Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6154

11 декабрындагы 2017 ЕЭК министри Татьяна Валовая Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту камсыздоого ЕАЭБтин салымы жөнүндө “ЕАЭБ Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту өнүктүрүүгө өз салымын кошо баштады”, - деп ишенет Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Министрдин пикири боюнча, бул чөйрөдө Биримдиктин потенциалы бийик жана негизги эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ системасынын түзүмү тарабынан жогору бааланат. Бул туурасында Татьяна Валовая 8-декабрда Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) мүчө өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 24-отурумунун алкагында өткөн “Чоң Европа аймагындагы жана евразия мейкиндигиндеги экономикалык байланыштуулук, соода-экономикалык мамилелер” атайын эксперттик дискуссиясында билдирди.​
04 декабрындагы 2017 ЕАЭБте жакынкы төрт жылда АӨКтү өнүктүрүүнүн багыттары аныкталды Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорскийдин пикири боюнча, эң келечектүү багыттардын катарына сүт жана эт мал чарбасындагы, куш чарбачылыгындагы, багбанчылыктагы, кант, май жана башка тармактардагы жогорку кошумча нарк долбоорлору кирет. Бул туурасында ЕЭК министри “ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин АӨКде интеграцияны жана кооперацияны өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн стратегиялык багыттары” тегерек столунда билдирди. Сергей Сидорский келечектеги төрт жылдык мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин макулдашылган агроөнөр жай саясатынын артыкчылыктары болуп, интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүүнү жана инновациялык технологияларды жайылтууну камсыздоого мүмкүндүк берген биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашыруу болорун белгилеп өттү.​
Дагы көрсөтүү