Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6153

08 июлундагы 2019 ЕЭК жана Тынч океан альянсы Өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюушту «ЕЭК жана Тынч океан альянсынын – Колумбия, Мексика, Перу жана Чили өлкөлөрүнүн жаш, бирок тез өнүгүп келе жаткан бирикмесинин ортосундагы диалогдун расмийлештирилиши – узакка созулган сүйлөшүү процессинин натыйжасы болду жана кыйла натыйжалуураак ички өнүгүү жана бардык мүчө мамлекеттердин ортосунда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү максатында эки түзүмдүн бири бирин жакшыраак таанууга жана тажрыйба алмашууга өз ара кызыкчылыгын чагылдырат», ¬– деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Комиссиянын жана Тынч океан альянсы жөнүндө алкактык макулдашуунун мүчө мамлекеттеринин ортосунда Өнөктөштүк жөнүндө декларация түзүлгөндөн кийин билдирди. Документке 5-июлда Лимада Тынч океан альянсынын мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги 14-саммитинин жүрүшүндө кол коюлду.
03 июлундагы 2019 Узак мөөнөттүү төмөн инфляция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт «Акыркы жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жаатында олуттуу прогресске жетишишти. Борбордук жана улуттук банктар чийки зат товарларына баалардын солкулугунун натыйжасында аныксыздыктын өсүшү жана чек ара аралык таасирлер шарттарында турукташтыруу саясатын жүргүзүүдөгү чакырыктарды ийгиликтүү жеңип чыгышты. Бирликтин өлкөлөрүндө инфляциянын темптеринин туруктуу төмөндөшү жана акырындык менен конвергенцияланышы байкалууда, бул акыр аягында калктын жыргалчылыгына таасир тийгизүүдө», – деп Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Тоты Калиаскарова «ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү акча-каржы саясаты: координациянын мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөр» деп аталган тегерек столдо сөз сүйлөп жатып билдирди. Армения Республикасынын улуттук банкы тарабынан уюштурулган бул иш чара 27–28-июнда Дилижанда (Армения) болуп өттү.
Дагы көрсөтүү