Жаңылыктар

01.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 15:34)

ЕАЭБде "Чексиз жумуш" долбоору иштеп баштады

2021-жылдын 1-июлунан тарта Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө Евразия мейкиндигиндеги алгачкы биргелешкен санариптик долбоор – "Чексиз жумуш" бир түргө келтирилген издөө тутуму" өнөр жайлык пайдаланууга киргизилүүдө.

Бул мүчө мамлекеттердин жумушка орношуу жана жумуштуулук чөйрөсүндөгү маалыматтык тутумдарында камтылган бош жумуш орундары жана жумуш издөөчүлөр жөнүндө маалыматка жетүүнү камсыз кылган эл аралык издөө тутуму.

Долбоор Бирликтин алкагында санариптик аспаптарды колдонуу менен эмгек рынокторунун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү боюнча резюмелерди жана вакансияларды издөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кошуунун эсебинен улуттук маалыматтык тутумдардын функционалын кеңейтүүгө багытталган.

"Чексиз жумуш" долбоорунда ЕАЭБдин беш катышуучу өлкөсүнүн учурда иштеп жаткан төмөнкү тутумдары катышат: "Горц" жумуш издөө жана персоналды тандоо боюнча маалымат тутуму http://workforall.am (Армения Республикасы), мамлекеттик жумуштуулук кызматынын маалымат порталы http://gsz.gov.by (Беларусь Республикасы), "Работа" маалымат порталы – Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин электрондук эмгек биржасы https://www.enbek.kz/, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек рыногу маалымат тутумунун "Занятость" маалымат порталы http://www.zanyatost.kg, маалыматтык талдамалык тутум – "Работа в России" жалпы россиялык вакансиялар базасы https://trudvsem.ru/ (Россия Федерациясы). Долбоорго катышкан мамлекеттердин маалыматтык тутумдары типтүү программалык камсыздоо (улуттук маалыматтык тутумдарга интеграцияланган), уникалдуу бир түргө келтирилген интерфейс жана API ыкмалары аркылуу бири-бири менен өз ара аракеттенишет.

"Чексиз жумуш" бир түргө келтирилген тутумун аталган улуттук маалыматтык тутумдарда катталгандан кийин пайдаланууга болот.

Тутумдун колдонуучуларына (жумуш издөөчүлөргө жана жумуш берүүчүлөргө) жумуш издөө же персоналды тандоо талап кылынган Бирликтин бир же бир нече мамлекетин тандап алуу, улуттук маалымат тутумдарында камтылган вакансиялар жана жумуш издөөчүлөр жөнүндө маалыматка жеткилик алуу, ошондой эле жумуш издөөчү жана жумуш берүүчү менен интерактивдүү өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү берилет.

"Чексиз жумуш" бир түргө келтирилген издөө тутумунун" иштеп башташы – бул маанилүү окуя. Ал Евразия мейкиндигинде санариптештирүүнүн активдүү өнүгүүсү жөнүндө гана эмес, ЕАЭБ жарандарынын жумушка орношуусу жана жумуштуулугу чөйрөсүндөгү толук кандуу санариптик экотутумдун калыптанып башташы жөнүндө да айтып турат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, МКТ боюнча министри Гегам Варданян баса белгиледи.

"Чексиз жумуш" биздин жалпы эмгек рыногубуздун коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен кийин калыбына келүү аспаптарынын бири болуп калат деген үмүттөмүн. Негизи, бул ЕАЭБ жарандарынын жумуштуулугу чөйрөсүндөгү толук кандуу санариптик экотутумду түзүүгө карай алгачкы кадам", – деди РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников.

Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы – бул Комиссиянын, Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ошондой улуттук компоненттердин операторлорунун үзүрлүү ишинин жана максаттуу кызматташтыгынын натыйжасы.

Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планында Бирликтин мамлекеттеринин жарандарынын жумушка орношуусун жана жумуштуулугун камсыз кылуу үчүн "Евразия электрондук эмгек биржасы" санариптик экотутумунун сервистерин түзүү боюнча иш-чаралар каралган.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, долбоордун ушуну менен токтоп калбагандыгы маанилүү. Санариптик экотутумду өнүктүрүү жана жумуш издөөчүлөрдү жана жумуш берүүчүлөрдү маалыматтык колдоо, электрондук эмгек келишими, кесиптик багыттоо диагностикасы, үйрөтүүчү курстардын жана башка коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн маркетплейси, мобилдик тиркемени киргизүү ж.б. сыяктуу сервистерди ишке ашыруу боюнча пландарын талкуулоо башталды.