Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6160
15 сентябрындагы 2020
ЕАЭБ Монголия жана Индонезия менен экрин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү перспективаларын биргелешип изилдөөнү баштоодо
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Монголия жана Индонезия менен экрин соода жөнүндө макулдашууларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселесин изилдөө боюнча биргелешкен изилдөө топторун (БИТ) түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Эксперттердин пикири боюнча, аталган мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелер ишке ашырылбаган чоң потенциалга ээ.
14 сентябрындагы 2020
ЕЭК жана Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттиги техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты
Техникалык жөнгө салуу механизмдери Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн орчундуу мааниге ээ. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттигинин (КТСА) өкүлдөрү менен 10-сентябрда видеокөпүрө форматында өткөрүлгөн техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча жумушчу жолугушууда билдирди.
14 сентябрындагы 2020
ЕАЭБде сүт продукциясын маркалоону киргизүү жөнүндө келишкендикке жетишилди
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши мүчө мамлекеттердин даярдыгына жараша сүт продукциясынын айрым түрлөрүн маркалоо жөнүндө принципиалдуу келишкендиктерге жетишти. Маркаланбаган товарларды жүгүртүүгө тыюу салуу андан эрте эмес киргизилиши болгон конкреттүү мөөнөттөрдү талкуулоо учурда аягына чыгууда. Маркалоону киргизүүнүн болжолдонгон мөөнөттөрү маркалоону киргизүүгө даярдыгын билдирген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунда бекитилген.
11 сентябрындагы 2020
ЕАЭБде COVID-19га байланыштуу автомобилдерди убактылуу алып келүү мөөнөттөрү узартылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 11-сентябрдагы отурумунда учурда сакталып жаткан COVID-19 пандемиясына жана коронавирустук инфекциянын экинчи "толкунунун" пайда болуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу жеке жактар үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында алардын автомобилдеринин жана башка транспорт каражаттарынын убактылуу болуу мөөнөттөрүн узартты.
11 сентябрындагы 2020
ЕЭКте АЭКБнын платформасында Евразия тикелей инвестициялар фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясы "Астана" Эл аралык каржы борбору (АЭКБ) менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинде өнүгүү институттарынын ишмердигинин маселелери боюнча семинар өткөрдү.
10 сентябрындагы 2020
ЕЭКте Коллегиянын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш түзүлдү
10-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин алдындагы Илимий-техникалык кеңештин президиумунун алгачкы отурумунда евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын илимий жактан коштоо жана мамлекеттер аралык программаларды жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруунун перспективалары талкууланды.
10 сентябрындагы 2020
ЕЭК Евразия патенттик уюмун мааракеси менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев 9-сентябрда ЕАПУнун штаб-квартирасында Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) президенти Сауле Тлевлесова менен жолугушту.
09 сентябрындагы 2020
ЕЭК бизнес менен органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү перспективаларын талкуулоодо
Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү менен биргеликте "евразиялык органикалык продукциянын рыногунун иштөөсүн камсыз кылуу, бул чөйрөдө ЕАЭБ укугун түзүү маселелерин активдүү иштеп чыгууда". Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Москва областынын Волоколамский районундагы "Ферма М2 Шульгино" органикалык фермасына жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Дагы көрсөтүү