Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
27 майындагы 2025
ЮНСИТРАЛ — ЕЭК вебинарлары эл аралык соода укуктарын өнүктүрүү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатат
26-майда Евразия экономикалык комиссиясынын колдоосу менен БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) биринчи вебинары болуп өттү. Ал ЮНСИТРАЛдын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана эл аралык соода укуктарын өнүктүрүү боюнча ишке Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жана кесиптик коомдоштугунун өкүлдөрүн тартууга багытталган окутуу сессияларынын циклин ачты. Катышуучуларга саламдашуу сөзү менен ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директору Ернар Бакенов жана ЮНСИТРАЛ катчылыгынын өкүлү Самира Мусаева кайрылышты. Соода укугу жаатындагы мыкты тажрыйбалар менен өз ара аракеттенүүнү жана алмашууну бекемдөө контекстинде эл аралык уюмдар менен мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматташуусунун маанилүүлүгү баса белгиленди. ЮНСИТРАЛ катчылыгынын кызматкерлери уюмду кеңири тааныштырышты — анын тарыхынан жана түзүмүнөн баштап, эл аралык соода укугунун жетишкендиктерине жана келечек пландарына чейин айтып беришти. Кийинки мындай иш-чара 2025-жылдын 4-июлунда Москва убактысы боюнча саат 11:00дө өткөрүлөрү жана ал ЮНСИТРАЛдын адистештирилген иш багыттарына арналары күтүлөт. Алардын ичинде — кудуретсиздик жөнүндө мыйзамдар, эл аралык ортомчулук жана арбитраж, инвесторлор менен мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу тутумун реформалоо жөнүндө сөз болору күтүлөт. ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаменти кызыкдар тараптарды эл аралык соода укугунун өзөктүү аспектилерин терең изилдөөгө арналган вебинарга катышууга чакырат. ЮНСИТРАЛ (UNCITRAL) — БУУнун эл аралык соода укугу боюнча комиссиясы. 1966-жылы эл аралык соода укугун унификациялоого жана шайкеш келтирүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн. БУУнун эл аралык соода укугу боюнча негизги юридикалык органы болуп саналат.
26 майындагы 2025
Данга карата техрегламентке стандарттардын жаңыртылган тизмеси күчүнө кирет
28-майда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында "Дандын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке (ББ ТР 015/2011) сыноо ыкмаларына стандарттардын актуалдаштырылган тизмеси күчүнө кирет. Жаңы редакцияда тизме Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тарабынан 2024-жылдын 26-ноябрында кабыл алган. Ага 163 документ киргизилген, алардын 89у жаңы же жаңыртылган. Алардын ичинде 96 мамлекеттер аралык стандарттар бар, алардын ичинен 28и ISO (ИСО) эл аралык стандарттарынын жана EN жана CEN регионалдык стандарттарынын негизинде, 7 – Беларусь Республикасынын мамлекеттик стандарттарынын, 15 – Казакстан Республикасынын улуттук стандарттарынын, 16 – Россия Федерациясынын улуттук стандарттарынын негизинде иштелип чыккан. Стандарттардын тизмесине биринчи жолу киргизилген стандарттарды жана методикаларды эске алуу менен сыноо лабораторияларын өз убагында аккредитациялоо максатында, аталган чечим менен стандарттардын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күндөн кийин күчүнө кирээри каралган.
26 майындагы 2025
Георгий Арзуманян: "ЕЭКтин колдоо инструменттерин колдонуу менен өз ара пайдалуу кызматташтык ЕАЭБдеги өнөр жай комплекстеринин туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет"
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманяндын жетекчилиги астында жыл сайын өтүүчү "Азот Синтезгаз Россия жана КМШ" эл аралык конгрессине катышышты. Георгий Арзуманян катышуучуларга Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикаларын өнүктүрүүнүн драйверлеринин бири катары өнөр жай кооперациясын колдоонун каржылык жана каржылык эмес инструменттерин пайдалануунун максаттары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ал бардык мүчө мамлекеттердин потенциалын пайдалануу менен кошумча нарк тизмегин түзүүдө химиялык өнөр жай ишканаларынын активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, бизнести биргелешкен кооперациялык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүүнүн улуттуктан жогорку механизминин алкагында долбоордук демилгелерди түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишке жигердүү кошулууга чакырды. "Реалдуу секторго колдоонун жаңы инструментин киргизүү айрым өнөр жай ишканаларынын каржылык туруктуулугуна гана эмес, бүтүндөй евразия мейкиндигинде технологиялык өнүгүү жолунда бизнес-процесстерге дем берүүгө өбөлгө түзөт", – деп баса белгиледи Георгий Арзуманян. Конгресске катышуу бизнес-коомдоштугун Комиссияга ЕАЭБ алкагында экономикалык ишмердиктин артыкчылыктуу түрлөрү боюнча өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген ыйгарым укуктар жана инструменттер жөнүндө маалымдоого өбөлгө түздү. "Өнөр жай кооперациялык долбоорлоруна көмөк көрсөтүүнүн улуттуктан жогорку механизминин алкагындагы биринчи долбоорлордун оң ишке ашырылышы Бирлик мамлекеттеринин башка кызыкдар ишканалары үчүн түрткү болот деп ишенем. Кооперацияны колдоонун жаңы чарасы ишкерлердин кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүүгө, биздин өлкөлөрдүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана технологиялык өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгууга жардам берерине ишенгим келет", – деп белгиледи Георгий Арзуманян. "Азот Синтезгаз Россия жана КМШ" конгресси синтез-газды кайра иштетүү тармагындагы ири ишканаларды куруу жана модернизациялоо боюнча практикалык тажрыйба алмашууга, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларга инвестицияларды тартуу, Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө азот, метанол, аммиак жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү ишканаларды техникалык жана технологиялык өркүндөтүү маселелерине арналган.
26 майындагы 2025
ЕЭКтин Энергетика департаментинин директорунун орун басары болуп Эльмира Арапова дайындалды
Эльмира Ермековна Арапова Карагандада (Казакстан Республикасы) туулган. 1995-жылы Е.А. Букетов атындагы Караганда Мамлекеттик университетин эл аралык укук адистиги боюнча, 2004-жылы Караганда Финансы Институтун бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 2000-жылы "КТЭК" ЖЧКсында баштаган. 2001-жылдан 2008-жылга чейин "Караганда Жылу" ЖЧКсында иштеген. 2008-2010-жылдары Казакстан Республикасынын Энергетика жана минералдык ресурстар министрлигинде Мунай өнөр жайын өнүктүрүү департаментинде иштеген. 2010-жылдан 2024-жылга чейин Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын майына чейин — Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин Мунайды ташуу жана кайра иштетүү департаментинин директорунун орун басары. 2025-жылдын 20-майынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
26 майындагы 2025
IV Евразия экономикалык форуму Минск шаарында ЕЭФ-2025ке катталуунун башталышы жөнүндө жарыялайт
2025-жылдын 26-27-июнунда Минск шаарында Минск эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында өтө турган IV Евразия экономикалык форумуна (ЕЭФ-2025) катышуучуларды каттоо башталды. Форумдун башкы темасы — "Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана перспективалар". Форумдун архитектурасы алты чоң тематикалык блокту камтыйт. ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрү максималдуу камтылган: каржы чөйрөсү, өнөр жай жана АӨК, энергетика, техникалык жөнгө салуу жана ветеринария, ЕАЭБдин ички рыногун өнүктүрүү, соода, транспорт, бажылык жөнгө салуу, мамлекеттик сатып алуулар, статистика ж. б. Форумдун иштиктүү программасына ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу менен пленардык отурум, ошондой эле 30дан ашык тематикалык иш-чаралар: пленардык сессиялар, тегерек столдор, бизнес-диалогдор киргизилген. ЕЭФ-2025 форуму евразиялык мейкиндикте аралык кызматташтыктын маанилүү окуясы болмокчу. Иштиктүү программага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегаттары гана эмес, байкоочу мамлекеттер: Иран, Куба, Өзбекстан да катышат. Форумга ошондой эле БАЭ жана Монголиядан расмий делегациялар катышат. ЖМК өкүлдөрүн IV Евразия экономикалык форумунун иш-чараларын чагылдырууга кошулууга жана анын бардык негизги окуялары жөнүндө эң актуалдуу маалыматка жеткилик алууга чакырабыз. Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү 2025-жылдын 26-майынан 18-июнуна чейин. Аккредитациядан өтүү үчүн каттоо формасын толтуруу керек. Аккредитациялоо тартиби шилтеме боюнча жеткиликтүү. ЕЭФ-2025 программасы менен кененирээк https://forum.eaeunion.org/ сайтынан таанышууга болот. Форумдун негизги иш-чараларын өткөрүү орду Минск эл аралык BELEXPO көргөзмө борбору болот (Минск ш., П. Медёлки көч., 24). Евразия экономикалык форуму Бирликтин органдарында — Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана ЕЭК Кеңешинде төрагалык кылган ЕАЭБ мамлекетинде жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин ишкердик иш-чарасы болуп саналат. Форум ЖЕЭКтин 2019-жылдын 1-октябрындагы № 16 чечиминин негизинде өткөрүлөт. Иш-чара анын мүчө мамлекеттеринин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилеринин, Бирликтин алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар болгон мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусуна багытталган. I Евразиялык экономикалык форум 2022-жылдын май айында Бишкекте өткөн. II Евразиялык экономикалык форум 2023-жылдын май айында Москвада өткөн. III Евразия экономикалык форуму 2024-жылдын 30-сентябрынан 1-октябрына чейин Ереванда өткөн. 2025-жылы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде учурда төрагалык кылуучу өлкөнүн укугунда Форумду Беларусь кабыл алат.
23 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев: "Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрү улуттуктан жогорку биримдикти өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди улантууда"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 23-майда ЕЭКтин штаб-квартирасында Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, ЕЭК Кеңешинин Төрайымы Наталья Петкевич менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕЭК Коллегиясынын башчысы Наталья Петкевичти жакында жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. Маектин жүрүшүндө евразиялык интеграциянын бир катар маселелери, анын ичинде 2025-жылдын 23-майында Комиссиянын Кеңешинин отурумунун күн тартибине киргизилген маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу болду. "Бүгүн биз Евразия экономикалык бирлигинин ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө кыркка жакын маселени карашыбыз керек, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрү биздин улуттуктан жогорку бирикмебизди өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди улантууда". Тараптар ЕАЭБдин потенциалы мүчө мамлекеттерге Бирликтин ичинде да, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерде да салмактуу жаңы экономикалык натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдиришти.
23 майындагы 2025
ЕАЭБдин ташууга жана пайдаланууга даярдалган табигый күйүүчү газга карата техрегламентине өзгөртүүлөр киргизилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 23-майда өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган табигый күйүүчү газынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр ишкердик иш үчүн ашыкча тоскоолдуктарды четтетүүгө жана жаратылыш газынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн көйгөйлүү практикасынын маселелерин жөнгө салууга багытталган. Бирликтин рыногунда продукциянын шайкештигин жана жүгүртүлүшүн баалоо жол-жоболору, ошондой эле техрегламентте белгиленген айрым терминдер, аныктамалар жана формулалар такталды. Газды жеткирүүчүлөр тарабынан газдын сапатынын паспортун тариздөөдө лабораториялык каражаттар менен катар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарынын талаптарына жооп берген агымдык (өнөр жайлык) өлчөө каражаттарын (б. а. автоматтык режимде агымдагы продукциянын көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз өлчөө үчүн арналган) колдонуу мүмкүнчүлүгү каралды (сыноолорду жүргүзүү боюнча альтернатива аныкталды: өздүк сыноо лабораториясында же жеткирүүчүнүн агымдуу өлчөө каражаттарын пайдалануу менен, же Бирликтин бирдиктүү реестриндеги аккредиттелген лабораторияда). Техрегламентти колдонуу жаатынан даярдоочу тарабынан өзүнүн муктаждыктары үчүн гана пайдаланылуучу жаратылыш газы, ошондой эле аны үчүнчү өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнө транзиттөө үчүн чет өлкөлүк өндүрүлгөн газ чыгарылат. "Өзгөртүүлөр долбоорундагы айрым жаңылыктар продукциянын коопсуздугу көз карашынан алганда, жүгүртүүдөгү газды сатуучуларга, анын ичинде аны Бирликтин бир өлкөсүнөн экинчи өлкөсүнө чек ара аралык жеткирүүдө акталбаган административдик жана финансылык жүктү оптималдаштырууга багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.
23 майындагы 2025
ЕЭК Кеңеши жаңы түшүмгө чейин Казакстан менен Россияга картофель импорттоого тарифтик жеңилдик берди
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2025-жылдын 30-июнуна чейин Казакстан Республикасына 150 миң тоннадан ашпаган көлөмдө алынып келинген жана чекене сатууга арналган картошканы (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0701 90) импорттук бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Мындан тышкары, 2025-жылдын 31-июлуна чейинки мөөнөттө Россия Федерациясында чекене соода тамак-аш азыктарын өндүрүү же сатуу боюнча пайдалануу үчүн арналган 150 тонна картофель үчүн тарифтик жеңилдиктин көлөмү көбөйтүлдү. "Кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы Казакстанда жана Россияда картофельге болгон бааны турукташтырууга багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Дагы көрсөтүү