Бирликтин өлкөлөрүнөн, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген 200дөн ашуун катышуучулар жаштардын ар түрдүү топторунун өкүлдөрү болушту: ишкерлер, студенттер, илимпоздор, журналисттер, блогерлер, спортчулар, креативдүү жаштар ж.б.
Талкуунун модераторлору Евразия экономикалык комиссиясынын протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору, ЕЭКтин Жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков жана Россия ТИМ МЭММИнин проректору Станислав Суровцев болушту.
Данияр Турусбеков сессияны ачып жатып, жаштар – бул көп сандагы социалдык топ экендигин, болжолдуу баалоолор боюнча, ал ЕАЭБдин калкынын 15-20% түзөрүн жана алардын евразиялык интеграциянын экономикалык процесстерине катышууга карата өзгөчө спецификалуу суроо-талабы бар экендигин белгиледи.
"Интеграция күчөгөн сайын жаштардын мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүсү барган сайын чоң мааниге ээ болууда", – деди Данияр Турусбеков.
ЖЕЭК Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "массалык аң-сезимде, анын ичинде жаш муундардын аң-сезиминде Евразия идеологиясын кеңири масштабдуу таратуу максатында" ЕАЭБдин Жаштар форумун негиздөө жана өткөрүү демилгеси талкуунун контекстине негиз болду. Сессиянын жүрүшүндө чыгып сөз сүйлөгөндөр аталган демилгени толугу менен колдоорун жана аны ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти. Алсак, Россиянын Жаштар иштери боюнча федералдык агенттигинин жетекчисинин орун басары Павел Абрамов ведомство буга активдүү катышаарын жана бардык керек болгон жардамды, анын ичинде методологиялык жардамды көрсөтүп, иш-чараны өткөрүүдө колдоо көрсөтөт деп билдирди.
ЕАЭБ мамлекеттеринин жаштар күн тартибинин сыноолору жана милдеттери жөнүндө айтып жатып, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Бирликтин катышуучу мамлекеттеринин жана байкоочу мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы кызматташтыктын негизги милдеттери тууралуу айтып берди.
"Негизги милдеттердин арасында – жаштарда активдүү турмуштук позицияны калыптандыруу, өз өлкөлөрүнүн коомдук, саясий, социалдык жана экономикалык турмушуна жана мамлекеттер аралык кызматташтыкка тартуу. Жаш муундарга ЕАЭБ өлкөлөрүндө өнүгүүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү зарыл. Илимий, чыгармачылык жана ишкердик активдүүлүктү колдоо, жаштардын инновациялык потенциалын натыйжалуу өнүктүрүү жана пайдалануу, Бирликтин өлкөлөрүнүн жаштар коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу моделин түзүү маанилүү", – деп Кыргызстандын маданият министринин орун басары белгиледи.
Жолугушууда жаштардын ЕАЭБдин иштөө процесстерине катышуусунун жаңы форматтарын түзүү боюнча сунуштар айтылды. Мисалы, Кыргыз Республикасыныны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жаштардын ишкердик жана коомдук долбоорлоруна максаттуу көмөк көрсөтүү механизмин түзүүгө багытталган Жаштардын демилгелерин колдоо фондун түзүүнү сунуш кылды.
Сөз сүйлөгөндөрдүн көбү интеграциянын эң активдүү жана интенсивдүү өнүгүп келе жаткан багыттарынын бири болуп саналган илимий жана билим берүүдөгү кызматташтыкты күчөтүү зарылчылыгы жөнүндө айтышты. Атап айтканда, Армения Республикасынын билим берүү, илим, маданият жана спорт министринин орун басары Артур Мартиросян ЕАЭБдин алкагында билим алуу үчүн бирдиктүү санариптик платформаны түзүүнү, ошондой эле биргеликте мүчө мамлекеттердин жаш изилдөөчүлөрүнүн илимий иштеринин конкурстарын өткөрүүнү сунуш кылды. Беларусь Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу Жаш илимпоздор кеңешинин төрагасы Алексей Ермаков мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен ЕАЭБдин алкагында, биринчи кезекте, жаш илимпоздордун жана мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүүнү сунуштады. Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын Укук жана улуттук коопсуздук институтунун директорунун орун басары Валерий Смирнов Бирликтин жаштар коомдоштугунун интеграциясына карай кадамдардын бири катары Евразия студенттер ассамблеясын түзүү демилгесин билдирди. "Элчи" Социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун жетекчиси Денис Бердаков жалпы Евразия гуманитардык мейкиндигин сактоого жана бекемдөөгө чакырып өттү.
Казакстандын жана Кыргызстандын эң ири жаштар бирикмелеринин жетекчилери – Казакстандын Жаштар конгрессинин аткаруучу директору Тохтар Болысов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргызстандын Жаштар конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидинов жаштар уюмдарын ЕАЭБдин иштөө процесстерине бир кыйла активдүүрөөк тартуу жөнүндө кеп кылышты. Россия-Армян жаштар кеңешинин төрагасы Рафаэл Погосян ЕЭКтин Жаштар кеңешинин жана мүчө мамлекеттердин жаштар уюмдарынын тутумдук негиздеги бир кыйла активдүүрөөк өз ара аракеттенүүсүнө чакырды.
ЕАЭБ мейкиндигинде жаштар ишкердигин колдоонун натыйжалуу экотутуму "Опора России" бүткүл Россиялык чакан жана орто ишкердик коомдук уюмунун вице-президенти Эдуард Омаровдун жана Enactus Кыргызстан студенттер жана бизнестин жаш лидерлери коомдук уюмунун аткаруучу директору Гульбарчын Суюнованын чыгып сүйлөгөн сөзүнүн негизги темасы болду. Эдуард Омаровдун айтуусу боюнча, жаш ишкерлер үчүн башында мамлекеттик жана мамлекеттер аралык колдоо чараларын көрсөтүү, ошондой эле жаш адистердге кесиптик багыт берүү жана алардын "карьералык траекториясын" өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү зарыл.
Жаштар дипломатиясы чөйрөсүндө ЕАЭБдин "жумшак күчүн" таратууда жаштардын ролу тууралуу айтылды. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңешинин төрагасы Константин Колпаков жаштарды эл аралык интеграциялык бирикмелер, биринчи кезекте, ЕАЭБ, БРИКС, ШКУ, АСЕАН менен мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырып өттү. А.М. Горчаков атындагы Коомдук дипломатияны колдоо фондунун аткаруучу директору Виктория Карслиева тажрыйба алмашуу, маалымдоо жана Бирликтин өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эксперттик жана жаштар иш-чараларында жаштардын катышуусу үчүн бирдиктүү жаштар платформасын түзүүнү сунуш кылды.
Жолугушуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн креативдик жаштарынын жана интертейнмент индустриясынын көңүл ачуу иш-чаралары менен аяктады. VK социалдык тармагынын музыкалык жана окуялык долбоорлорунун директору Константин Сидорков Россиядагы эң ири шаардык open-air – VK Fest жөнүндө, ошондой эле VKнын платформасында жаштардын коомдук жана ишкердик демилгелерин ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Медиапродюссер, селебрити-маркетинг боюнча адис Левон Шагинян жаштар чөйрөсүндөгү негизги медиатренддерге көңүл бурду. Let’s Dance бий академиясынын директору Жан Воинов бий индустриясы үчүн Евразиялык аянтчасын түзүүгө чакырды.
Талкуунун жыйынтыктары боюнча спикерлер жана катышуучулар Жаштар форумун түзүү жана жыл сайын өткөрүү идеясын бир добуштан колдоого алышып, мындай демилгенин максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун белгилешити. Сессиянын катышуучуларынын айтуусу боюнча, өзүнчө жаштар аянтчасын түзүү жаштардын Евразия күн тартибине тутумдук негизде жетүүсү үчүн шарттарды түзөт, студенттерге жана жаш эксперттерге евразиялык интеграцияны изилдөөгө жана жалпысынан Бирликте жаштар күн тартибин өнүктүрүүгө түрткү берет. Ошондой эле, ЕАЭБ Жаштар форуму жаштардын кесиптик коомдоштуктарына интеграциялык потенциалы бар биргелешкен долбоорлорду (билим берүү, эксперттик, бизнес-долбоорлор, entertainment, журналистика жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлор ж.б.) ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет деп белгилешти.
Талкуу достук, расмий эмес атмосферада өтүп, жолугушуунун катышуучулары байланыштарды сактоо жана ЕАЭБдин жаштар күн тартибин түзүү контекстинде өз ара аракеттенүүнү улантуу жөнүндө келишишти.