Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6133

03 июлундагы 2019 Узак мөөнөттүү төмөн инфляция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт «Акыркы жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жаатында олуттуу прогресске жетишишти. Борбордук жана улуттук банктар чийки зат товарларына баалардын солкулугунун натыйжасында аныксыздыктын өсүшү жана чек ара аралык таасирлер шарттарында турукташтыруу саясатын жүргүзүүдөгү чакырыктарды ийгиликтүү жеңип чыгышты. Бирликтин өлкөлөрүндө инфляциянын темптеринин туруктуу төмөндөшү жана акырындык менен конвергенцияланышы байкалууда, бул акыр аягында калктын жыргалчылыгына таасир тийгизүүдө», – деп Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Тоты Калиаскарова «ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү акча-каржы саясаты: координациянын мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөр» деп аталган тегерек столдо сөз сүйлөп жатып билдирди. Армения Республикасынын улуттук банкы тарабынан уюштурулган бул иш чара 27–28-июнда Дилижанда (Армения) болуп өттү.
02 июлундагы 2019 ЕАЭБде мүчө мамлекеттерде импортту алмаштырууну колдоонун жети багыты макулдашылды «Евразия экономикалык бирлигин индустриалдаштыруунун биз түзүп жаткан картасы Бирликтин деңгээлинде импортту алмаштыруу боюнча ишти комплекстүү уюштурууга, импортту алмаштыруу боюнча улуттук пландарды бириктирүүгө, ЕАЭБ деңгээлинде импортту алмаштыруучу өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө, бири бирибиздин компетенцияларыбызды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 1-июлда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өткөн өнөр жайдын приоритеттүү тармактарындагы кооперацияда жана импортту алмаштырууда интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Жумушчу топтун алгачкы отурумунда билдирди.
Дагы көрсөтүү