Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
27 октябрындагы 2016
“Евразия жумалыгында” ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө интеграциялык процесстердин тийгизген таасири талкууланды
26-октябрда Евразия жумалыгынын алкагында “ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуу өнүгүүсүндө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүндө интеграциялык процесстердин ролу” тегерек столу болуп өттү. Иш чаранын күн тартиби актуалдуу болгондуктан, ага Биримдиктин мүчө мамлекеттеринен жана үчүнчү өлкөлөрдөн алдыңкы эксперттер, окумуштуулар, бизнестин жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү келишкен.
27 октябрындагы 2016
Санариптик экономиканын эсебинен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДӨ 20% өсүшү керек
27-октябрда жыл сайын өтүүчү “Ачык инновациялар” форумунун алкагында өткөн “Евразия экономикалык биримдигинде санарип күн тартиби” конференциясында 2025-жылга чейинки перспективада ЕАЭБтин санариптик мейкиндигин түзүү жана өнүктүрүү стратегиясынын долбоору макулдашылды. Мындан тышкары, Биримдиктин санариптик мейкиндигин ыкчам өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө декларация жактырылды.
27 октябрындагы 2016
ЕЭК жана Сингапур Эркин соодалашуу аймагы жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча перспективаны изилдешүүдө
“Евразия жумалыгы” көргөзмө форумун өткөрүүнүн алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана Сингапур Республикасынын соода жана өнөр жай министри Ко По Кун Евразия экономикалык биримдиги менен Сингапурдун ортосунда эркин соодалашуу аймагы жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча биргелешкен изилдөө тобунун ишинин башталышы жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.
27 октябрындагы 2016
ЕАЭБ Бажы кодексинин долбоору - мамлекеттик органдардын жана бизнестин мурда болуп көрбөгөндөй биргелешкен ишинин жыйынтыгы
26-октябрда Москвада “Евразия жумалыгы” форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын бажы блогу “Бажылык жөнгө салуу: өнүктүрүү, жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү” тегерек столун өткөрдү, анын жүрүшүндө жаңы Бажы кодексин даярдоо финалдык баскычка келгенине байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин бажылык жөнгө салуусундагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтылды.
27 октябрындагы 2016
ЕЭК министри Вероника Никишина: “Соода макулдашуулары Биримдик өлкөлөрүнүн өз ара пайдалуу технологиялык жана инвестициялык өнүгүүсүнө олуттуу өбөлгө түзө алат”
“Сколково” инновациялык борборунда өткөн “Евразия жумалыгы” көргөзмө борборунун алкагында “ЕАЭБ жогорку технологиялар рыногундагы оюнчу катары: интеграциялык бирикменин потенциалдуу жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү” темасында дискуссиялык сессия болуп өттү.
27 октябрындагы 2016
ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Биз ЕАЭБ алкагында биздин өлкөлөрдүн экономикаларына тышкы шоктордун терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берген макроэкономикалык саясат жаатында иштердин координациясын жогорулатууга умтулабыз”
Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын директорунун орун басары Юха Кэхонен жана ЭВФтин Россиядагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн Башчысы Габриэль Ди Белла менен жолугушуусу болуп өттү.
27 октябрындагы 2016
Евразия биримдигинде бүгүнкү күндө бажы операциялары кызмат адамдарынын катышуусуз өткөрүлө баштады
26-октябрда Москвада “Бажы кызматы - 2016” XVII Эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы боюнча департаменти Россиянын ФБК Бажылык жол-жоболоштурууну жана бажылык көзөмөлдү уюштуруу башкы башкармалыгы менен биргеликте “Товарларга декларацияларды автоматтык түрдө каттоо жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу. Колдонуу тажрыйбасы жана өнүктүрүү перспективалары” тегерек столун өткөрдү.
27 октябрындагы 2016
ЕЭК бизнести ички рыноктордо тоскоолдуктарды аныктоо иштерине жигердүү катышууга чакырат
26-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши боюнча департаментинин директорунун орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Сергей Савостьян “Евразия экономикалык биримдиги: эл аралык бажы кызматташтыгын укуктук жөнгө салуу”. Ал Евразия экономикалык биримдигинде соода тоскоолдуктарын жеңип чыгуу маселелерине арналган баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.
Дагы көрсөтүү