Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6148
15 августундагы 2019
Кыргызстандагы «Евразия жумалыгында» ашыра өндүрүү маселелерин жана АТР жана ЕАЭБ рынокторундагы соода талаштарынын алдын алууну талкуулашат
25-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишинанын катышуусунда «ЕАЭБ: глобалдык рынокко интеграциялануу жана АТР рынокторундагы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган панелдик дискуссия орун алмакчы.
14 августундагы 2019
ЕЭК агрардык саясат жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча ФАО менен кызматташтыкты кеңейтүүдө
14-августта Будапештте (Венгрия) ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботиндин ФАОнун башкы директорунун орун басары, Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Владимир Рахманин менен жолугушуусунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) биргелешкен иш-чараларынын 2019 – 2023-жылдарга карата планы кабыл алынды.
14 августундагы 2019
ЕАЭБде бут кийим маркаланат
Чолпон-Атада болуп өткөн ЕЭК Кеңеши, Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууга ылайык, бут кийимди идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүүнү чечти.
13 августундагы 2019
ЕАЭБде өнөр жай жабдууларын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо технологиялары боюнча жаӊы Евразия технологиялык платформасы түзүлөт
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши «Өнөр жай жабдууларын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо технологиялары» деп аталган жаңы Евразия технологиялык платформасын (ЕТП) бекитти. ЕТП өнөр жайлык өнөктөштүктү жана импортту алмаштырууну өнүктүрүү, эскирген түйүндөрдү жана агрегаттарды техникалык кайрадан куралдануу жана өндүрүштөрдү модернизациялоонун, алдыңкы технологияларды ишке киргизүүнүн негизинде реинжинирингдөө сыяктуу маселелерди чечмекчи.
13 августундагы 2019
ЕЭКтин жана «Астана» Эл аралык каржы борборунун кызматташтыгы иш-чаралардын макулдашылган планы боюнча өнүкмөкчү
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржылык саясат боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков жана «Астана» Эл аралык каржы борборунун (АЭКБ) башкаруучусу Кайрат Келимбетов 2019 – 2021-жылдарга карата ЕЭК жана АЭКБнын ортосундагы биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюшту. Жолугушуу 9-августта Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) болуп өттү.
12 августундагы 2019
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгына арналган маркаларды жүгүртүүгө чыгарды
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 9-августта Чолпон-Атада болуп өткөн отурумунун аягында мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бирликтин беш жылдыгынын урматына Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) почта кызматтары тарабынан чыгарылган эстелик маркаларды өчүрүштү.
12 августундагы 2019
Тигран Саркисян: «Спорттогу интеграция Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет»
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Баскетбол боюнча Евразия лигасынын президенти Карен Гилоян баш болгон Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) төрт өлкөсүнүн баскетбол клубдарынын жетекчилеринин делегациясын кабыл алды. Жолугушууда «Арагац» БК президенти Дэвид Джонтоян (Армения), Беларустун Могилев областынын Баскетбол федерациясынын вице-президенти Виталий Игнатович (Беларусь), «Атырау» БК президенти Булат Мухамбеткаллиев (Казакстан), «Арсенал» БК президенти (Тула) Виктор Усков (Россия), Москва шаарынын Баскетбол федерациясынын вице-президенти Ваграм Вардумян (Россия) катышышты.
12 августундагы 2019
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин «Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө» техникалык регламентин кабыл алды
Документ муздаткычтарга, сыналгыларга, компьютерлерге, кир жуугуч жана идиш жуугуч машиналарга, аба кондиционерлерине, бөлмө желдеткичтерине, суу насосторуна жана башка электроприборлорго жайылтылат. Ал, аталган приборлордун энергетикалык натыйжалуулугун камсыз кылуу жана ал аркылуу энергоресурстарды сактоо үчүн, Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен биргеликте иштелип чыккан.
Дагы көрсөтүү