Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6226
05 майындагы 2017
ЕЭК министри Валерий Корешков: “ЕЭК жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кызматташтык жөнүндө макулдашышты”
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Фармакопеясы - дары препараттарынын сапатына талаптардын негизги жыйындысы - аймактык сапат стандарттарынын бири катары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) дүйнөлүк фармакопеялар жана фармакопеялык органдар тизмесине киргизилет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков жана ДСУнун негизги дары каражаттары жана медициналык продукция боюнча департаментинин директору Сьюзанн Хилл ДСУ штаб-квартирасында (Женева, Швейцария) сөз кылышты. ЕЭК министри ошондой эле Фармацевтикалык өндүрүүчүлөрдүн жана ассоциациялардын эл аралык федерациясынын Кеңешинин отурумунда сөз сүйлөп, ІСН катчылыгынын директору Дона Ронан менен жолугушту.
03 майындагы 2017
ЕАЭБте электрондук соодага салык салуунун концепциясын иштеп чыгуу жөнүндө чечимди ЕЭКтин Салык саясаты жана тескөө-башкаруусу боюнча консультативдик комитети кабыл алды
Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор жана Кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана товарлардын экспортунда жана импортунда, иштерди аткарууда, кызмат көрсөтүүдө алардын төлөнүүсүн көзөмөлдөө механизми жөнүндө протокол Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) караштуу Салык саясаты жана тескөө-башкаруусу боюнча консультативдик комитеттин отурумунда каралды.
03 майындагы 2017
Керектөөчүлөрдүн укуктарын темир жол транспорту боюнча уюмдар бузгандыгы жөнүндө арыздарды Евразия экономикалык комиссиясы карап чыгуусунун эрежелери ЕЭК Кеңешинин чечими менен кабыл алынышы мүмкүн
“Темир жол ташуучуларынын жана инфраструктуралык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө адилеттүү жана экономикалык негизделген тарифтерди аныктоо маселеси Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) темир жол ташуулары чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүдө өзгөчө мааниге ээ. Биз керектөөчүлөр үчүн өз укуктарын коргоо боюнча ылайыктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жана бардык кызыкдар тараптар үчүн кызыкчылыктардын балансына жетишибиз керек”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов Темир жол транспорту боюнча уюмдардын темир жол транспортунун ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин өзгөртүү боюнча иш-аракеттери менен керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы туурасында арыздарды ЕЭК карап чыгуусунун эрежелери жөнүндө Макулдашуунун долбоорун карап чыгууга арналган кеңешмеде.
02 майындагы 2017
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн АӨК чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттары аныкталды
Агроөнөр жай өндүрүшүн өбөлгөлөө жана өнүктүрүү маселелерин “Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин агроөнөр жай комплексинде импортту алмаштыруунун перспективалары” тегерек столунун катышуучулары талкуулашты. Иш-чара Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Агроөнөр жай комплекси боюнча комиссиясынын жана Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин эл аралык Конгрессинин катышуусу менен Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) тарабынан уюштурулган.
02 майындагы 2017
Сергей Сидорский: “Биздин максат - агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнү тездетүү”
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорскийдин пикири боюнча, Евразиялык айыл чарба технологиялык платформасынын ишмердүүлүгү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн айыл чарбасындагы биринчи кезектеги милдеттерди биргелешип чечүү үчүн илимий потенциалды мобилизациялоого багытталышы керек. “Бул, түпкү натыйжада инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгууга жана аларды АӨКкө жайылтууга мүмкүндүк берет. Биздин максат кошумча нарктардын бүтүндөй тизмеги максималдуу түрдө Биримдикте өндүрүлүшүнө жетишүү болуп саналат”, - мындай билдирүүнү Сергей Сидорский ЕЭКте өткөрүлгөн, Евразиялык айыл чарба технологиялык платформасынын кеңешмесинде жасады. 
02 майындагы 2017
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018 үчүн жабдууларды жана спортинвентарларды киргизүү оңоюраак болмокчу
ЕЭК Коллегиясы 2017-жылдын 2-майында өткөн кезектеги отурумунда FIFA Конфедерацияларынын кубогунда жана 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында футбол командаларынын, судьялык коллегиянын, уюштуруучулардын, чагылдыруу компанияларынын жана басма сөздүн ишин камсыздоо үчүн арналган техникалык жабдууларды жана спорт инвентарларын убактылуу киргизүү тартибин жөнөкөйлөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кабыл алынган чечим башка спорт таймаштарына таркалбайт. 
28 апрелиндеги 2017
Авиатранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү боюнча “жол картасы” макулашылды
Аба транспортунун маселелери боюнча “жол картасынын” долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун отуруму Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өттү. 2018-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде жүзөгө ашырылышы керек болгон иш-чаралар талкууланды.
28 апрелиндеги 2017
ЕАЭБ Фармакопеялык комитети дары каражаттарынын сапатынын стандарттарын иштеп чыгууда
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Фармакопеясынын он бир жалпы фармакопеялык беренелеринин долбоорлорун - дарылардын сапатына карата талаптардын негизги жыйындысын - 27-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында өткөн отурумда Биримдиктин Фармакопеялык комитети жактырды.
Дагы көрсөтүү