Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6133

12 июлундагы 2019 ЕЭК министри Серик Жумангарин ЕАЭБдин атаандаштык укугуна эксперттик сереп жүргүзүүнүн алкагындагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын чыгарды Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) улуттук монополияга каршы ведомстволор менен кызматташтыгын күчөтүү жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторундагы атаандаштыкты бузуучулар үчүн жазаны жумшартуу программасын иштеп чыгуу – ушул жана башка сунуштамалар БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмчөсү тарабынан көрсөтүлгөн, ЕАЭБдин атаандаштык укугуна эксперттик серепте камтылган. Серептин презентациясы ЮНКТАДдын Атаандаштык тармагындагы мыйзам чыгаруу жана саясат боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык тобунун Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн 18-сессиясынын негизги окуясы болду.
11 июлундагы 2019 Виктор Назаренко: «Кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо жана контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдардын бажы жана укук коргоо органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдеринин тутумун түзүү ЕАЭБ үчүн маанилүү» Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногунда техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген продукциянын жүгүртүлүшүн болтурбоо, ошондой эле шайкештикти баалоо жаатында эреже бузуулардын алдын алуу максатында, Бирликтин өлкөлөрүндө мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле контролдоочу (көзөмөлдөөчү), бажы, укук коргоо органдарынын жана аккредиттөө боюнча органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча тутумдук чаралар ишке ашырылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (Министр) Виктор Назаренко Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык жаатындагы саясаты боюнча Жумушчу топтун (БУУ ЕЭК 6-ЖТ) алкагында өткөрүлгөн, Рынокту көзөмөлдөө боюнча консультативдик топтун (MARS Group) 17-отурумунда билдирди. Жумушчу топтун отуруму 8–9-июлда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында алгачкы жолу өткөрүлдү.
Дагы көрсөтүү