Жаңылыктар

17.09.2024

Дары-дармектердин рецептурасыз категорияларын аныктоо эрежелери толукталды, дары-дармек препаратынын чыгарылган күнүн жана жарактуулук мөөнөтүн эсептөө датасын көрсөтүүнүн форматы өзгөртүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы дары-дармек препараттарынын рецептурасыз категорияларын аныктоо боюнча чечимге өзгөртүүлөрдү киргизди. Дары-дармектерди рецептурасыз берилүүчү дары-дармектерге киргизүүнүн жалпы критерийлери айрым жигердүү заттар үчүн атайын критерийлер менен толукталган. Мындай мамиле эгерде өндүрүүчү тарабынан ушул таасир этүүчү затка мүнөздүү болгон тобокелдик факторлору эске алынса, дары-дармек препараттарын рецептурасыз берүүнү камсыздоого жана рецептурасыз сатууга жеткиликтүү болгон дары-дармек каражаттарынын тизмегин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Комиссия тарабынан Комиссиянын Коллегиясынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2 сунуштамасы менен сунушталган дары-дармек препаратынын чыгарылган күнүн жана жарактуулук мөөнөтүн эсептөө датасын көрсөтүүнүн форматына өзгөртүүлөр киргизилди. Фармацевтикалык өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн, жарактуулук мөөнөтү аяктаган ай жана жыл менен максималдуу ийкемдүү дата форматтарын колдонууга уруксат берилет. Мында жарактуулук мөөнөтү аяктаган дата коддоо тилкесинде көрсөтүлгөн айдын акыркы күнү болуп саналат.