Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 11

23 октябрындагы 2025 Андрей Слепнев: "ЮНКТАД ачык регионализмдин башталышындагы эл аралык тутумду "кайра чогултууга" көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойнойт" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Женевада (Швейцария) БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) он алтынчы сессиясында жалпы жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүндө билдирди. "ЕАЭБ — интеграциянын деңгээли жогору болгон ачык бирикме. Ачык регионализмдин натыйжалуулугун белгилейбиз, ал рынокторду, капиталдарды, эмгек ресурстарын, инновацияларды, инфраструктураны бириктирүүнүн, ошондой эле өнөктөш өлкөлөр менен масштабдуу долбоорлордун эсебинен өнүгүүнүн жаңы драйверлерин түзөт", — деп белгиледи ЕЭК министри. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту сактоо зарылдыгы жөнүндө айтып жатып, Андрей Слепнев кеңири эл аралык алмашуунун жана жеткиликтүү эң мыкты технологияларды, анын ичинде аз эмиссиялык технологияларды жана отундардын өткөөл түрлөрүн басмырлоосуз колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "ЮНКТАД аянтчасы бажылык жөнгө салуу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптик маркалоо жана товарларды көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү жаатында келечектүү санариптик технологияларды киргизүү маселелери боюнча жигердүү өз ара аракеттенүү үчүн колдонулушу улантыларына ишенебиз", — деп билдирди Андрей Слепнев. Андрей Слепневдун Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында, ал Бразилиянын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык жана каржы маселелери боюнча катчысы Филип Фокс-Драммонд Гоу менен жолугушту. Бразилия Түштүк Американын жалпы рыногунун мүчөсү болуп саналат, бул өлкө менен ЕЭК кызматташтык жөнүндө меморандумду түзүшкөн. Түркмөнстандын соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Назар Агаханов менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, анын ичинде "Түндүк – Түштүк" коридору боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Андрей Слепнев БУУнун Женевадагы бөлүмүнө барып, анын башкы директору Татьяна Валовая менен сүйлөшүүлөрдү жана ДСУга караштуу Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин туруктуу өкүлдөрү менен жумушчу консультацияларды өткөрдү.
23 октябрындагы 2025 ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт саясатын жана ЕАЭБдеги эл аралык автоташууларга байланыштуу кырдаалды талкуулашты Бул маселелерди талкуулоо үчүн аянтча ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин 30-отуруму болду.   Отурумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, коомдук уюмдардын, тармактык бирликтердин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Иш-чарага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттерден — Иран Ислам Республикасынан жана Куба Республикасынан өкүлдөр да катышышты.   Иш-чаранын катышуучулары эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырган, Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары болгон айдоочулар Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтүнүн кыскарышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Кеңешмеде азыркы учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын ишке ашыруунун жүрүшү каралды: максаттуу индикаторлордун (көрсөткүчтөрдүн) долбоорлору, евразиялык транспорттук коридорлордун (каттамдардын) паспорттору жана аларга минималдуу талаптар макулдашылды. Бул документтер транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын Жетекчилеринин кеңешинин кезектеги жыйынында каралат. Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан евразиялык транспорттук коридорлорго (каттамдарга) кирген темир жол, автожол жана порт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча көрүлгөн чаралардын талдоосун, транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын, ошондой эле эл аралык транспорттук коридорлорду (каттамдарды) өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонуунун мыкты эл аралык тажрыйбалары жана аларды колдонуу боюнча сунуштар тууралуу карап чыгышты. Келечекте үчүнчү өлкөлөрдүн катышуусу менен ишке ашырыла турган инфраструктуралык долбоорлордун пулун түзүү пландаштырылууда. Мындай пулду түзүү алгоритми кошумча иштелип чыгат. Ошондой эле тараптар ишке ашырылып жаткан транспорттук саясат жаатында өнүгүүнүн тармактык аспектилерин талкуулашты. Атап айтканда, ЕАЭБ алкагында "бешилтик" өлкөлөрүнүн интеллектуалдык транспорттук тутумдарынын өз ара иштешүүсүн өркүндөтүү боюнча концепцияны ишке ашыруу үчүн "жол картасы" каралып, оор салмактагы жана (же) ири көлөмдөгү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө, ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын жана документтердин тизмеси жактырылды. Комитетке ошондой эле темир жол транспорту жаатындагы интеграциялык иштин жыйынтыктары сунушталды, анын жыйынтыгы боюнча Бирликтин алкагында мүчө мамлекеттердин жүргүнчү-жарандарынын темир жол транспорту менен жүрүүсүнө таасир этүүчү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин темир жол транспортун колдонуу менен евразиялык туристтик каттамдарды өнүктүрүү жөнүндө сунуштамалар жактырылды. Консультативдик комитет тарабынан Иран Ислам Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси, ошондой эле Транспорт жана инфраструктура департаменти тарабынан даярдалган, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн транспорт жана транзит чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча комитетченин ишин уюштуруу боюнча сунуштар каралды. Сунуштар Ирандын аймагы аркылуу жүк ташууларды уюштуруу, ошондой эле "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун каттамдарында транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде чек ара өткөөлдөрүнүн иши, терминалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маселелердин кеңири спектрин камтыйт. Консультативдик комитет кабыл алган чечимдер транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын Жетекчилеринин кеңешине кезектеги отурумда сунушталат.
22 октябрындагы 2025 ЕЭК делегациясы Брестте КМШнын атаандаштык боюнча иш-чараларына катышты ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы 22-октябрда Брестте Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МСМК) ишине катышты. Иш-чарада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекеттеринде атаандаштык жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, дары препараттарынын жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторундагы баа түзүү маселеси каралды. Мындан тышкары, Штабдын монополияга каршы мыйзамдарды бузууларды биргелешип иликтөө боюнча ишинин жыйынтыктары сунушталды жана жактырылды. Беларус универсалдуу товардык биржанын иши презентацияланды. "КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештерибиздин тажрыйбасы жөнүндө туруктуу маалымат алмашуу биздин атаандаштыктын жалпы эрежелерин белгилөө жана колдонуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. МСМК тармактык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн чыныгы баалуу инструменти болуп саналат", — деп белгиледи Максим Ермолович. ЕЭК министри өзү жетектеген Комиссия блогунун ишмердүүлүгүндөгү эң көрүнүктүү окуяларды, анын ичинде укук колдонуу тажрыйбасын жана Комиссиянын рыноктордогу сектордук изилдөөлөрүнүн натыйжаларын, стратегиялык документтердин үстүнөн иштерди, атаандаштыкты адвокаттоону жана эл аралык кызматташтыкты сунуштады. "Комиссия учурда ЕАЭБдин жалпы биржалык рыногунун концепциясын иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат. Ишке ЕАЭБге караштуу байкоочу өлкөлөр да катышууда. Биз ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасын изилдөөгө даярбыз жана бул маселени МСМКнын күн тартибине киргизүүнү сунуштайбыз", — деп билдирди ЕЭК министри.  МСМК жана улуттук профилдик органдар менен ЕЭКтин өз ара иштешүүсүнө, ошондой эле улуттук атаандаштык органдарынын жетекчилеринин жана Комиссиянын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсүнүн катышуусу менен жакында өткөн кеңешменин жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
22 октябрындагы 2025 ЕЭКте ЕАЭБ алкагында макулдашылган агроөнөр жай саясатын ишке ашырууну талкуулашты 22-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын төрагалыгы астында Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин түзүүнү талкуулашты. "Агроөнөр жай комплекси үчүн – бул ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин уюмдарынын өз ара пайдалуу кызматташтыгын өбөлгөлөөчү биргелешкен долбоорлорду колдоонун жаңы чарасы. Өкмөт башчылары тарабынан ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу үчүн зарыл чечимдер кабыл алынган, ошондуктан азыркы учурда Комиссия Бирлик боюнча өнөктөштөр менен биргеликте кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларга ЕАЭБ бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону иштеп чыгууга киришти", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Комитеттин мүчөлөрү ЕЭКтин АӨКтө биотехнологияларды колдонууда мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттары жана механизмдери жөнүндө сунуштамасын кабыл алуу зарылдыгын колдошту. "Микробдук биотехнологиялар жаатындагы технологиялык суверенитетти колдоодогу ийгилик мүчө мамлекеттердин биотехнологиялар чөйрөсүндөгү күч-аракеттерин бириктирүүдөн көз каранды", — деп баса белгиледи ЕЭК министри. Отурумдун жүрүшүндө Комиссия тарабынан ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде өндүрүмдүү жаныбарлар үчүн тоюттар жана тоют кошумчалары рыногунун абалы жана өнүгүү перспективалары жөнүндө даярдалган сереп жактырылды, ал технологиялык инновацияларды, ички өндүрүштү өнүктүрүүнү, кызматташтыкты бекемдөөнү жана инфраструктураны модернизациялоону камтыган комплекстүү ыкманы киргизүү жолу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тоют өндүрүшүнүн натыйжалуулугун, сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Документ иште колдонуу үчүн мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтүлөт.
22 октябрындагы 2025 Максим Ермолович жана ЕАЭБдин улуттук атаандаштык органдарынын жетекчилери Брестте атаандаштык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты ЕАЭБ өлкөлөрүнүн атаандаштык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу ведомстволорунун жетекчилеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин катышуусу менен кеңешме 21-октябрда Брестте "5+1" форматында болуп өттү. "Иш-чаранын күн тартибинде каралуучу маселелер абдан көп, талкуулана турган маселелердин чөйрөсү кеңейүүдө жана мындай деңгээлдеги жолугушууларды тез-тез өткөрүп туруу зарылчылыгы бар", — деп белгиледи министр. Жолугушуунун жүрүшүндө рынокту чек ара аралык рынокко киргизүү учурда колдонуудагы критерийлерин кайра карап чыгуу боюнча ЕАЭБ улуттук атаандаштык ведомстволорунун позициялары, атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароодо экспертиза жүргүзүү механизмдери талкууланды. Тараптар ошондой эле ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди иликтөөнүн жана кароонун алкагында айрым процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө Комиссиянын жүйөлөштүрүлгөн сунуштамасынын аткарылышын карап чыгышты. 2026-жылга карата атаандаштыктын жана сектордук изилдөөлөрдүн абалын баалоо үчүн рыноктордун тизмесин, ошондой эле аларды тандоо критерийлерин аныктоо маселеси боюнча пикир алмашуу болду. "Изилдөөлөр үчүн рынокторду тандоо 2025-жылдын аягына чейин аяктайт, ал эми алар боюнча иш кийинки жылдын башында башталат", — деп жыйынтыктады ЕЭК министри. Ошондой эле Максим Ермолович эл аралык тректе атаандаштык боюнча блоктун маанилүү жетишкендиктерин, анын ичинде регионалдык деңгээлде атаандаштыкты жөнгө салуу жана ЮНКТАД, ЭКӨУ жана АЭК менен кызматташууну даярдоо жөнүндө кыскача тааныштырды. БУУ тарабынан 5-декабрды Дүйнөлүк атаандаштык күнү деп таанууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле эл аралык аянтчаларда ЕАЭБдин атаандаштык боюнча органдарынын демилгелерин өз ара колдоо маселелери талкууланды. Кеңешмеге ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет болуп саналган Өзбекстандын атаандаштык органынын жетекчиси катышты. Жолугушууга Тажикстандын профилдик ведомствосунун жетекчиси да конок катары катышты.
22 октябрындагы 2025 Максим Ермолович: "ЕЭК КМШ алкагында атаандаштык чөйрөсүндө иштердин багыттарын кеңейтүүгө даяр" Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович жетектеген делегациясы 21-октябрда Брест шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарды бузууларын биргелешип иликтөө боюнча штабдын ишине катышты. Отурумдун катышуучулары бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу боюнча жана атаандаштык чөйрөсүндөгү бузуулардан жабыр тарткандарды жарандык-укуктук коргоо боюнча баяндамаларды талкуулашты, аларда ЕЭКтин бул багыттар боюнча иши жөнүндө маалымат чагылдырылган. "Биз жабыркаган чарбакер субъект үчүн ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө маселени жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатабыз", — деп белгиледи ЕЭК министри. Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар рынокторундагы атаандаштык жана көйгөйлүү маселелердин абалына жасалма интеллекттин таасири маселелери каралды. Максим Ермолович ЖИни колдонуудан келип чыккан ЕАЭБде атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу көйгөйлөрүн эксперттик иштеп чыгуу үчүн жасалма интеллект боюнча түзүлгөн жумушчу топ жөнүндө маалымдады. "Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ алкагын кеңейтүүгө жана өз ишине КМШ өлкөлөрүнүн башка атаандаш органдарын тартууга даяр", — деп баса белгиледи Максим Ермолович. ЕЭК министри ошондой эле Комиссиянын фармацевтика чөйрөсүндөгү сектордук изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.
20 октябрындагы 2025 Ваагн Казарян: "ЕАЭБде маркалоону өнүктүрүү үчүн Бирликтин укугун так сактоо жана ИМТ аркылуу өз ара аракеттенүүнү баштоо зарыл" 17-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян Астанада өткөн "Санариптик маркалоо: экономикалык өсүштүн негизи катары рыноктун ачыктыгы" эл аралык форумунда чыгып сүйлөдү, анда профилдик макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып жети жыл ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарларды маркалоону киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып берди, ошондой эле андан ары өнүктүрүү үчүн негизги тобокелдиктерди белгиледи. "Маркалоо тутумунун колдонуудагы конфигурациясында маркалануучу товарлардын санын кеңейтүү оң натыйжаларды гана алып келбестен, Бирликтин мейкиндигинде товарлардын эркин жүрүүсүн чектөө коркунучун жаратат", – деп белгиледи Ваагн Казарян. ЕЭК Департаментинин директору түшүндүргөндөй, азыркы учурда тобокелдиктин эки орчундуу тобу катталып жатат. Алардын биринчиси маркалоону киргизүү жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүү мөөнөттөрүн сактоо бөлүгүндө Бирликтин укук жоболорун ЕАЭБдин нече өлкөсү аткарбагандыгына байланыштуу. Экинчиси, учурда маркаланууга тийиш болгон же келечекте маркаланууга пландаштырылган товардык топтордун көп санын эске алуу менен, интеграциялык сегментти колдонбостон, эки тараптуу негизде маркалоо тутумунун операторлорунун ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү учурдагы уюштурууга тиешелүү. "Белгиленген тобокелдиктерди четтетүү мыйзамсыз продукциянын жүгүртүлүшүнө натыйжалуу каршы туруу үчүн маркалоо тутумун жакшыртууга мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи Ваагн Казарян. Ошол эле учурда форумдун алкагында электрондук соода жана товарларды маркалоо бөлүмүнүн башчысы Илья Кабанов ЕАЭБ мамлекеттеринде маркалоону киргизүүдө улам рыноктун "тазарышы", контрафакттык продукциянын деңгээлинин төмөндөшү, мыйзамдуу өндүрүүчүлөрдүн санынын жогорулашы, ак ниеттүү өндүрүүчүлөрдүн рентабелдүүлүгүнүн өсүшү жана бюджетти толтуруунун деңгээлинин жогорулашы сыяктуу негизги натыйжалар алынып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.
20 октябрындагы 2025 Виталий Вовк ЕАЭБ алкагында каржылык кооперация механизминин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Виталий Вовк КМШнын Экономикалык өнүктүрүү ишкер борборунун инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда каржылык кооперация механизминин презентациясы менен чыгып сүйлөдү. Иш-чара бизнес өкүлдөрүнүн, бийлик органдарынын жана өнүктүрүү институттарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана өнөр жай кызматташтыгын бекемдөө үчүн биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Иш-чарада КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде өнөр жай интеграциясын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, кооперациялык долбоорлорду колдоо инструменттерин колдонуу тажрыйбасы инвестицияларды тартуу механизмдери жана индустриалдык инфраструктураны түзүүгө дем берүү чаралары талкууланды. "Реалдуу сектордогу глобалдык технологиялык рынокторду жана логистикалык бөлүштүрүүлөрдү кайра жүктөө шарттарында инвестициялардын агымынын өсүшүн жана технологиялардын трансферин камсыздоо, өзгөчө жөнгө салуу режими бар экспортко багытталган өндүрүштүк-технологиялык зоналарды түзүүнү өбөлгөлөө зарыл, – деп белгиледи Виталий Вовк. – Өнөр жайды сапаттуу өнүктүрүүнүн дагы бир аспабы Евразиялык технологиялык платформалардын жаңыланышы жана бизнес менен илимдин демилгелерин бириктирүү үчүн кызмат кылган Евразиялык компетенциялар борборлорун түзүү болушу мүмкүн. Алар долбоорлорду жалгыз иштөөчү режимде эмес, мамлекеттер аралык долбоордук конвейер форматында түзө турган шарттарды түзүү зарыл". Виталий Вовктун пикири боюнча, бул демилгелерди ишке ашырууга өнөр жайдагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоонун улуттуктан жогорку механизми мүмкүндүк берет. "Биздин инструмент ийкемдүү жана универсалдуу – ал бардык мамлекеттик колдоо чаралары менен оңой айкалышат", – деп баса белгиледи Виталий Вовк. – Механизмдин алкагында инновациялык өнөр жай продукциясын чыгарууга багытталган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди каржылоо каралган. КМШдан өнөктөштөрдүн катышуусунда түзүлгөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен ишканаларынын өзгөчө шарттарда механизмге катышуу мүмкүнчүлүгү да маанилүү болуп саналат". Виталий Вовк мүчө мамлекеттердин бизнесин каржылык кооперацияя механизмине жигердүү кошулууга чакырды.
Дагы көрсөтүү