Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6148

23 октябрындагы 2020 Май кычкылдыктарынын глицидил эфирлеринин камтылышынын ченемдери ЕАЭБдин тамак аш продукциясына талаптарды белгилеген бир нече техникалык регламенттерине киргизилиши мүмкүн ​​Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары керектөөчүлөрдүн укугун коргоону күчөтүү максатында, май кычкылдыктарынын глицидил эфирлеринин камтылышынын ченемдерин Бирликтин тамак аш продукциясына талаптарды белгилеген бир нече техникалык регламенттерине "пакет принциби" менен киргизүүнү жалпысынан колдошту. Атап айтканда, Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" жана "Адистештирилген тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диетикалык дарылык жана диетикалык профилактикалык тамактануунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерине өзгөртүүлөргө ушул талаптарды киргизүү маселеси каралып жатат. Аталган техникалык регламенттер учурда Бирликтин порталында ачык талкууга чыгарылган.
Дагы көрсөтүү