Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6226
16 декабрындагы 2019
ЕЭК Эл аралык темир жолдор бирлиги менен кызматташтыкты улантууда
Эл аралык темир жолдор бирлигинин (ЭТЖБ) генералдык ассамблеясынын ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясынын катышуусу менен Парижде өткөрүлгөн сессиясында санариптик темир жолду, жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамын өнүктүрүү, ЭТЖБны андан ары өнүктүрүү маселелери каралды.
13 декабрындагы 2019
ЕЭК Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуу аспаптарын иштеп чыгуу максатында Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму (IOSCO) жана Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясы (WFE) менен өз ара аракеттенүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Каржы саясаты департаментинин директору Арман Хачатрян Мадридде (Испания) IOSCOнун аффилиацияланган мүчөлөрүнүн Консультативдик комитетинин отурумунун жана улуттук баалуу кагаздар рынокторун укуктук жөнгө салуу жаатындагы регуляторлор үчүн жумушчу семинардын жыйынтыктары боюнча билдирди.
13 декабрындагы 2019
ЕЭК туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө арналган статистикалык жыйнакты презентациялады
12-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин Бирликтин өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык кызматтарынын жетекчилери менен жыйынтыктоочу жумушчу жолугушуусунда Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө арналган статистикалык жыйнактын презентациясы болуп өттү.
12 декабрындагы 2019
Евразиялык интеграциянын маанилүү багыттары – соода жана каржы саясатын ишке ашыруу
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 11-декабрда "Евразия экономикалык бирлиги: 5 жыл – учуш жакшыбы?" деп аталган конференциянын алкагында өткөрүлгөн "Евразиялык интеграция – натыйжалуу кызматташтыкка карай кийинки кадамдар" деген аталыштагы талкуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) соода саясатынын актуалдуу милдеттери, анын орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективадагы өнүгүү перспективалары, каржы тармагындагы интеграция, ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара сооданы либералдаштыруу жөнүндө айтып беришти. Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте Россиядагы Америкалык Соода Палатасы жана Америка-Россия ишкердик кеңеши тарабынан уюштурулду.
12 декабрындагы 2019
Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин негизги приоритети – узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү"
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 11-декабрда Москвада макроэкономикалык саясат боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда билдирди.
12 декабрындагы 2019
Тигран Саркисян: "ЕАЭБ терең экономикалык мазмунга ээ жана регионалдык экономикалык бирикмелерди түзүү боюнча глобалдык дүйнөлүк трендге шайкеш келет"
"Евразия экономикалык бирлиги – жаш интеграциялык бирикме, бирок биз беш жылдын ичинде чоң жолду басып өттүк", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россиядагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) жана Америка-Россия ишкердик кеңеши тарабынан уюштурулган "Евразия экономикалык бирлиги: 5 жыл – учуш жакшыбы?" деп аталган конференцияда билдирди.
10 декабрындагы 2019
ЕАЭБ жана АСЕАН кызматташтыкты кеңейтүүнү максат кылышууда
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) өз ара соодасынын көлөмү жетишерлик чоң эмес. Интеграциялык бирикмелер Чоң Евразия экономикалык өнөктөштүгү идеясын өнүктүрүү максатында соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтиши зарыл. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 9-10-декабрда Москвада өтүп жаткан, ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн эксперттери үчүн биринчи Эл аралык семинарда билдирди.
10 декабрындагы 2019
ЕЭК Коллегиясы: ЕАЭБдин алкагында өнөр жай продукциясын кооперациялык жеткирүүлөрдүн өсүшү уланууда
10-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы өнөр жай жана техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.
Дагы көрсөтүү