Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
05 февралындагы 2018
ЕАЭБдеги товарлардын айланымын контролдоого маркирлөө системасы жардам берет
Идентификациялоонун заманбап каражаттарын пайдалуу менен товарларды маркирлөө системасы Евразия экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) түзүлөт. Товарларды маркирлөө үчүн пайдаланылуучу идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалымат бирдиктүү реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү Евразия экономикалык комиссияга (ЕЭК) жүктөлгөн. Тиешелүү макулдашууну ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, 2-февралдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда жактырышты. Документке киргизилген ченемдер, мүчө мамлекеттердин аймактарында товарлардын айланымына контролдоону жогорулатууга, атаандаштыктын тең шарттарын, керектөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле көмүскө рынок жана контрафакт товарлар менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет.
04 февралындагы 2018
2-февралда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыктары
Евразия экономикалык биримдиктин алкагында маркирлөө системаларын жайылтуу жана Биримдиктин макулдашылган санариптик саясатын жүзөгө ашыруу механизмдерин калыптандыруу, Евразия өкмөт аралык кеңешинин 2018-жылы болуп өткөн биринчи отурумунун негизги темалары болду, ал Алматыда (Казакстан Республикасы) 2-февралда өткөрүлдү. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларына, Биримдиктин өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык кырдаал жана өз ара сооданын абалы, ошондой эле мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн божомолдору жөнүндө докладдар сунушталды.
02 февралындагы 2018
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери санариптик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн форматтарын жана механизмдерин талкуулашты
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин, санариптик трансформациялоонун жана электрондук ишеним мейкиндигинин биргелешкен программасын түзүүнү, криптовалюталарды колдонуу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү Биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, 2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумунун алкагында талкуулашты. Иш-чара Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча уюштурулган. Анын сессияларына Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер), Азербайжандын жана Тажикстандын расмий делегациялары, ошондой эле ири эл аралык IT-компанияларынын бир катар өкүлдөрү катышты.
26 январындагы 2018
Россия ЕАЭБде төрагалыгынын демилгелерин жүзөгө ашыруу механизмдери Минскте талкууланды
“2018-жылга Россиялык төрагалыктын демилгелери, ЕАЭБ өнүктүрүү логикасын улантып жана кеңири интеграциялык күн тартиптин маселелеринин жаңы тобун “бөлүп көрсөтөт” ,”- деп Евразия экономикалык комиссиясын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно, 25-январда Минскте Евразия экономикалык биримдигинде төрагалыкты Россия Федерациясына өткөрүүгө арналган тегерек столдо чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.
26 январындагы 2018
26-январдагы ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары
ЕЭК Кеңешинин отуруму 26-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында болуп өттү. Интеграциялык өз ара аракеттешүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды. Ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо, соода жана өнөр жай саясат тармагында бир катар чечимдер кабыл алынды, Өкмөт аралык жана Жогорку Евразия экономикалык кеңештерде кароо үчүн документтердин долбоорлору жактырылды.
25 январындагы 2018
ЕЭК министри Карине Минасян: “Өнөктөштүктү кеңейтүү, компетенцияларды топтоо жана бириктирүү- ЕККУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын ачкычы”
Өнөр жай кооперациясы, транспорттук коридорлор, өндүрүмдөрдүн, жүктөрдүн, товарлардын санариптик көзөмөлдөнүлүшү сыяктуу чөйрөлөрдө, ошондой эле санариптик инфраструктуралардын байланышын жогорулатуу жана ишеним мейкиндигинин өнүктүрүү чөйрөсүндө биргелешкен санариптик долбоорлор, жогорку технологиялар тармагында Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюмунун (ЕККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өз ара аракеттенүүсү үчүн база болуп калат.
24 январындагы 2018
ЕЭК бажылык башкаруу чөйрөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүүдө
ЕЭК Коллегиясы 23-январда бажылык башкаруу, техникалык жөнгө салуу, соода саясаты жана ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү тармагында бир катар чечимдерди кабыл алды. Атап айтканда, Кытайда өндүрүлгөн полимердик каптоосу менен металлопрокатка демпингге каршы алымдын колдонулушу узартылды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри түзүлөт, ошондой эле эмгекчилерге же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсияларды дайындоо жана төлөө үчүн керек болгон маалымат алмашуу жолго коюлат. Бирдиктүү санитардык талаптардын ичинен тартылуучу тамеки буюмдарга карата талаптар алынып салынган, ошондой эле тартылбаган тамеки буюмдарын өндүрүүдө пайдаланууга жол берилбеген жыпар жыттуу жана даам бергич заттардын тизмеги толукталды.
22 январындагы 2018
ЕАЭБдин спутниктик орбиталдык топту түзүү боюнча иштеринин планы кабыл алынды
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин бириккен орбиталдык спутниктик тобун түзүү Жерди алыстан байкаштыруу (ЖАБ) системасын өнүктүрүү боюнча мамлекет аралык программанын иш-чараларынын тизмегине кирди. Бул бирикмеге, улуттук космостук программалардын алкагында түзүлгөн, буга чейин колдонулган космостук аппараттар, ошондой эле Биримдиктин өлкөлөрүндө иштелип чыгуучу жана ишке киргизилүүчү келечек үлгүлөр киргизилет.
Дагы көрсөтүү