Жаңылыктар

21.04.2023

ЕЭК үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо товарлардын чыккан жерин аныктоо тутумун түзүү боюнча ишти аяктап жатат

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташылып чыгарылуучу товарлардын чыккан жерин аныктоонун шайкештелген тутуму жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ага кол коюуну уюштуруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорго жөнөтүү жөнүндө макулдашууларга Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Москвада өткөн отурумда жетишишти.

Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн товарлардын чыккан жерин аныктоо жана тастыктоо боюнча, анын ичинде мүчө мамлекеттерде келип чыгышынан көз каранды болгон экспортту жөнгө салуучу чаралар бар болгон шартта, алардын чыккан жерин аныктоо жана тастыктоо боюнча ык-амалдарын унификациялоого багытталган.

"Экспортту декларациялоодо натыйжалуу иштерди түзүүдөн тышкары, документ Бирликтен ташылып чыгарылуучу продукциянын чыккан жерин документтик тастыктоонун бирдиктүү механизмдерин түзүү жана экспорттоочулардын товардын чыккан жери жөнүндө сертификаттарды берүүнү жүзөгө ашырган уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн түзүү жолу менен евразиялык товарлардын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жетүүсүнө да көмөк көрсөтөт", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Мындан тышкары, Макулдашуу Бирликте товарлардын чыккан жерин өз алдынча декларациялоо тутумун киргизүү үчүн баштапкы чекит болуп калмакчы, ал ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашууларынын алкагында тарифтик преференцияларды алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мүчө мамлекеттер бардык зарыл болгон жол-жоболорду аяктагандан кийин, документтин долбоору Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин деңгээлинде кол коюу үчүн берилет.

Маалымат

ЕАЭБдин бажы аймагынан ташылып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкештелген тутуму жөнүндө макулдашуунун долбоору 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 3.1.7-пунктунда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында иштелип чыгарылган. Аталган Стратегиялык багыттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык Макулдашууга мүчө мамлекеттер тарабынан үстүбүздөгү жылы кол коюлууга тийиш.