Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
01 октябрындагы 2018
«Биз силерди интеграция идеясынын шарына батасыңар деп үмүттөнөбүз»: Тигран Саркисян Евразиялык интеграциянын эл аралык мектебин ачты
«Евразиялык интеграция темасы жаш муундар үчүн улам перспективдүү болуп бара жатат. Силердин интеграция идеясынын шарына батканыңар ушул жуманын жыйынтыгы болуп калаарына үмүттөнөбүз», – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-октябрда Москвада, ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия интеграциясынын эл аралык мектебинин ачылыш аземинде.
28 сентябрындагы 2018
ЕЭК ЕАЭБдин рынокторундагы атаандаштыкты алдын алуучу методдор менен коргоону сунуштайт
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рынокторундагы атаандаштыкты коргоодо демилгелүүлүк менен аракет кылууну сунуштайт. Бул тууралуу ЕЭКтин Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Марат Кусаинов «Россиядагы атаандаштык жумалыгы» аттуу ар жылкы эл аралык иш-чаранын алкагында Федералдык монополияга каршы кызматынын Коллегиясынын кеңейтилген отурумунун жүрүшүндө билдирди. «Мындай институттар бизде иштелип чыгып жатат жана жакынкы араларда биз аларды Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кароосуна киргизебиз», – деп баса белгилеп өттү ЕЭК министри.
26 сентябрындагы 2018
ЕЭК вьетнам күрүчүнө тарифтик квоталарды белгиледи жана индиялык электроддорго демпингге каршы чараны узартты
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 25-сентябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн тышкы соода чөйрөсүндөгү маселелери каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы 2019-жылга карата Вьетнамдан келген узун дандуу күрүчкө тарифтик квоталарды белгилеп, Индиядан келген графиттелген электроддорго карата демпингге каршы чаранын аракетин узартты.
21 сентябрындагы 2018
ЕЭК бизнести Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун ачык талкуулоодо активдүү катышууга чакырды
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) чечимдеринде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын 65%дан ашык сын-пикирлери жана сунуштары эске алынат. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 19-сентябрда Армения Республикасынын бизнес-коомдоштугу менен Еревандагы жолугушуусунда билдирди.
21 сентябрындагы 2018
Евразия интеграциясы төртүнчү өнөр жай революциясынын «рельсине өтүүдө»
2019-жылы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери жана Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) өнөр жайды санариптик трансформациялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча концепцияны жүзөгө ашырууга жана бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүгө киришишет. Бул тууралуу Казакстандын машина куруучуларынын VI Форумунун пленардык отурумунун жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин билдирди.
21 сентябрындагы 2018
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери Бирликтин жалпы рыногу үчүн газды ташууга баанын түзүлүшүнө карата мамилелерди талкуулашты
Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө беш мамлекеттин энергетика министрлери газдын жалпы рыногунун алкагында газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүгө карата тариф түзүүнүн (баа түзүүнүн) бирдиктүү методологиясын талкуулашты. Биргелешкен кеңешме Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында 19-сентябрда болуп өттү.
20 сентябрындагы 2018
ЕАЭБдин дары-дармек рыногу чет өлкөлүк фармацевтика өндүрүүчүлөрү үчүн ачык
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногуна ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук жол-жоболору боюнча катталган чет өлкөлүк дары-дармек препараттарынын жеткиликтүүлүгүнүн перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко менен Куба Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, доктор Марсия Кобас Руис 18-сентябрда ЕЭК аянтчасында талкуулашты.
20 сентябрындагы 2018
Карине Минасян: «ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктардын четтетилиши өз ара сооданын көлөмүн 2017-жылы 27%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берди»
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соодадагы кыйла көрүнүктүү тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле Кыргызстандын бизнеси менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү 20-сентябрда Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян, Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов жана Кыргызстандын бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү талкуулашты.
Дагы көрсөтүү