Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 120

16 сентябрындагы 2015 ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай боюнча министри Сергей Сидорскийдин "БЕЛТА" МА берген маеги: "ЕАЭБ өлкөлөрү өнөр жайлык өнүгүүнү тездетүү үчүн күч бириктиришүүдө" Жакында Гродно шаарында болуп өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн премьер-министрлери ЕАЭБде агроөнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын долбоорун кабыл алышты. Бул документ улуттук экономикаларды өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Макулдашылган өнөр жай саясатынын шартында Белоруссиянын, Казакстандын, Армениянын, Кыргызстандын жана Россиянын өндүрүүчүлөрүн жана керектөөчүлөрүн эмне күтөөрү жөнүндө БЕЛТА маалымат агенттигинин кабарчысына Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агро өнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский айтып берди.
15 сентябрындагы 2015 ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай боюнча министри Сергей Сидорскийдин "Республика" гезитиндеги автордук макаласы: "ЕАЭБдеги өнөр жай кызматташтыгы - экономикалык өнүгүүнүн кубаттуу фактору" 8-сентябрда Гродно шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өтүп, анда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери үчүн маанилүү документ - ЕАЭБ алкагында Агро өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары кабыл алынды. Мындай кеңири масштабдагы документ советтен кийинки мейкиндиктеги евразиялык интеграциянын тарыхында биринчи жолу кабыл алынды. Анын маңызы эмнеде? Кандай маселелерди чечүүгө багытталган? Аны жүзөгө ашыруу Бирликтин мүчө мамлекеттерине эмне алып келет? Бул суроолорго жооптор Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агро өнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Сергей Сидорскийдин макаласында.
Дагы көрсөтүү