Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 2
20 октябрындагы 2025
Ваагн Казарян: "ЕАЭБде маркалоону өнүктүрүү үчүн Бирликтин укугун так сактоо жана ИМТ аркылуу өз ара аракеттенүүнү баштоо зарыл"
17-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян Астанада өткөн "Санариптик маркалоо: экономикалык өсүштүн негизи катары рыноктун ачыктыгы" эл аралык форумунда чыгып сүйлөдү, анда профилдик макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып жети жыл ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарларды маркалоону киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып берди, ошондой эле андан ары өнүктүрүү үчүн негизги тобокелдиктерди белгиледи. "Маркалоо тутумунун колдонуудагы конфигурациясында маркалануучу товарлардын санын кеңейтүү оң натыйжаларды гана алып келбестен, Бирликтин мейкиндигинде товарлардын эркин жүрүүсүн чектөө коркунучун жаратат", – деп белгиледи Ваагн Казарян. ЕЭК Департаментинин директору түшүндүргөндөй, азыркы учурда тобокелдиктин эки орчундуу тобу катталып жатат. Алардын биринчиси маркалоону киргизүү жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүү мөөнөттөрүн сактоо бөлүгүндө Бирликтин укук жоболорун ЕАЭБдин нече өлкөсү аткарбагандыгына байланыштуу. Экинчиси, учурда маркаланууга тийиш болгон же келечекте маркаланууга пландаштырылган товардык топтордун көп санын эске алуу менен, интеграциялык сегментти колдонбостон, эки тараптуу негизде маркалоо тутумунун операторлорунун ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү учурдагы уюштурууга тиешелүү. "Белгиленген тобокелдиктерди четтетүү мыйзамсыз продукциянын жүгүртүлүшүнө натыйжалуу каршы туруу үчүн маркалоо тутумун жакшыртууга мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи Ваагн Казарян. Ошол эле учурда форумдун алкагында электрондук соода жана товарларды маркалоо бөлүмүнүн башчысы Илья Кабанов ЕАЭБ мамлекеттеринде маркалоону киргизүүдө улам рыноктун "тазарышы", контрафакттык продукциянын деңгээлинин төмөндөшү, мыйзамдуу өндүрүүчүлөрдүн санынын жогорулашы, ак ниеттүү өндүрүүчүлөрдүн рентабелдүүлүгүнүн өсүшү жана бюджетти толтуруунун деңгээлинин жогорулашы сыяктуу негизги натыйжалар алынып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.
20 октябрындагы 2025
Виталий Вовк ЕАЭБ алкагында каржылык кооперация механизминин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Виталий Вовк КМШнын Экономикалык өнүктүрүү ишкер борборунун инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда каржылык кооперация механизминин презентациясы менен чыгып сүйлөдү. Иш-чара бизнес өкүлдөрүнүн, бийлик органдарынын жана өнүктүрүү институттарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана өнөр жай кызматташтыгын бекемдөө үчүн биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Иш-чарада КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде өнөр жай интеграциясын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, кооперациялык долбоорлорду колдоо инструменттерин колдонуу тажрыйбасы инвестицияларды тартуу механизмдери жана индустриалдык инфраструктураны түзүүгө дем берүү чаралары талкууланды. "Реалдуу сектордогу глобалдык технологиялык рынокторду жана логистикалык бөлүштүрүүлөрдү кайра жүктөө шарттарында инвестициялардын агымынын өсүшүн жана технологиялардын трансферин камсыздоо, өзгөчө жөнгө салуу режими бар экспортко багытталган өндүрүштүк-технологиялык зоналарды түзүүнү өбөлгөлөө зарыл, – деп белгиледи Виталий Вовк. – Өнөр жайды сапаттуу өнүктүрүүнүн дагы бир аспабы Евразиялык технологиялык платформалардын жаңыланышы жана бизнес менен илимдин демилгелерин бириктирүү үчүн кызмат кылган Евразиялык компетенциялар борборлорун түзүү болушу мүмкүн. Алар долбоорлорду жалгыз иштөөчү режимде эмес, мамлекеттер аралык долбоордук конвейер форматында түзө турган шарттарды түзүү зарыл". Виталий Вовктун пикири боюнча, бул демилгелерди ишке ашырууга өнөр жайдагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоонун улуттуктан жогорку механизми мүмкүндүк берет. "Биздин инструмент ийкемдүү жана универсалдуу – ал бардык мамлекеттик колдоо чаралары менен оңой айкалышат", – деп баса белгиледи Виталий Вовк. – Механизмдин алкагында инновациялык өнөр жай продукциясын чыгарууга багытталган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди каржылоо каралган. КМШдан өнөктөштөрдүн катышуусунда түзүлгөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен ишканаларынын өзгөчө шарттарда механизмге катышуу мүмкүнчүлүгү да маанилүү болуп саналат". Виталий Вовк мүчө мамлекеттердин бизнесин каржылык кооперацияя механизмине жигердүү кошулууга чакырды.