Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6148

19 ноябрындагы 2019 ЕЭК Кеңеши бир катар товарларга карата милдеттүү түрдө маркалоонун киргизилишин жактырды, роумингдеги мобилдик байланыш кызматтары үчүн тарифтерди төмөндөтүү маселесин талкуулады, продукция жөнүндө маалымдоо тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке аш 18-ноябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ички рыноктун иштеши, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, бир катар товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү, каржы саясаты, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.
14 ноябрындагы 2019 Виктор Назаренко: "Комиссиянын МАКта толук форматтуу катышуусун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү КМШнын Аткаруучу комитети менен талкууланмакчы" КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МАК) катышуучу мамлекеттеринин аталган чөйрөлөрдөгү тутумдардын улуттук операторлору болуп саналган, стандартташтыруу, метрология жана аккредиттөө боюнча улуттук институттарынын ролун жогорулатуу зарыл, ал эми МАКтын илимий-техникалык комиссияларынын жана мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин ишмердигин трансформациялоо зарыл. Бул алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана аны эл аралык жана регионалдык уюмдардын окшош органдарынын ишинин деңгээлине чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Мындай сунуштар менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 13-ноябрда Шымкентте (Казакстан Республикасы) КМШ МАКтын стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо жана аккредиттөө боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинде чыгып сүйлөдү.
Дагы көрсөтүү