Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 2
23 октябрындагы 2025
Андрей Слепнев: "ЮНКТАД ачык регионализмдин башталышындагы эл аралык тутумду "кайра чогултууга" көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойнойт"
Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Женевада (Швейцария) БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) он алтынчы сессиясында жалпы жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүндө билдирди. "ЕАЭБ — интеграциянын деңгээли жогору болгон ачык бирикме. Ачык регионализмдин натыйжалуулугун белгилейбиз, ал рынокторду, капиталдарды, эмгек ресурстарын, инновацияларды, инфраструктураны бириктирүүнүн, ошондой эле өнөктөш өлкөлөр менен масштабдуу долбоорлордун эсебинен өнүгүүнүн жаңы драйверлерин түзөт", — деп белгиледи ЕЭК министри. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту сактоо зарылдыгы жөнүндө айтып жатып, Андрей Слепнев кеңири эл аралык алмашуунун жана жеткиликтүү эң мыкты технологияларды, анын ичинде аз эмиссиялык технологияларды жана отундардын өткөөл түрлөрүн басмырлоосуз колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "ЮНКТАД аянтчасы бажылык жөнгө салуу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптик маркалоо жана товарларды көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү жаатында келечектүү санариптик технологияларды киргизүү маселелери боюнча жигердүү өз ара аракеттенүү үчүн колдонулушу улантыларына ишенебиз", — деп билдирди Андрей Слепнев. Андрей Слепневдун Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында, ал Бразилиянын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык жана каржы маселелери боюнча катчысы Филип Фокс-Драммонд Гоу менен жолугушту. Бразилия Түштүк Американын жалпы рыногунун мүчөсү болуп саналат, бул өлкө менен ЕЭК кызматташтык жөнүндө меморандумду түзүшкөн. Түркмөнстандын соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Назар Агаханов менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, анын ичинде "Түндүк – Түштүк" коридору боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Андрей Слепнев БУУнун Женевадагы бөлүмүнө барып, анын башкы директору Татьяна Валовая менен сүйлөшүүлөрдү жана ДСУга караштуу Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин туруктуу өкүлдөрү менен жумушчу консультацияларды өткөрдү.
23 октябрындагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт саясатын жана ЕАЭБдеги эл аралык автоташууларга байланыштуу кырдаалды талкуулашты
Бул маселелерди талкуулоо үчүн аянтча ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин 30-отуруму болду. Отурумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, коомдук уюмдардын, тармактык бирликтердин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Иш-чарага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттерден — Иран Ислам Республикасынан жана Куба Республикасынан өкүлдөр да катышышты. Иш-чаранын катышуучулары эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырган, Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары болгон айдоочулар Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтүнүн кыскарышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Кеңешмеде азыркы учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын ишке ашыруунун жүрүшү каралды: максаттуу индикаторлордун (көрсөткүчтөрдүн) долбоорлору, евразиялык транспорттук коридорлордун (каттамдардын) паспорттору жана аларга минималдуу талаптар макулдашылды. Бул документтер транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын Жетекчилеринин кеңешинин кезектеги жыйынында каралат. Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан евразиялык транспорттук коридорлорго (каттамдарга) кирген темир жол, автожол жана порт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча көрүлгөн чаралардын талдоосун, транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын, ошондой эле эл аралык транспорттук коридорлорду (каттамдарды) өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонуунун мыкты эл аралык тажрыйбалары жана аларды колдонуу боюнча сунуштар тууралуу карап чыгышты. Келечекте үчүнчү өлкөлөрдүн катышуусу менен ишке ашырыла турган инфраструктуралык долбоорлордун пулун түзүү пландаштырылууда. Мындай пулду түзүү алгоритми кошумча иштелип чыгат. Ошондой эле тараптар ишке ашырылып жаткан транспорттук саясат жаатында өнүгүүнүн тармактык аспектилерин талкуулашты. Атап айтканда, ЕАЭБ алкагында "бешилтик" өлкөлөрүнүн интеллектуалдык транспорттук тутумдарынын өз ара иштешүүсүн өркүндөтүү боюнча концепцияны ишке ашыруу үчүн "жол картасы" каралып, оор салмактагы жана (же) ири көлөмдөгү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө, ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын жана документтердин тизмеси жактырылды. Комитетке ошондой эле темир жол транспорту жаатындагы интеграциялык иштин жыйынтыктары сунушталды, анын жыйынтыгы боюнча Бирликтин алкагында мүчө мамлекеттердин жүргүнчү-жарандарынын темир жол транспорту менен жүрүүсүнө таасир этүүчү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин темир жол транспортун колдонуу менен евразиялык туристтик каттамдарды өнүктүрүү жөнүндө сунуштамалар жактырылды. Консультативдик комитет тарабынан Иран Ислам Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси, ошондой эле Транспорт жана инфраструктура департаменти тарабынан даярдалган, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн транспорт жана транзит чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча комитетченин ишин уюштуруу боюнча сунуштар каралды. Сунуштар Ирандын аймагы аркылуу жүк ташууларды уюштуруу, ошондой эле "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун каттамдарында транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде чек ара өткөөлдөрүнүн иши, терминалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маселелердин кеңири спектрин камтыйт. Консультативдик комитет кабыл алган чечимдер транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын Жетекчилеринин кеңешине кезектеги отурумда сунушталат.