Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6150

23 сентябрындагы 2019 ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБде товарлардын кыймылынын эркиндигине техникалык жөнгө салуу тутумун түзүүнүн аркасында жетүүгө мүмкүн болду» ​Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн эң мыкты адистери жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте ондон ашуун жаңы техникалык регламенттерди иштеп чыгышууда. Алар, атап айтканда, Бирликтин мамлекеттеринде трамвайларга жана метрополитендин дөңгөлөктүү составына, канаттуулардын этине жана аны кайра иштетүү өнүмдөрүнө, жемдерге жана жем кошулмаларына карата бирдиктүү коопсуздук талаптарын белгилемекчи. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Минскте (Беларусь) өткөрүлгөн «ЕАЭБ: ийгилик үлгүлөрү» деп аталган жаш Евразия лидерлеринин форумунда билдирди.
17 сентябрындагы 2019 ЕАЭБ өлкөлөрү Global Management Challenge стратегия жана башкаруу боюнча чемпионатына кошулушу мүмкүн ​16-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Global Management Challenge (GMC) уюмунун аткаруучу директору, SDG – Simuladores e Modelos de Gestão компаниясынын башкы директору Жуао Матозу Энрикеш Евразия экономикалык комиссиясынын жана Global Management Challenge стратегия жана башкаруу боюнча чемпионатынын уюштуруучу комитетинин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жолугушууда РФ Президентинин алдындагы Россия эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат академиясынын Уюмдук өнүгүү жана стратегиялык демилгелер институтунун (РАНХиГС) директору, GMC долбоорунун Россиядагы жетекчиси Вячеслав Шоптенко катышышты. Жолугушуу ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.
Дагы көрсөтүү