Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6160
18 майындагы 2017
ЕАЭБ жана Кытайдын бажы кызматташтыгында жаңы сүртүмдөр пайда болууда
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) бажылык башкаруу жаатында өз ара аракеттешүүсүнүн негизги маселелерин жана мындан аркы кызматташуусунун перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов жана КЭР Башкы бажылык башкармалыгынын жетекчиси Юй Гуанчжоу талкуулашты. Жолугушуу Пекинде “Бир алкак, бир жол” эл аралык форумунун алкагында өттү.
17 майындагы 2017
Станок куруу боюнча евразиялык инжиниринг борбору “СТАНКИН” МГТУ аянтчасында Москвада түзүлөт
Тараптардын чечими боюнча, Станок куруу боюнча евразиялык инжиниринг борбору (СЕИБ) - Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн биргелешкен борбору - Москвада “СТАНКИН” МГТУ аянтчасында жайгашат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев ЕЭКке караштуу Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин 16-майда өткөн отурумунда билдирди. Өз кезегинде “СТАНКИН” МГТУнун Стандартташтыруу чөйрөсүндө компетенция борборунун директору Алексей Барыкин уюштуруучу документтердин долбоорлорун жана 2017-2018-жылдары СЕИБ түзүү жана ишин камсыздоо боюнча иш-чаралар планын сунуштады.
17 майындагы 2017
ЕАЭБ өлкөлөрү космосто өзүнүн ресурстарын бириктиришет
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү бир метрден аз уруксаты бар мультиспектралдык режимде тартуучу спутниктердин заманбап тобуна уруксат алышат. Бул “Евразия экономикалык биримдигинин Жерди аралыктан зонддоонун (ДЗЗ) бириктирилген ресурстарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызмат көрсөтүүлөр боюнча интеграцияланган системасын түзүү” долбоорун жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы болмокчу. Бул туурасында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорский Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай боюнча консультативдик комитетинин 16-майда өткөн отузунчу отурумунда билдирди.
17 майындагы 2017
ЕЭК Кеңеши балдар оюн аянтчаларынын жабдууларынын коопсуздугуна талаптарды аныктаган ЕАЭБ техрегламентин кабыл алды
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) «Балдардын оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентин кабыл алды. Анда балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын жана жабуулардын коопсуздугуна жана ага байланыштуу долбоорлоо, өндүрүү, монтаждоо, пайдалануу, сактоо, ташуу жана утилизациялоо процесстерине карата талаптар аныкталган. Атап айтканда, жабдуулардын конструкциясы анын бекемдигин жана туруктуулугун камсыздашы, чөйрөнүн агрессивдүүлүгүнүн деңгээлин эске алуу менен дат басуудан жана эскирүүдөн коргоосу болушу керек. Жабдууда баланын денеси же кийими тыгылып калбашы керек, курч учтары же жээктери болбошу керек.
17 майындагы 2017
“Технологиялык металлургия жана жаңы материалдар” евразиялык инновациялык технологиялык платформалары боюнча маалымат такталды
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Комиссиянын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 32 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизип, аны ишмердүүлүктүн максаттары, милдеттери, негизги багыттары жөнүндө маалымат, ошондой эле “Металлургия технологиялары жана жаңы материалдар” евразиялык инновациялык технологиялык платформалардын уюштуруучулары жөнүндө дайындар менен толуктады. Бул Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында түзүлгөн он экинчи технологиялык платформа.
17 майындагы 2017
ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБте электрондук автопаспорттордун системасы киргизилет, балдардын оюн аянтчалары коопсуз болот, металлургиялык тармакта евразиялык инновациялык борборлор пайда болот
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө электрондук автопаспорттор системасын киргизүү, дарылардын жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторун жөнгө салуучу ченемдик актыларды иштеп чыгуу, ийлөө заттарына жана ийлөө үчүн препараттарга карата кириш бажы алымдарынын ченин төмөндөтүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде 17-майда талкууланды. Андан тышкары, “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти кабыл алынды жана Комиссиянын буга чейин кабыл алынган айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
16 майындагы 2017
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин таңгакталган ичүүчү сууга карата талаптарын аныктаган техрегламентинин долбоорун жактырды
16-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибине техникалык жөнгө салуу маселелери кирди. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин долбоору жактырылды. Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө калкты улуттук кайра каттоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоого байланыштуу тескемелеринин долбоорун карап чыгышты.
16 майындагы 2017
ЕАЭБтин эл аралык ишмердүүлүгү - жаштардын көңүл борборунда
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнүн жаңы рынокторго жеткилиги боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасында жаш эксперттерге, окумуштууларга жана журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно айтып берди. ЕЭК өкүлү 16-майда Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде “ЕАЭБтин эл аралык кызматташтыгы” мектебинин алкагында чыгып сүйлөгөн, иш-чара Евразия экономикалык комиссиясы жана Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңеш тарабынан уюштурулган.
Дагы көрсөтүү