Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6143
10 июнундагы 2018
Тигран Саркисян ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 9-10-июнда Циндао шаарында (Кытай) болуп өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты.
09 июнундагы 2018
Иннополистеги ӨРСИ-2018де евразиялык санариптик кросс-тармактык кооперациянын моделдерин сунушташты
«Бизге ЕАЭБде биргелешкен долбоорлор аркылуу кошумча наркты түзүү боюнча биргелешкен тизмектерди, кросс-тармактык санариптик экотутумдарды жана бизнести жана мамлекеттик органдарды санариптөө процесстерин үндөштүрүү үчүн санариптик кооперациянын жаңы моделдери керек. Биздин конференциянын алкагындагы милдетибиз – ушундай моделди иштеп чыгуу жана сунуштоо, – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян ЕЭК уюштурган “Биргелешкен санариптик долбоорлор аркылуу ЕАЭБдин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу» панелдик сессиясында сүйлөп жатып баса белгиледи. Иш чара Иннополистеги (Россия) «Өнөр жайлуу Россиянын санариптик индустриясы» конференциясынын алкагында өттү. Панелдик сессияга Комиссиянын министрлери: Карине Минасян, Вероника Никишина жана Сергей Сидорский катышышты.
08 июнундагы 2018
ЕЭК министри Татьяна Валовая: «Биздин максат – ЕАЭБ менен ЕБдин ортосунда экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө жаңы жандашуу чекиттерин табуу»
Быйыл 2003-жылдын май айында Санкт-Петербургда болуп өткөн Россия – ЕБ саммитинде Жалпы европалык экономикалык мейкиндик концепциясынын негизинде Жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү максатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынганына 15 жыл толду. Андан тышкары, Россия – ЕБ өнөктөштүгүнүн Туруктуу кеңеши иштей баштады, жана кызматташуунун олуттуу багыттары жана “жол картасын” түзүү боюнча диалог ачылды. «Мындай тарыхты эске алуу менен Европа бирлигинен өнөктөштөрүбүз менен ишенимди калыбына келтирүү жана активдүү диалогду жаңыртуу, ЕАЭБ менен ЕБдин ортосундагы мамилелерде түйүндү чечүү зарыл», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) штаб-квартирасындагы «ЕБ – ЕАЭБ жалпы экономикалык мейкиндигинин перспективалары: бизнес үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» тегерек столунда билдирди.
28 майындагы 2018
ЕЭК белоруссиялык бизнеске ЕАЭБдин тран счек аралык рынокторундагы атаандаштыктын эрежелерине түшүндүрмө берет
28-майда Минскиде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун коомдук кабылдамасынын биринчи көчмө отуруму болуп өттү. ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Марат Кусаиновдун айтуусу боюнча, ишкердик коомдоштук менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторундагы атаандаштык чөйрөсүндөгү бизнестин укуктарын жана жоопкерчилигин натыйжалуу түшүндүрүү үчүн түзүлгөн.
25 майындагы 2018
ПЭЭФ-2018де Сергей Сидорский: «Биз ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамилелерди топтоштурдук»
«Евразия экономикалык бирлиги дүйнөлүк агрардык азык-түлүк рыногундагы глобалдык оюнчу болуп саналат. Биздин алдыбызда калкты азык-түлүк менен толук камсыз кылуу үчүн айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө чыгуу милдети турат», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегиянын мүчөсү (министр) Сергей Сидорский Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018 алкагындагы «Глобалдык азык-түлүк коопсуздугу: планетанын көбөйүп бара жаткан калкын ким тойгузат?» деп аталган ачык сессияда баса белгиледи.
25 майындагы 2018
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспортун колдоо аспаптары ПЭЭФ-2018де талкууланды
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экспортун өнүктүрүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эркин соода зоналарын түзүү, каржы институттарынын кызматташуусу жана «Евразия жумалыгы» эл аралык форумун өткөрүү сыяктуу аспаптары Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин алкагында өткөн «Чет өлкөлүк рынокторго экспортту алга жылдыруунун заманбап механизмдери» тегерек столунда талкууланды.
25 майындагы 2018
ЕАЭБде космос чөйрөсүндө өнөр жай кооперациясын кеӊейтилет
Беларустун, Казакстандын жана Россиянын космостук ведомстволорунун өкүлдөрү Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) спутниктерин өндүрүүдө өнөр жай кооперациясы жөнүндө макулдашты. Мындай чечим «Казакстан Республикасынын космос күнү – 2018» форумунун алкагында «ЖАБ мааламыттарынын улуттук булактарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды өндүрүү жана көрсөтүү боюнча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин интеграцияланган тутуму» мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу боюнча мамлекеттер аралык жумушчу тобунун отурумунда кабыл алынды.
24 майындагы 2018
ЕАЭБдин салыкчылары өз ара соодада КНСти алуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүдө
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) алдындагы Салык саясаты жана администрациялоо боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө санариптик (электрондук) экономика чөйрөсүндөгү салык салууга жана салыктык тескөө-башкарууга карата бир түрдүү мамилелерди принциптүү жактырды. ЕАЭБдин салык саясаты маселелерин жетектеген улуттук мамлекеттик органдардын жетекчилери жана эксперттери жолугушуунун катышуучулары болуп калды. Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун төрагалыгынын астында 22-майда Астанада (Казакстан Республикасы) болуп өттү.
Дагы көрсөтүү