2027-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда, ЕАЭБ ББТда баалуу металлды же баалуу металлдардын кошулмаларын камтыган минерал тектүү чийки заттардын айрым түрлөрүнө карата бажы наркынан 0% өлчөмүндө ташып келүү бажы алымдарынын ченин белгилөө чечими кабыл алынды.
"Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинде баалуу металлдар рыногу өндүрүштүк кубаттуулуктарды толук жүктөө үчүн чийки зат булактарынын жетишсиз камылгаларына ээ. ЕАЭБдин айрым мамлекеттерине карата колдонулуп жаткан экономикалык чектөөлөрдү эске алуу менен, бизнес жаңы өнөктөш өлкөлөрдөн продукцияларды жеткирүү тутумун түзө баштады. Анткен менен алып келүү бажы алымдарын төлөө зарылдыгы мындай жеткирүүлөрдү чыгашалуу кылат", — деди ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Анын айтымында, бажы-тарифтик жөнгө салуунун жактырылган чарасы чектөөлөр менен күрөшүүгө жардам берет, иштетүүчү жана аффинаждык ишканаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, өндүрүштүк кубаттуулуктардын жүктөмүнүн деңгээлин жогорулатууга жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Азыркы тапта каралып жаткан товарларга карата ЕАЭБ ББТ алып кирүү бажы алымдарынын коюму 3%дан 15%га чейин.
Зарыл болгон өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңеши тарабынан Комиссиянын башка актыларына да киргизилмекчи.
Комиссиянын Коллегиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы № 117, 2018-жылдын 22-майындагы № 87 жана 2021-жылдын 1-мартындагы № 20 чечимдерине ылайык, ЕАЭБдин ички рыногунда чийки заттын тартыштыгын эске алуу менен каралып жаткан товарлардын айрым түрлөрүнө карата буга чейин ташып кирүү бажы алымдарынын нөлдүк чендери колдонулган.