Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 5941

20 июнундагы 2025 Андрей Слепнев ПЭЭФ-2025 сессияларында электрондук сооданы өнүктүрүү маселелери жана көп уюлдуу дүйнөлүк экономиканын чакырыктары боюнча сөз сүйлөдү 20-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2025тин алкагында "Чек ара аралык электрондук соода: жаңы эрежелерди ишке киргизүү" сессиясында сөз сүйлөдү. "Биз Бирликте электрондук сооданы жөнгө салуу жөнүндө сөз кылганда, эки теманы талкуулайбыз: мүчө мамлекеттердин ортосундагы ички электрондук соода жана үчүнчү өлкөлөр менен тышкы электрондук соода", — деп эскертти ал. ЕЭК министри тышкы электрондук соода жагында ички ритейлердин жана алыскы "чек ара аралыктын" ишмердиги үчүн бирдей эмес шарттар, алымдар жана салыктар төлөнбөгөндө жана техникалык жөнгө салуу эрежелери сакталбаганда, Бажы кодексине түзөтүүлөр ратификациялангандан кийин көп жагынан жок болуп кетерин белгиледи. "Биздеги ички жөнгө салуу туурасында айта турган болсок, бул жерде улуттук жана трансулуттук аянтчалардын катышы маселеси бар, ал ЕАЭБде товарларды электрондук сатуу жөнүндө макулдашуунун долбоорунда жакшы жөнгө салынган. Анда басмырлабоонун негизи каралган: селлерлер, өнүмдөр жана аянтчалар боюнча", — деди Андрей Слепнев. Анын айтымында, Макулдашуунун милдети бизнеске документтерди санариптештирүү, бара турган өлкө боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагында мыкты шарттарды берүү, ЕАЭБдин ар кайсы мүчө мамлекеттеринен сатуучуларды, маркетплейстерди жана сатып алуучуларды камтыган, Бирлик үчүн мүнөздүү болгон товарды сатуу схемасы макулдашылган ишти аткаруу болуп саналат. Андрей Слепнев Бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен преференциалдык соода келишимдери ачкан артыкчылыктарга өзүнчө токтолду. Ал бардык өнөктөштөр чакан жана орто бизнестин товарларынын экспортун илгерилетүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук соода маселелери боюнча кызматташууга даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле бул күнү ЕЭКтин соода блогунун башчысы "Көп полярдуу экономиканы түзүү: Россиянын жана Евразиянын ролу жана орду" сессиясына катышып, азыркы учурда дүйнөлүк саясат экономиканын жана сооданын трансформациясын көп жагынан аныктай тургандыгын баса белгиледи. Муну цифралар жакшы көрсөтүп турат: 2021-жылы ЕАЭБ соодасында батыш өлкөлөрүнүн үлүшү 58%ды түзсө, 2024-жылы - 18% болгон. Ошол эле учурда, БРИКС өлкөлөрүнүн жана Түркиянын үлүшү бул убакыттын ичинде 30%дан 56%га чейин өскөн. Бул фондо Евразия экономикалык бирлиги преференциялык сооданын жогорку потенциалын көрсөтүүдө. Буга байланыштуу Андрей Слепнев Индонезия менен эркин соода жөнүндө келишим түзүү маселесин козгоду: "Кечээ биз Түштүк-Чыгыш Азиядагы калкынын саны 280 миллиондон ашкан бул ири өлкө менен субстантивдик сүйлөшүүлөрдү аяктадык. Бизде эки жуманын ичинде чечиле турган бир катар техникалык маселелер калды. Демек, ушул жылдын аягына чейин Индонезия менен келишим түзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар". 
20 июнундагы 2025 Андрей Слепнев: "Климаттык долбоорлордун жыйынтыктарын эсепке алуу менен көмүртектин изин компенсациялоо принциби боюнча рыноктук-фискалдык тутумду түзүүгө болот" Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕЭК тарабынан Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2025 алкагында өткөрүлгөн "Эл аралык соода жана климаттык жөнгө салуу: БРИКС, ШКУ, ЕАЭБ жана АТЭК үчүн тоскоолдуктарсыз чечимдер" сессиясында билдирди. "Тутум көмүртектин изин тастыктоого жана анын компенсациясына негизделиши мүмкүн, бул индустриялаштырылган экономикалар үчүн коромжулардын жогорулашын жана климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн мындай коромжулардын азайышын билдирет", – деп түшүндүрдү ЕЭК министри. Андрей Слепнев белгилегендей, климаттык чөйрөдөгү улуттук жөнгө салуу соода тоскоолдугуна айланбашы үчүн эл аралык чоң координация керек. ЕАЭБге байланыштуу зарыл чаралар "Евразия экономикалык жолу" декларациясында каралган. Алардын аркасында климаттык күн тартиби экономикалык өнүгүүнү басаңдатпастан, анын кыймылдаткычы болушу керек. Ошондой эле ЕЭК министри "Энергетика секторунун капиталы: өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн натыйжалуу чечимдерди издөө" сессиясына катышып, анда жашыл долбоорлорго, нетто-нөлдүк чыгындылары менен долбоорлорго жана транзиттик/өтмө технологияларга инвестициялардын акылга сыярлык айкалышы гана технологиялык трансформацияны да, ошондой эле экономикалык өсүштүн татыктуу темптерин камсыз кылуу менен рационалдуу мамилени калыптандыра аларын баса белгиледи. Форумдун алкагында Андрей Слепнев Тунис Республикасынын экономика жана пландоо министри Самир Абдельхафид менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады. Эске салсак, 2025-жылдын январында тараптар Тунис менен ЕАЭБдин эркин соода жөнүндө макулдашуусун түзүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө боюнча биргелешкен изилдөө тобун түзүшкөн. Мындан тышкары, ЕЭКтин соода боюнча блогунун башчысы "Озон Холдингдин" башкы директору Дмитрий Ким жана "Wildberries" негиздөөчүсү Татьяна Ким менен жолугушууларды өткөрдү, аларда ЕАЭБде электрондук сооданы жөнгө салуу, ошондой эле маркетплейстердин жаңы келечектүү чет өлкөлүк рынокторго чыгышы мүмкүндүгү темалары козголду.
20 июнундагы 2025 Бакытжан Сагинтаев: "Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн мыкты шарттарды түзүүгө умтулат" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 20-июнда XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык отурумунун ишине катышты. Комиссиянын Коллегиясынын башчысы ошондой эле "ЕАЭБ экономикасынын реалдуу секторунун синергиясы замандын чакырыктарына жооп катары" сессиясында чыгып сүйлөдү. Бакытжан Сагинтаев өз баяндамасында реалдуу сектор Евразия экономикалык бирлигинин ар бир өлкөсүнүн экономикасында маанилүү ролду ойноп, товарларды өндүрүүнү жана кызмат көрсөтүүлөрдү, калкты иш менен камсыз кылууну жана туруктуу өнүгүү үчүн негизди камсыз кыларын баса белгиледи. "2024-жылы Бирликте өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,5%га көбөйдү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара жеткирүүлөр 8,1%га, негизги капиталга инвестициялар 7,5%га өстү", – деп билдирди Бакытжан Сагинтаев. ЕАЭБ алкагында өнөр жай операциясын дымактуу өнүктүрүү үчүн 2030-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары аныкталды. "Негизинен басым ишканалардын кооперациялык байланыштарын өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен илим сыйымдуу өндүрүштөрдү локалдаштыруу аркылуу жасалат, – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. Жыйынтыгында Бакытжан Сагинтаев аларды чечүү Бирлик өлкөлөрүнүн экономикаларынын реалдуу секторун өнүктүрүү жана өз ара жана тышкы сооданын көлөмдөрүн өстүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өбөлгө түзө турган бир катар милдеттерди белгиледи. ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, Бирликтин динамикалуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча жалпы аракеттердин негизине евразиялык интеграциялык бирикмесинин ар бир катышуучу-өлкөсүнүн артыкчылыктары киргизилген. Бул экономиканын өсүшү, жумуш орундарын түзүү, инвестицияларды тартуу, технологиялык өнүгүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукцияларынын эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
20 июнундагы 2025 Гоар Барсегян: "Евразия технологиялык платформалары олуттуу интеграциялык потенциалга ээ" Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Петербург эл аралык экономикалык форумунун "Маяк-заводдор: ЕАЭБдин өнөр жайы үчүн алдыңкы чечимдер" панелдик сессиясында чыгып сүйлөдү. Иш-чара Евразия экономикалык бирлигинде жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө арналган. Катышуучулар инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну, жасалма интеллект жана робототехниканын негизинде жаңы ишканаларды түзүүнү, ошондой эле региондогу технологиялык өнүгүүнүн келечегин талкуулашты. "Евразия экономикалык бирлигинде технологияларды өнүктүрүү боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында евразиялык технологиялык платформалар – Бирлик өлкөлөрүнүн технологиялык жана инновациялык ишмердүүлүгүн координациялоонун инструменттери түзүлгөн, алар олуттуу интеграциялык потенциалга ээ", – деп баса белгиледи Гоар Барсегян. ЕЭК министри сессиянын катышуучуларын Комиссиянын мүчө мамлекеттер менен биргеликте "Өнөр жайлык робототехника" мамлекеттер аралык программасын андан ары иштеп чыгуу менен "Робототехника" жаңы технологиялык платформасын түзүүнүн үстүндө иши жөнүндө маалымдады. Демилге биринчи кезекте Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай комплекстерине санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана киргизүүгө багытталган. "Азыркы дүйнөдө санариптик технологиясыз өнөр жайды өнүктүрүү мүмкүн эмес. Биз бул багытка өзгөчө көңүл бурабыз, "Өнөр жай" санариптик порталын түзүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Ал кооперациялык өндүрүштүк чынжырчаларды түзүү жана бизнести колдоо боюнча натыйжалуу инструмент болуп калат", – деп белгиледи Гоар Барсегян. 
20 июнундагы 2025 ЕАЭБдин жалпы рыногунда дары-дармек каражаттарын каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү 21-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөр күчүнө кирет. "Бул өзгөртүүлөр – Евразия экономикалык бирлигинде дары-дармектерди каттоонун бирдиктүү ыкмасына өтүүнү аяктоо үчүн маанилүү кадам. Биз өндүрүүчүлөр үчүн административдик тоскоолдуктарды минималдаштырууга жана ошол эле учурда сапаттуу жана коопсуз препараттарды алууга тийиш болгон бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого умтулабыз", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий. Жаңы жоболор Бирлик өлкөлөрүндө каттоо процесстерин шайкеш келтирүүгө, ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жобосу боюнча иштерди аяктоого жана бейтаптардын дары-дармектерге үзгүлтүксүз жетүүсүнө багытталган. Өзгөртүүлөр дары-дармек препараттарынын каттоо досьелерин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболоруна, каттоо процедураларынын жүрүшүндө демилгеленген өндүрүүчүлөрдүн фармацевтикалык инспекцияларын жүргүзүүгө тиешелүү. Ошондой эле ЕАЭБди жөнгө салууга өтүү боюнча иштерди тездетүү үчүн дары-дармек препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өз ара таануу жол-жоболорун бир убакта аткарууга чектөөлөр алынып салынды.
20 июнундагы 2025 ПЭЭФ-2025: ЕАЭБ менен Европанын бажы чөйрөсүндө кызматташуусунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды Евразия экономикалык бирлиги менен Европа бирлигинин ортосундагы бажы чөйрөсүндө кызматташуунун мүмкүн болгон перспективалары XXVIII Петербург экономикалык форумунун алкагында "Европа менен диалогдор: келечек мүмкүнбү?" сессиясында талкууланды. Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов катышты. "Акыркы үч жылда батыш санкцияларынын натыйжасында ЕАЭБдин тышкы соодасындагы ЕБ үлүшү эки эседен ашык кыскарды жана кеткен европалык компаниялардын ордуна дүйнөнүн башка аймактарынан алардын атаандаштары келишти", – деп белгиледи Руслан Давыдов. Ошол эле учурда ал бажы түзүмдөрү Дүйнөлүк бажы уюмунун "Чек аралар ажыратат – бажылар бириктирет" деген ураанын жетекчиликке алышы керектигин баса белгиледи. ЕЭК министри эскерткендей, дүйнөлүк бажы коомчулугунун жалпы милдеттерине бажылык формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, чек арадан өтүүнү тездетүү, бажы органдарынын ишин санариптештирүү кирет. Бул маселелердин бардыгы Дүйнөлүк бажы уюмунда, БУУнун Европа экономикалык комиссиясында жана башка көп тараптуу форматтарда талкууланат. Руслан Давыдов ишкер коомдоштуктун, анын ичинде европалык бизнестин кызыкчылыктарын билдирген өкүлдөрүн Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн алкагында консультативдик органдардын аянтчаларында бажы чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди комплекстүү кароого жигердүү кошулууга чакырды.
20 июнундагы 2025 Руслан Давыдов: "Маркалоо жана навигациялык пломбалар – ЕАЭБ рыногунун "тазартуу" инструменттери" Евразия экономикалык бирлигинде маркалоо тутумун өнүктүрүү, рынокту коргоонун ишке ашырылуучу жана келечектүү чечимдери жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов ПЭЭФ-2025тин иштиктүү программасынын алкагында өткөн "Маркалоонун социалдык натыйжасы: ишеним, коопсуздук, жашоонун сапаты" сессиясында айтып берди. ЕЭК министринин сөзү боюнча, маркалоо жана навигациялык пломбалар сыяктуу санариптик инструменттерди натыйжалуу комплекстүү колдонуу, ошондой эле контролдоочу органдардын ортосунда маалыматтарды толугураак алмашуу товарлардын Бирликтин бажы аймагына ташылып келген учурдан тартып акыркы керектөөчүгө чейин кыймылынын ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн үлүшүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Өзөгүнөн алып караганда, булар — ЕАЭБ рыногун "тазартуунун" инструменттери. Руслан Давыдов Евразия экономикалык комиссиясы мүчө мамлекеттер менен биргеликте Бирликтин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарын — Бирликтин рыногуна чет өлкөлүк товарлардын "кирүү" түйүндөрүн уюштурууга жана техникалык жабдууга карата талаптарды унификациялоонун үстүндө иштеп жатканын эскертти. "Өткөрүү пункттары санариптештирүүнүн жана буюмдар интернети сыяктуу жаңы технологияларды колдонуунун негизинде, мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен жабдылышы жана модернизацияланышы керек", – деп белгиледи Комиссиянын бажы блогунун башчысы. Дискуссиянын катышуучулары маркалоонун оң натыйжасы анык, ал эми аны колдонууну кеңейтүү ЕАЭБде жашоо сапатын жогорулатат деген бир пикирге келишти.
20 июнундагы 2025 Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумда АӨКтөгү стратегиялык өнөктөштүк талкууланды Евразия экономикалык бирлигинин алкагында агроөнөр жай комплексинде узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү Петербург эл аралык экономикалык форумунда Россия-Армения бизнес-диалогунун жүрүшүндө баалашты. "Бирликтин азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээли 92%га жетти, бул анын экономикалык туруктуулугун тастыктайт. Ошол эле учурда мүчө мамлекеттер жалпы агрардык рыноктун туруктуулугун күчөтө ала турган сегменттер калууда", — деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, тармактын туруктуу экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүү жана жеткирүүлөрдүн натыйжалуу тизмегин түзүү максатында Комиссия бизнес менен өз ара иштешүү менен, агроөнөр жай комплексине кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизмин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат. ЕЭК министринин сөзү боюнча, селекция жана үрөнчүлүк, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле АӨК инфраструктурасы сыяктуу чөйрөлөрдө ишке ашыруу үчүн келечектүү багыттар аныкталды. "Мындай каржылык инструментти түзүү экономиканын реалдуу секторунун демилгелерин колдоо үчүн маанилүү практикалык кадам болуп саналат, ал Бирликтин жалпы рыногунун масштабын ишке киргизүүгө, биздин өлкөлөрдүн технологиялык жана өндүрүштүк компетенцияларын колдонууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Гоар Барсегян. 10 жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө айыл чарба продукциясын өндүрүү 25%дан ашык, өз ара соода – эки эсе (16 млрд долларга чейин) өстү. Армения ЕАЭБге киргенден бери агропродукцияларды жеткирүү төрт эседен ашык көбөйдү – өзгөчө жашылча, жемиш жана кайра иштетүү продукцияларынын категорияларында.
Дагы көрсөтүү