Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6150
03 ноябрындагы 2020
Виктор Назаренко: "Аккредитация шайкештикти баалоо органдарынын компетенциясынын жана алардын ишинин натыйжаларынын ишенимдүүлүгүн камсыздоонун кепилдиги болуп саналат"
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Аккредитациялоо органдарынын башчыларынын Кеңешинин бешинчи отурумунда, шайкештикти баалоо органдары аккредитациялоо процедураларынын натыйжаларын өз ара таануусуна, ак ниетсиз органдар шайкештикти баалоо документтеринин берүүсүнө, ЕАЭБде "кооптуу" өнүмдөрдүн жүгүртүлүшүн алдын алууга байланышкан негизги көйгөйлөр талкууланды.
03 ноябрындагы 2020
ШКУ жана ЕАЭБ: экономикалык потенциалды ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүү
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймагындагы экономикалык кызматташтыктын келечеги “ШКУ жана ЕАЭБ: аймактын экономикалык потенциалын жана глобалдык экономиканы ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүү” тематикалык сессиясынын көңүл чордонунда болду. Талкуу 3-ноябрда ШКУнун Бизнес форумунун алкагында болуп өттү. Иш-чара Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын көмөк көрсөтүүсү менен уюштурулган.
02 ноябрындагы 2020
ЕАЭБдин Иран менен соода көлөмү пандемияга карабастан өсүүдө
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү жана Иран пандемияга карабастан, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүдө. Алсак, ушул жылдын 8 айында товар айланымы 2% га көбөйүп, 2 миллиард АКШ доллардан ашткан. Өсүүгө негизги салым Ирандан импорттун дээрлик 230 миллион АКШ долларына көбөйүшүнөн улам болгон. Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ичинен Армениядан экспорт көбөйгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕАЭБ менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашууга ылайык түзүлгөн Биргелешкен комитеттин теңтөрагаларынын жыйынында билдирди. Иран тараптан жолугушууга Ирандын өнөр жай жана соода министринин орун басары, өлкөнүн Сооданы өнүктүрүү боюнча уюмунун башчысы Хамид Задбум катышты. Айыл чарба продукциясы өз ара сооданын негизи болуп калды. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Иранга жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн болжол менен 80% (939 млн АКШ доллары) азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заттарына туура келсе, анын жарымынан көбү (609 млн АКШ доллары) данга туура келген. Өз кезегинде, ушул сыяктуу товарлар Ирандан Бирликке келген жеткирүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн түзгөн - 68% же 575 миллион АКШ доллар. Мөмө-жемиштер жана жаңгактар Ирандан импорттун өсүшүнүн негизги драйвери болду.
31 октябрындагы 2020
Россияга Беларустан алмуруттарды жеткирүүлөр калыбына келтирилди
30 октябрындагы 2020
ЕЭК Кеңеши Кубага ЕАЭБге байкоочу мамлекеттик статусун берүүнү жактырды
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 30-октябрдагы отурумунда, Куба Республикасына Евразия экономикалык бирлигине байкоочу мамлекет статусун берүү жөнүндө Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жактырылды. Аяккы чечим Бирликтин мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынат.
30 октябрындагы 2020
Андрей Слепнев ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн "жол картасын" иштеп чыгууну сунуштады
28-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев жана КЭР соода министринин орун басары Ван Шоувэнь төрагалык кылган ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын биринчи отурумунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселеси каралды. Тараптар макулдашууну жүзөгө ашырууга багытталган "жол картасын" иштеп чыгууну талкуулашты.
30 октябрындагы 2020
ЕАЭБде өнүгүү институттарынын алкагында өнүгүп келе жаткан экономикаларды каржылоо мүмкүнчүлүгү каралат
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөттөрү, Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) менен биргеликте, иштеп жаткан институттардын алкагында ЕАЭБдин өнүгүп келе жаткан экономикаларын максаттуу каржылоонун механизмдерин жана программаларын жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын сунушун иштеп чыгат. Мындай тапшырманы ЕЭК Кеңеши 30-октябрдагы отурумунда берген.
30 октябрындагы 2020
ЕАЭБде кооптуу өнүмдөр жөнүндө маалымат берүүнүн бирдиктүү тутуму иштей баштайт
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген товарлар жөнүндө маалымат берүү тутумун калыптандыруу боюнча пилоттук долбоорду аяктоонун мөөнөтүн аныктады - 2021-жылдын 1-июлу.
Дагы көрсөтүү