегерек столуна жана ЕАЭБ-БАЭ бизнес-диалогуна катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Минскте өткөн IV Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн ЕАЭБ-Монголия тегерек столунда сөз сүйлөп, тараптардын өз ара мамилелеринин терең тарыхый катмары жана тыгыз байланыштар келечекти ишенимдүү курууга мүмкүндүк берерин белгиледи. "Дүйнө экиге бөлүнүп, чыр-чатактар чыгып жаткан азыркы шартта жакынкы коңшулар менен мамилени чыңдоо албетте өтө маанилүү", — деп баса белгиледи Андрей Слепнев. ЕЭК министринин сөзү боюнча, ЕАЭБ менен Монголиянын ортосунда убактылуу соода макулдашуусу боюнча болуп өткөн сүйлөшүүлөрдү достук жана өнөктөштүк деп атоого болот, анткени болгон бардык кыйынчылыктар лидерлердин саясий эркин эске алуу менен жана жалпы ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн аркасында ийгиликтүү чечилди. "Акыркы беш жылда биздин товар жүгүртүү чейрекке өстү. Ошону менен бирге, негизги көйгөйлөрдүн бири — монголиялык рынокко биз тараптан жеткирүүлөр салыштырмалуу кыйла көп болуп, алардан бизге жеткирүүлөр аз болуп, чоң тең салмаксыздык жаралып жатат. Ошондуктан, ЕАЭБде монголиялык товарлардын катышуусун кеңейтүү милдети биз үчүн биздин товарларды Монголияга илгерилетүүдөн кем эмес артыкчылыктуу болуп саналат", – деп белгиледи Андрей Слепнев. Анын айтымында, өнөктөш эт, кийим-кече буюмдары жана башка көптөгөн багыттар боюнча тең салмакты бекемдөөгө жакшы салым кошо алат. Макулдашуунун убактылуу мүнөзүнө жана товардык камтуунун чектелгендигине карабастан, ал Монголияга металлургия, моторлуу транспорт каражаттары, химиялык өнөр жай, шиналар, жыгач иштетүү, айыл чарба товарлары сыяктуу тармактарда ЕАЭБдин продукциясынын 90%га жакынын камтыйт. "Эмнени жакшыраак ойлонушубуз керек? Биз макулдашууга жөнгө салууга тиешелүү бир катар маселелерди киргиздик: алар бажы, электрондук соода, техникалык регламенттер, санитардык чаралар, тармактык кызматташтык", – деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча министри жана бул чөйрөлөрдүн баары "ачыла элек" деп кошумчалады. Мындан тышкары, Монголия континенталдык сооданын маанилүү катышуучусу болуп саналат. Азыркы учурда ЕАЭБ – Монголия – Кытай байланышында өнүгүп жаткан энергетика же транспорт жаатындагы долбоорлор абдан маанилүү жана келечектүү болуп саналат. Ошондой эле Андрей Слепнев ЕАЭБ-БАЭ бизнес-диалогуна катышып, анын жүрүшүндө Бириккен Араб Эмираттары Жакынкы Чыгыш регионуна дарбаза болуп саналат деген сөздөр – бул жөн эле сөз эмес, өлкө логистикага, портторго, инфраструктурага, соода байланыштарына жана экономикалык зоналарга жүргүзгөн ири инвестицияларга негизделген далилденген факт экендигин өзгөчө белгиледи. "Биз экономикалык өнөктөштүк тууралуу макулдашууга кол коюп жатканыбыз маанилүү, анткени ал белгилүү бир деңгээлде бизди БАЭде жана бүтүндөй региондо болуп жаткан өсүш толкунуна кошот", — деп баса белгиледи ЕЭКтин соода министри. Кеп, анын ичинде, өндүрүштө кооперацияны кеңейтүү жана "Түндүк – Түштүк" коридорун өнүктүрүү жөнүндө болууда, анда БАЭ маанилүү хаб болуп саналат, ал эми ЕАЭБдин бир катар башка өлкөлөрү менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзгөн же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Андрей Слепнев бизнес-диалогдун катышуучуларына акыркы он жылда ЕАЭБдин Эмираттар менен соодасы беш эседен ашык эсеге өскөндүгү жөнүндө маалымдады, ал эми макулдашуунун долбоору товар жүгүртүүнүн 90%дан ашыгын либералдаштырууну камтыйт. "Бул келишим жөн гана эркин соода жөнүндө эмес, тактап айтканда, ал экономикалык өнөктөштүк жөнүндө. Бул планда биз үчүн ал уникалдуу жана алдыңкы болуп саналат – бизде тышкы өнөктөштөр менен мындай терең келишимдер болгон эмес", – деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча министри. Сөзүнүн соңунда ал тараптардын бизнес өкүлдөрүн келишимде каралган мүмкүнчүлүктөрдү иш жүзүндө пайдаланууга аракет кылууга чакырып, бул өз ара сооданын учурдагы көлөмүн кыйла көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Бул багытта ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар тармагында БАЭ менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр да өбөлгө түзмөкчү. Мурда маалымдалгандай, 27-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун талааларында ЕАЭБдин Монголия менен убактылуу соода келишимине жана ЕАЭБ менен БАЭ экономикалык өнөктөштүгү тууралуу макулдашууга кол коюлушу күтүлөт.
26 июнундагы 2025
Арзыбек Кожошев Беларустун энергетика министри Денис Мороз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев IV Евразия экономикалык форумунун талааларында Беларусь Республикасынын энергетика министри Денис Мороз менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун жана жалпы газ рыногун түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Тараптар евразиялык "бешилтиктин" башчылары газ рыногу жөнүндө концептуалдуу чечим кабыл алышканын жана азыр өлкөлөрдүн алдында аны өнүктүрүү планын даярдоо милдети турганын белгилешти. Ошондой эле электр энергиясынын жалпы рыногун (ЖЭР) ишке киргизүү үчүн кыска мөөнөттө кошулуу жөнүндө келишимдин формасы боюнча ишти аяктоо керектиги баса белгиленди. Бул – ЖЭРдин иштеши үчүн зарыл болгон документтер топтомунун акыркысы. Сапардын жүрүшүндө ЕЭК делегациясы Беларусь Республикасынын бириккен энерготутумунун объектилерине, анын ичинде Брест объектилерине барды жана электр энергиясын генерациялоонун технологиялык негизи, алдыңкы тажрыйба жана технологиялар менен таанышты. "Дүйнөлүк тенденцияларга жана технологияларга шайкеш келген энергия булактарын жана тармактык инфраструктураны модернизациялоону камсыздоо шарттарында энерготутумдун туруктуу иши Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөө шарттарында ийгиликтүү иштин өбөлгөсү болуп саналат",– деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
26 июнундагы 2025
ЕАЭБ алкагында стандартташтыруунун актуалдуу маселелери профилдик органдардын Жетекчилеринин кеңешинде каралды
Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий 26-июнда Минскте IV Евразия экономикалык форумунун ишкер программасынын алкагында ЕАЭБдин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жетекчилеринин кеңешинин отурумуна катышты. Отурум Беларусь Республикасынын стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгы алдында өттү. Жетекчилер кеңеши коопсуздук талаптарынын илимий-техникалык деңгээлин эске алуу бөлүгүндө, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине карата далил базасын түзүү жана актуалдаштыруу маселелерин жөнгө салуучу тиешелүү Тартиптерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштердин жүрүшүн талкуулады. Тиешелүү документтердин долбоорлору Комиссия тарабынан даярдалган. Өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугу үстүбүздөгү жылы техрегламенттердин илимий-техникалык деңгээлин баалоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштердин жана 2025-жылдын январында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин буйругу менен бекитилген 2030-жылга чейин аларды өткөрүү планына ылайык аларга карата стандарттардын тизмесинин башталышы менен шартталган. Бирликтин техрегламенттерине мамлекеттер аралык стандарттарды (МАМСТ) иштеп чыгуу боюнча программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, аны Комиссия жыл сайын Бирликтин алкагында стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибине ылайык өткөрөт. Болуп өткөн талкууларды эске алуу менен Комиссия мындай практиканы четтетүү боюнча алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында МАМСТны иштеп чыгуу боюнча мындай программалардын аткарылбагандыгынын/өз убагында аткарылбагандыгынын себептери жөнүндө аналитикалык маалыматты даярдайт. Ошондой эле мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаларды ишке ашыруунун көйгөйлүү маселелерин кароонун жана ЕЭКтин стандартташтыруу боюнча Комитетчесинин отурумдарында аталган программалардын алкагында иштелип чыккан мамлекеттик стандарттарга бардык беш өлкөнүн кошулуусунун натыйжалуулугу белгиленди. Бул практиканы улантуу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу боюнча иштердин артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу боюнча беларус демилгесин жана Жетекчилер кеңешинин 2025-2027-жылдарга карата иш планынын долбоорун талкуулашты. Аталган документтердин долбоорлору стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын сунуштарын эске алуу менен Жетекчилер кеңешинин кезектеги отурумунда талкууланат. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилер кеңеши техникалык жөнгө салуу жаатында стандартташтырууну өнүктүрүү үчүн Бирликтин көмөкчү органы катары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен түзүлгөн.
26 июнундагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт министрлери стратегиялык документтерди даярдоону талкуулашты
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши 26-июнда ЕЭФ-2025 талааларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн координацияланган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарынын жана этаптарынын аткарылышын карап чыкты. Отурумга ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев катышты. Документ үч жылдык мезгилге жол карталарынын негизинде ишке ашырылат. Арзыбек Кожошев белгилегендей, 2024-жылдын октябрында өкмөт башчылары жакынкы үч жылга жол картасын бекитип, бул документтин иш-чараларынын тизмесин кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгууну тапшырышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кесиптик даярдоо жана компетенцияларды жогорулатуу маселелери боюнча кызматташууга тиешелүү иш-чаралардын эсебинен жол картасын толуктоо чечими кабыл алынды. ЕЭК министри Жетекчилер кеңешине ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясына ылайык, транспорттук-логистикалык потенциалды түзүү үчүн ишке ашырыла турган иш-чараларды макулдашуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдады. Арзыбек Кожошев Декларацияны ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоорунда 22 механизмдин ичинен 20сы же болжол менен 91% макулдашылганын белгиледи. Эки маселе боюнча принципиалдуу пикир келишпестиктер сакталып турат, алар аба транспорту жана жүк ташуучу автомобилдик ташуулар кызматтарын либералдаштыруунун узак мөөнөттүү келечегине тиешелүү. Отурумдун алкагында евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын ишке ашыруу, атап айтканда, евразиялык транспорттук коридорлордун айрым участокторун өнүктүрүү, "тар жерлерди" аныктоо жана жоюу боюнча ишке ашырылып жаткан иш-чаралар каралды. Санариптик күн тартибинин контекстинде транспорттогу санариптештирүү, жогорку автоматташтырылган учкучсуз жана автономдуу транспорт каражаттарын колдонуу, ЕАЭБдин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) көзөмөлдү маалыматтык камсыздоо маселелери, атап айтканда, № 46 жалпы процесстин алкагында технологиялык тестирлөөнү өткөрүүгө улуттук тутумдардын даярдык деңгээли жана аларды интеграцияланган форматта өнөр жайлык пайдаланууга киргизүү каралды. Анын башкы милдети — Бирликтин тышкы чек арасынан өтүүчү жүк ташуучу автомобилдерди транспорттук контролдоо жол-жоболорун өркүндөтүү. Бул процессти киргизүү ЕАЭБге кирүүдө жүк агымдарын контролдоого жооптуу улуттук ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга тийиш. Отурумдун катышуучулары эл аралык аянтчалардын талааларында: Казакстан Республикасында Транспорт жумалыгынын алкагында, Санкт-Петербургда Эл аралык транспорттук-логистикалык форумда, ошондой эле БУУнун Женевадагы штаб-квартирасында Евразия күндөрү транспорт жаатындагы иш-чаралардын графигин талкуулашты. Минскте өтүп жаткан иш-чаралардын алкагында Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык форумунун панелдик сессияларына катышышты.
26 июнундагы 2025
ЕЭФ-2025 талааларында Комиссиянын бизнес-коомдоштугу менен диалогунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды
Евразия экономикалык форуму – 2025тин ишкер программасынын алкагында ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңешинин онунчу отуруму болуп өттү. Катышуучулар ЕАЭБдин өнөр жай саясаты жөнүндө бизнестин маалымдуулугун жогорулатуу, ишкерлердин укуктарын коргоо жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү сыяктуу негизги маселелерди талкуулашты. Жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) жол-жоболорун кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бизнестин ЖТБга кызыгуусу ЕАЭБ алкагында бул инструментти өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. 2024-жылдын февралынан тартып ЖТБ жол-жобосу Бирликтин эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна карата колдонулат, ошондой эле ЕЭКтин буга чейин колдонулуп жаткан чечимдерине карата иш жүзүндөгү таасирди баалоо (ИТБ) киргизилген. Казакстандын демилгеси боюнча "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча планды даярдоонун алкагында ЕАЭБдин эл аралык келишимдерине ИТБны жайылтуу жөнүндө маселе иштелип чыгууда. Жол-жоболор бизнеске тийгизген таасирин баалоодо жөнгө салуунун бардык этаптарын — ченемдерди иштеп чыгуудан тартып колдонууга чейин — толук камтууга багытталган. Ошону менен бирге, катышуучу-өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы ИТБ өткөрүү жөнүндө сунуш жөнөтсө, ЕЭК аны кароого милдеттүү. Буга байланыштуу ишкер коомдоштуктун өкүлдөрүн колдонуудагы чечимдерди баалоо боюнча демилгелерди түздөн-түз Комиссияга, ошондой эле улуттук ведомстволор аркылуу жигердүү жөнөтүүгө чакырышты. "Бүгүнкү талкуунун жыйынтыктары биздин приоритеттүү багыттардагы ишибизге жаңы дем берет. Биз ишкердик ишмердикти тең салмактуу жөнгө салууну камсыз кылуу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин интеграциясын тереңдетүү үчүн шарттарды түзүүнү улантабыз", – деп белгиледи Бахыт Султанов. Бизнес менен жөнгө салуучулардын ортосунда болуп өткөн диалог ЕАЭБде өз ара аракеттенүү механизмдерин бекемдейт, интеграциялык процесстерди тереңдетет жана негизги өнөктөштөр менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтет. Консультативдик кеңештин ишмердигинин максаты ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин ЕЭКтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн багыттарын жана перспективаларын аныктоо маселелери боюнча диалогун камсыз кылуу болуп саналат. Консультативдик кеңеш ЕЭК Коллегиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы № 121 чечими менен ЕЭК жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Консультативдик кеңештин курамына Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрү жана алар аныктаган Комиссиянын кызмат адамдары жана кызматкерлери, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин Президиумунун мүчөлөрү жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Комиссиянын компетенциясына кирген өз ара аракеттенүүнүн өзүнчө чөйрөлөрү боюнча ар бир бизнес-коомдоштуктан 20дан өкүл кирет.
26 июнундагы 2025
ЕАЭБ жана Куба өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрү соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты
Евразия экономикалык форуму-2025 аянтчасында "Куба: ЕАЭБ менен Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр" диалог-презентациясы болуп өттү. Иш-чарага катышкан эксперттер Куба Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Латын Америка регионунун өлкөлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын байланыштыруучу көпүрө болушу мүмкүн деген пикирге келишти. Евразия экономикалык комиссиясынын атынан иш-чарада Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян катышты. "Куба ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет катары биздин күн тартипке жакшы катышат, Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин аймагындагы Бирликтин негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат. 2018-жылы ЕЭК менен Куба Өкмөтүнүн ортосунда кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Өз ара иштешүү боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөн. Кубанын өкүлдөрү ЕАЭБдин алкагында бардык деңгээлдеги органдардын отурумдарына катышышат жана евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташуунун өздүк демилгелерин сунушташат, – деп белгиледи Микаел Беллуян. ЕЭК өкүлү Бирлик мамлекеттеринин бизнесинин Куба менен туризм, фармацевтика, айыл чарба, химиялык өнөр жай, маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөлөрүндө кызматташууга өсүп жаткан кызыгуусун баса белгиледи. Ал иш-чарага катышкан компаниялардын өкүлдөрүн ушул жылдын экинчи жарым жылдыгында ЕЭК — Куба Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен комиссиясынын Москвада өтө турган кезектеги отурумунун ишине кошулууга чакырды. Соода палатасынын вице-президенти Таня Агиар Фернандес башында турган кубалык делегация Кубадагы логистикалык хабдын долбоорун сунуштады, ал Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин аймагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транзитин жана экспорттук потенциалын жүзөгө ашырууну жеңилдетүүгө багытталган. Кубанын өкүлдөрү ЛАИ, АЛБА жана КАРИКОМ сыяктуу регионалдык түзүмдөрдүн алкагында иштеп жаткан соода келишимдеринин айрым аспектилери жана Кубада өндүрүш ачкан чет элдик ишкерлерге берилген мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат беришти. Чыгып сүйлөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү кубалык демилгелерди талкуулашты.
26 июнундагы 2025
Бирлик өлкөлөрүнүн экономика министрликтеринин жетекчилери евразиялык интеграциянын жыйынтыктарын жана перспективаларын талкуулашты
26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун талааларында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун катышуусу менен Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономика министрликтеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Евразиялык интеграциянын негизги жыйынтыктары жана аны андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды. ЕЭК министри Стратегия-2025ти ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымдады. Атап айтканда, ал мындай деп белгиледи: "Быйылкы жыл — бул документтин милдеттерин аткаруу жагынан алып караганда акыркы жыл. Биз аткаруунун жетишээрлик жогорку натыйжаларын көрүп жатабыз, жана Комиссия мүчө мамлекеттер менен бирге бул этапты татыктуу аяктоо үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо". Эльдар Алишеров белгилегендей, 2026-жылы Бирлик жаңы стратегиялык документтин — 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын жоболорун ишке ашырууга өтөт. Декларацияда евразиялык интеграциянын артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн негизги дүйнөлүк тенденцияларына ылайык келген жаңы перспективалуу милдеттер чагылдырылган. ЕЭК жана мүчө мамлекеттер ушул жылы Декларацияны ишке ашыруу боюнча жол картасын даярдоону аяктоону пландаштырууда. 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон негизги чараларды жана механизмдерди камтыган программалык документ болуп саналат. "Евразия экономикалык жолу" декларациясы — 2045-жылга чейинки мезгилге негизги стратегиялык документ.
26 июнундагы 2025
Гоар Барсегян: "Кооперация евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн жарандарын тамак-аш азыктары менен камсыздоо үчүн стратегиялык инструментке айланууда"
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян 26-июнда Минскте ЕЭФ-2025те "ЕАЭБдеги кооперация — АӨКтү натыйжалуу өнүктүрүүгө жол" тегерек столунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында агроөнөр жай комплексинин көрсөткүчтөрүнүн туруктуу өсүшүнө көңүл бурду. ЕЭК министри интеграциялык бирикме түзүлгөн учурдан тартып, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 25%га өскөнүн, өз ара соода 1,8 эсе көбөйгөнүн, тышкы жеткирүүлөр эки эседен ашык өскөнүн белгиледи. Ошол эле учурда ЕАЭБ бюджетинин каражаттарынын эсебинен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо мүмкүнчүлүгү менен байланышкан, агрардык тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн потенциал бар. "Кооперация, маңызы боюнча, евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн жарандарын тамак- аш азыктары менен кепилденген камсыздоо жана тышкы конъюнктуралык туруксуздуктан биздин көз карандылыгыбызды төмөндөтүү үчүн стратегиялык инструмент болуп калууда", — деп баса белгиледи Гоар Барсегян. Тегерек столдун жүрүшүндө кооперацияны өнүктүрүү үчүн келечектүү багыттар жана долбоорлор талкууланды, анын ичинде каржылык колдоо механизмин колдонуу менен мамлекеттер аралык кызматташуу тажрыйбасы каралды. Дискуссиянын катышуучулары буга байланыштуу мамлекеттик органдардын, ишкерлердин жана каржы институттарынын диалогун тереңдетүү зарылдыгына көңүл бурушту. Ошондой эле тармактык кызматташтыктын механизмдери ЕЭФ-2025 талааларында ЕАЭБ Ишкер кеңешинин Президиумунун 26-отурумунун алкагында каралды. Тегерек столго ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик башкаруу органдарынын, ишкер жана илимий чөйрөлөрүнүн, үчүнчү өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын модератору "Беларусь Республикасынын өнүктүрүү банкы" ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Роман Бродов болду.
Дагы көрсөтүү