Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6138
10 июлундагы 2018
Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларга карата контролдук баалардын эң төмөнкү деңгээлин колдонуу түрүндөгү тоскоолдук четтетилет
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рынокторун бажылык жөнгө салуу, алардын атаандаштыгынын жана иштешинин маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда каралды. ЕЭК Кыргыз Республикасынын өз ара соодадагы тоскоолдукту четтетүүгө даяр экендигин белгиледи, ак ниет эмес атаандаштыктын белгилери жөнүндө ишти кароо токтотулду, көпүрө краны классификацияланып, Комиссиянын ырастоочу борбору жөнүндө жобо бекитилди.
09 июлундагы 2018
Сүт азыктарын сүт камтылгандардан айырмалоо оңой болуп калат
Керектөөчүлөр сүт майын алмаштыруучу зат кошулган же кошулбаган сүт камтылган азыктарды так айырмалай алышат. Бул үчүн маркалоо боюнча бир катар түзөтүүлөр киргизилет. 2017-жылдын 10-ноябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин № 102 Чечими менен кабыл алынган «Сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Бажы бирлигинин техникалык регламентине тиешелүү өзгөртүүлөр ушул жылдын 16-июлунан тартып күчүнө кирет.
09 июлундагы 2018
Беларусь ЭСЗга алып келүүчү Иран менен убактылуу макулдашуудан экспорттун эки эсе өсүшүн күтсө болот
Эксперттердин божомолдору боюнча, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода зонасынын түзүлүшүнө алып келүүчү убактылуу макулдашууну түзүүнүн натыйжасы Беларусь Республикасынан бул өлкөгө экспорттун эки эсе өсүшү болуп калышы мүмкүн. Бул жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина 9-июлда Минскиде Беларусь Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери үчүн ар жылдык семинарда билдирди.
06 июлундагы 2018
ЕЭК жана АЭКБ кызматташтыктын перспективаларын талкууланды
«Астана» эл аралык каржы борборунун (АЭКБ) расмий ачылышы менен анын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) институттары менен кызматташуусу каржы рынокторун өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн негиз боло алат. Бул жөнүндө Astana Finance Days конференциясынын алкагында болуп өткөн «ЕЭК –АЭКБ: кызматташтык горизонттору» пленардык сессиясынын жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков билдирди.
06 июлундагы 2018
Татьяна Валовая: «Криптовалюталардын болушунун талаштуулугуна карабастан, каржы технологиялары менен байланышкан санариптик экономиканын атрибуттары өнүгө берет»
«Астана» эл аралык каржы борборун (АЭКБ) ачуунун маанилүүлүгү дүйнөлүк жана евразиялык каржы тутумунун бөлүгү катары экенин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая «ЕАЭБдин алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашырууга жана жалпы каржы рыногун түзүүгө блокчейн-технологиялардын жана криптовалюталардын тийгизген таасири» панелдик сессиясында белгиледи. ЕЭК министри модератор болуп чыккан иш-чара 4-июлда АЭКБнын расмий ачылыш аземине арналган Astana Finance Days конференциясынын алкагында болуп өттү.
06 июлундагы 2018
Сергей Сидорский: «ЕАЭБдин Сингапур менен кызматташуусунун перспективдүү багыттары болуп өнөр жай комплекстерин модернизациялоого инвестицияларды тартуу жана биргелешкен индустриалдык-инновациялык инфраструктураны түзүү саналат»
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Сингапур менен жана бүтүндөй Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен соода-экономикалык жана өнөр жай тармагында диалогду өнүктүрүү, өз ара пайдалуу негизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташтыктын жаңы архитектурасын куруу үчүн конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууга кызыкдар. Бул жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Сергей Сидорский Сингапур Республикасынын Соода жана өнөр жай мамлекеттик министри Ко По Кун менен жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.
06 июлундагы 2018
Казакстан Республикасы ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында санариптик демилгелерди көрсөттү
Казакстандык бизнес-коомдоштук Астана шаарында 4-июлда болуп өткөн «Казакстан Республикасынын ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагындагы санариптик демилгелери» тегерек столунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында мүмкүн болуучу ишке ашырууга карата «Ачык маалыматтарды пайдалануу», «Чакан жана орто бизнес үчүн ачык санариптик платформа» жана «Электрондук лицензиялоо» аттуу потенциалдуу демилгелердин презентациясын өткөрдү
05 июлундагы 2018
Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ЕАЭБде жөнгө салуучу «кум аянтчалары» түзүлөт
3-июлда Астанада жөнгө салгыч «кум аянтчалар» тутумун түзүү боюнча эксперттик аянтчанын экинчи отурумунда Евразия экономикалык бирлигиндеги жөнгө салгыч «кум аянтчаларынын» иши жана алардын максаты талкууланды.
Дагы көрсөтүү