Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 1

25 ноябрындагы 2025 АӨК боюнча кеңеш ЕАЭБ алкагында тармакты өнүктүрүүнү талкуулады 25-ноябрда Минскте Евразия экономикалык бирлигинин агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агрардык ведомстволорунун жетекчилери жана Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча министри Гоар Барсегян мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплекстеринин абалын, перспективаларын жана натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдорун талкуулашты. АӨКдагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин түзүүгө карата мамилелер каралды, бул багытта биргелешкен ишти активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди. "Агроөнөр жай комплекси үчүн – бул Бирлик мамлекеттеринин потенциалдарын бириктирүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоонун жаңы чарасы. Биз биринчи кезекте жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууда механизмге суроо-талап болот деп ишенебиз. Ошону менен бирге аны АӨКтүн бардык тармактарында жана анын инфраструктурасында колдонуу мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭК министри. Кеңеш ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын жүзөгө ашырууну талкуулашты. "Заманбап шарттарда агроөнөр жай комплекси – бул жогорку технологиялуу тармак, ал инновациялык моделдин негизинде гана атаандаштыкка жөндөмдүү болот. Биз АӨКтү технологиялык өнүктүрүүнү тездетүү жана тармактын жалпы колдонмо милдеттерин чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктиришибиз керек", – деп баса белгиледи Гоар Барсегян. Отурумдун катышуучулары АӨКдагы ИИТКИлердин тизмесинин долбоорун жактырышты жана кант кызылчасынын евразиялык гибриддерин түзүү боюнча пилоттук биргелешкен изилдөөнү ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты. Сапардын алкагында Гоар Барсегян ошондой эле "Минск трактордук заводу" ААК жана "Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ЖАКга барып, ал жерде Беларустун машина куруу жетишкендиктеринин көргөзмөсү, айыл чарба продукциясын, анын ичинде данды терең кайра иштетүү, жогорку сапаттагы тоют кошумчалары, аминокычкылдыктарды өндүрүүдөгү заманбап технологиялар менен таанышты.