Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 122

14 декабрындагы 2016 ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу” Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
18 ноябрындагы 2016 ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек” 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштады, ага бүгүнкү күнү беш мамлекет кирет: Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. Эгер 20 жыл мурдагы евразия интеграциясынын кайра жандануу этабында биринчи кезекте кеп соода кызматташуусу туурасында жүрсө, барган сайын күн тартиби кеңейе берген. Биримдиктин алдындагы жаңы чакырыктар оргуган маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү жаратты. Онлайн-сооданы ирээтке келтирүү, интернет тармагындагы мыйзамдардын үстүнөн биргелешип иштөө, электрондук өкмөттөрдүн өз ара аракет тутумдарын иштеп чыгуу, тобокелдик каржылоо базарын түзүү жана жалпы эле биргелешип инновацияны өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан, ушул жылы ЕАЭБ тескөөчү органы Евразия экономикалык комиссиясында жаңы ишмердүүлүк багыты пайда болду. Анын негизги милдеттеринин бири - бирдиктүү санарип мейкиндигин куруу, сандык технологияларды өнүктүрүү. Бул тармакта жасалып жаткан иштер туурасында, ”Евразия жумалыгы” форумунун жыйынтыгы боюнча, жана интеграциялык кызматташуунун жаңы багытын түзүүнүн биринчи жылдыгынын босогосунда ТАССка берген интервьюсунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян төмөнкүлөрдү айтып берди.​
Дагы көрсөтүү