Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6144
27 апрелиндеги 2018
ЕЭК “продукциянын шайкештигин баалоо боюнча кодексти” кабыл алды
Шайкештикти баалоонун жаңы Типтик схемалары продукцияны сертификаттоону, декларациялоону жана мамлекеттик каттоону биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык жүргүзүүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрү үчүн бирдиктүү эрежелерин аныкташат. Жакында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Кеңеши тарабынан кабыл алынган документ ишкерлерге техрегламенттердин негизинде аныкталган жол-жоболор бир маанилүү, ал эми ЕАЭБтин ар бир өлкөсүндө жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары – салыштырылуучу болорун кепилдейт. Биримдиктин ушул жана башка бир катар ченемдик укуктук актылары жөнүндө ЕЭК өкүлдөрү Минскте Стандартташтыруу, метрология жана сапатты башкаруу боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Беларусь мамлекеттик институтунун аянтчасында өткөн семинардын жүрүшүндө билдиришти.
27 апрелиндеги 2018
27-апрелде ЕАЭБте Дарыларга карата тийиштүү дистрибьютордук тажрыйбанын эрежелери күчүнө кирди
Эреже Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жалпы рыногунда дары каражаттарынын сапатын камсыздоо тутумунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет жана аны жүзөгө ашырууга катышкан бардык жактарга, анын ичинде өндүрүүчүлөргө жана дистрибьюторлорго таркалат.
26 апрелиндеги 2018
ЕЭК ЕАЭБте жөнгө салуучу “кумкоргондор” жөнүндө макулдашууну иштеп чыгууга киришти
“Евразиялык экономикалык биримдиктин жөнгө салуучу “кумкоргондор” тутумун түзүү – Биримдиктин мамлекеттеринин башчылары бекиткен демилгелерди иштеп чыгуунун артыкчылыктарынын бири. Долбоордун демилгечилери, Евразиялык экономикалык биримдиктнин жөнгө салуучулары үчүн – инновациялык чечимдерди, жаңы бизнес-моделдерди тестирлөөнүн, алардын күчтүү жана начар жактарын аныктоонун, мүмкүн болгон тобокелдиктерди жакшыраак түшүнүүнүн, аларды укуктук жактан бекитүүнүн алдында жөнгө салууга карата ык-амалдарды сынап көрүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү”, – деп билдирди Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) жөнгө салуучу “кумкоргондор” тутумун түзүүнү талкуулоого арналган эксперттердин биринчи отурумунда.
24 апрелиндеги 2018
ЕЭК сааттар үчүн айрым себилдегичтерге бажы алымдарын төмөндөтүп жана дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттарды классификациялады
Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 24-апрелдеги отурумунда соода, бажы кызматташтыгы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Товарлардын айрым түрлөрүнө кириш бажы алымдарын төмөндөтүү жөнүндө чечимдер кабыл алынып, дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттар Евразиялык экономикалык биримдиктин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык классификацияланды, аттракциондордун айрым кооптуу бөлүктөрүн сыноо жөнүндө Биримдиктин күбөлүгүнүн формасы бекитилди.
11 апрелиндеги 2018
ЕЭКте эмгекчилерди социалдык коргоонун жана ЕАЭБдегы эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү маселелери талкууланды
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимдин долбоору боюнча көз караштарын Мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин социалдык камсыз кылуу, алардын пенсиялык укуктарын коргоо, аларга медициналык жардам көрсөтүү жана алардын кесиптик ишмердиги маселелери боюнча консультативдик комитеттин төртүнчү отурумундагы консультациялардын жыйынтыгы боюнча жакындаштырууга мүмкүн болду.
10 апрелиндеги 2018
Татьяна Валовая: «ЕЭК эркин соода принциптерин жана ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин соода-экономикалык ишмердигинин либералдаштыруусун жактайт»
Бул жөнүндө Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая өз ишмердигин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө алып барган чет элдик ишкердик топтордун өкүлдөрүнүн алдында салттуу түрдө жыл сайын сүйлөөчү сөзүнүн алкагында билдирди. 50 дөн ашуун чет элдик компаниялар жана бизнес-ассоциациялар, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн дипломатиялык миссиялары катышкан бул жолугушуу Америкалык соода палатасында болуп өттү.
10 апрелиндеги 2018
ЕЭК Беларуста ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартууну макулдашты, алдын ала маалымдоо институтунун өнүгүүсүнө чечим чыгарды, аттракциондорго карата стандарттарды бекитти
Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 10-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү бажылык кызматташтык, атаандаштык, монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Беларусь Республикасында ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу макулдашылды, Биримдикке суу транспорту менен алып келинүүчү товарлар жөнүндө маалыматты берүүнүн тартиби аныкталды, аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги белгиленди, парфюмердик жана косметикалык продукция жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги актуалдаштырылды, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
06 апрелиндеги 2018
ЕАЭБтин санариптик трансформациясынын процесстеринин динамикасы статистикалык баалоо алыш керек
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин статистикалык көрсөткүчтөрүн түзүү маселелери талкууланды. ЕАЭБтин санариптик трансформациясынын процесстеринин динамикасы статистикалык баалоо алыш керек. Мындай чечим Комиссиянын Коллегиясына караштуу Статистика боюнча консультативдик комитеттин 5-апрелде, ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жетекчилиги алдында болуп өткөн он экинчи отурумунда кабыл алынды.
Дагы көрсөтүү