Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
25 октябрындагы 2019
ЕЭК министри Виктор Назаренко: "ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эл аралык стандартташтырууда активдүү катышуусу Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүдө"
"Евразия экономикалык бирлигинде Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ЕАЭБ мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдардын ишинде активдүү катышуу зарылчылыгын айкын түшүнүшөт. Эл аралык электротехникалык комиссия Евразия экономикалык комиссиясы үчүн стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү приоритеттүү уюмдардын бири болуп саналат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Эл аралык электротехникалык комиссиянын (ЭЭК) генералдык катчысы Франс Вризвик менен жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.
24 октябрындагы 2019
Сергей Глазьев: "ЕАЭБ жана Африка өлкөлөрү биргеликте жаңы валюталык-каржылык архитектураны курушу мүмкүн"
Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жана Африка континентинин өлкөлөрү натыйжалуу, өз ара пайдалуу жана тең укуктуу өнөктөштүктү жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү Сергей Глазьев Сочиде өтүп жаткан "Россия – Африка" Эл аралык форумунда билдирди.
24 октябрындагы 2019
ЕЭК Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте "ЕАЭБдин агроиндустриясы" маалыматтык ресурсун түзмөкчү
23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитети Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп саналган ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтык ресурсту иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жактырды.
24 октябрындагы 2019
ЕЭК министри Виктор Назаренко: "ЕАЭБдин электротехникалык продукциялар жаатындагы техникалык регламенттеринин талаптарын ишке ашыруучу стандарттардын эл аралык документтер менен шайкештигинин деңгээли 80%дан жогору"
"Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу тутуму мыкты эл аралык иш-тажрыйбанын жана БСУ макулдашуусунун соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча тийиштүү принциптеринин негизинде түзүлгөн. ЕАЭБдин электротехникалык продукцияга карата техникалык регламенттеринин талаптарын ишке ашыруучу стандарттардын эл аралык документтер менен шайкештигинин деңгээлин 80%дан жогору", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Эл аралык электротехникалык комиссиянын Генералдык ассамблеясынын Шанхайда (Кытай) өтүп жаткан 83-отурумунун алкагында Эл аралык электротехникалык комиссиянын Шайкештикти баалоо тутуму боюнча кеңешинин отурумунун жүрүшүндө билдирди.
24 октябрындагы 2019
Тигран Саркисян: "Талкуунун эң мыкты формасы – эгер регионалдык бирикмелер сүйлөшүүлөр столуна отуруп, эмгектин эл аралык бөлүнүшүнүн адилеттүү канондору жөнүндө талкууну башташса"
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-октябрда "ЕАЭБ – Африка: интеграциялык процесстерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн тенденциялары жана перспективалары" деп аталган сессияда глобалдык дүйнөдө теңдешсиздиктердин пайда болушу, кээ бир өлкөлөр тарабынан протекционизмдин колдонулушу сыяктуу көйгөйлөрдүн болушун белгилеп өттү. Аталган иш-чара алгачкы "Россия – Африка" Экономикалык форумунун алкагында болуп өттү.
24 октябрындагы 2019
ЕЭК жана Африка бирлигинин Комиссиясы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту
24-октябрда Сочиде болуп өткөн "Россия – Африка" саммитинин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Африка бирлигинин Комиссиясынын (АБК) ортосунда экономикалык кызматташтык жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана АБКнын Төрагасы Муса Факи Махамат кол коюшту.
24 октябрындагы 2019
Вероника Никишина: "Бизнес – жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүдөгү негизги кыймылдаткыч күч болуп саналат"
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина Верона шаарында (Италия) болуп өткөн XII Евразия экономикалык форумунун алкагындагы "Бизнестин заманбап геосаясаттагы конструктивдүү ролу" деп аталган сессияда тез өзгөрүп жаткан жалпы дүйнөлүк коньюктура жана анын бизнеске таасири тууралуу айтып берди.
23 октябрындагы 2019
Серик Жумангарин: «ЕЭКтин приоритеттүү милдети – бизнеске Евразия экономикалык бирлигинин бардык пайдаларынан жана артыкчылыктарынан пайдаланууга жардам берүү»
4 жана 5-сентябрда Актөбө жана Уральск шаарларында (Казакстан Республикасы) Коллегиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин баш болгон ЕЭК делегациясы республиканын бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган иш-чаралар Комиссиянын Коомдук кабылдамасынын жана монополияга каршы блогунун ушул жылдын сентябрына пландаштырылган көчмө отурумдарынын сериясындагы алгачкы отурумдар болду.
Дагы көрсөтүү