Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6150

27 октябрындагы 2016 Минскте БУУ ЕЭК аймагында экономикалык интеграциянын жана туруктуу өнүгүүнүн өз ара байланышын талкуулашты 26-октябрда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая БУУ Европа экономикалык комиссиясы жана Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган “БУУ ЕЭК аймагында 2030-жылга чейин экономикалык интеграциянын жана туруктуу өнүгүүнүн негиздери” эл аралык конференциясында чыгып сүйлөдү. Конференцияга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей, Россия Федерациясынын тышкы иштер министиринин орун басары Василий Небензя, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшибаев жана башкалар катышты.​
27 октябрындагы 2016 Минскте Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү 26-октябрда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин жоболорун өркүндөтүү боюнча курама жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө жумушчу топтун ишинин алгоритми иштелип чыгарылып, анын ишинин регламентинин долбоору макулдашылды. СФС-жөнгө салуулар, кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар, салык саясаты жана башка чөйрөлөрдө Биримдик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдүн долбоорлору талкууланды. Отурумдун жыйынтыгы боюнча маселелердин бөлүгү тармактык кеңешмелердин алкагында андан ары иштеп чыгууга багытталды.​
26 октябрындагы 2016 ЕЭК министри Валерий Корешков: “Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жана эл аралык деңгээлде макулдашылган талаптарды кабыл алуу тыгыз интеграцияга жана аны коштогон артыкчылыктарды алууга көмөктөшөт” 26-октябрда Минскте Бирикке Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын “БУУ ЕЭК аймагында 2030-жылга чейин экономикалык интеграциянын жана туруктуу өнүгүүнүн негиздери” эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференциянын алкагында Стандартташтыруу жаатында саясат жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык боюнча жумушчу топ тарабынан уюштурулган “Соода жана стандарттар: коммерциянын курамдык элементтерин жыйылтуу” тематикалык сессиясы өткөрүлдү. Сессиянын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр), Жумушчу топтун төрагасынын орун басары Валерий Корешков болду.​
26 октябрындагы 2016 ЕЭК Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү өнөр жайлык авточогултуучу өндүрүштөрдү өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүүсү боюнча милдеттемелерди аткаруусуна мониторинг жүргүздү 25-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда ЕЭКтин өнөр жай жана АӨК боюнча Коллегия мүчөсү Сергей Сидорский Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы № 72 “Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүчө мамлекеттеринин аймактарында “мотордуу транспорт каражаттарын өнөр жайлык чогултуу” түшүнүгүн колдонуунун шарттары жөнүндө” чечимине ылайык, милдеттенмелерин аткаруусуна Комиссия тарабынан өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө билдиришти.​
Дагы көрсөтүү