Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6133
28 августундагы 2018
ЕЭК Арменияга пенсия менен камсыз кылуунун укуктук негиздерин жана ЕАЭБдин мамлекеттеринин рынокторуна армян бизнесинин жеткиликтүүлүгүн чыңдоого жардам берет
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө эмгекчилерди пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун долбоорунун алкагында Армениянын жарандарынын социалдык жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Экономика жана каржы саясаты боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана эмгек жана социалдык маселелер министри Мане Тандилян Ереванда талкуулады.
28 августундагы 2018
ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү дары-дармек рыногун калыптандырууну аяктады
Бул жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Валерий Корешков эл аралык катышуу менен «Россия жана дүйнө. Фармацевтикалык рыноктун өсүш потенциалын башкаруу» деген Бүткүл россиялык GMP-конференцияда билдирди.
28 августундагы 2018
ЕАЭБ жана Фарер аралдары кызматташтыктын жаңы барагын ачты
ЕЭК Коллегиясынын Интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая менен Фарер аралдарынын тышкы иштер жана соода министри Поуль Михельсон 23-августта Торсхавнада (Фарерлер) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Документ Комиссиянын фарер тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы болуп калды жана толук баалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өнөктөштөрдүн маанайын чагылдырат.
28 августундагы 2018
ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.
27 августундагы 2018
Өнөр жай кооперациясынын, субконтрактациянын жана технологиялардын трансферинин евразиялык тармагы Бирликтин миңдеген ишканаларын бириктирет
Дээрлик алты миң ишкана Өнөр жай кооперациясынын, субконтрактациянын жана технологиялардын трансферинин евразиялык тармагында катталган, деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) II Форумдун - Субконтракттар биржасы – 2018дин жүрүшүндө.
24 августундагы 2018
ЕЭК техникалык регламенттердин талаптарын сактоо боюнча Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын күч-аракеттерин бириктирет
Евразия экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) бирдиктүү рыногун техникалык регламенттерине шайкеш келбеген үчүнчү өлкөлөрдүн коопсуз эмес продукциясынан коргоо – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өзөктүү максаттарынын бири. Рыноктун «тазалыгын» камсыз кылууга Комиссия иштеп чыккан бир катар документтер жардам берет. Алардын ичинде Бирликтин өлкөлөрүнүн техникалык регламенттеринин жана бажы органдарынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын сунуштамасынын долбоору бар, ал Комиссиянын аянтчасында ушул түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешмеде талкууланды.
23 августундагы 2018
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери газдын жалпы рыногун түзүү маселелерин талкуулайт
22-августта Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жагынан тарифти түзүүнүн бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө сунушту карашты. Кеңешмеге Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин орун басарлары жана ЕЭКтин өкүлдөрү катышышты. Тараптар сентябрда жарыя кылган сунуштар энергетика министрлери тарабынан талкууланат, андан соң маселе Өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна алынып чыгат.
22 августундагы 2018
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин мүчөсү Беларусь Республикасынын Премьер-министри С.Н. Румаска
Урматтуу Сергей Николаевич!Жеке өзүмдүн атыман жана Евразия экономикалык комиссиясынын атынан Сизди Беларусь Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна дайындалышыңыз менен куттуктайм.
Дагы көрсөтүү