Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6215

27 сентябрындагы 2019 ЕЭК ЕАЭБдин экономикасынын реалдуу секторуна инновациялардын киргизилишине түрткү берүүдө ​«Дал реалдуу сектордо жогорку технологиялуу жана илим сыйымдуу компетенциялардын концентрациясы байкалууда. Изилдөөлөрдү күчөтүү үчүн мамлекеттер аралык программалар механизми ишке салынды. Өнөр жай кооперациясын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдүн локалдаштырылышын жогорулатуу активдерди бириктирүү жана евразиялык улуттар аралык компанияларды түзүү аркылуу мүмкүн болмокчу», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Бишкекте (Кыргызстан) «Евразия жумалыгы» Эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен программалар жана долбоорлор евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн заманбап тренди катары» деп аталган панелдик сессияда билдирди.​
26 сентябрындагы 2019 «Евразия жумалыгы – 2019» форумунда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктары талкууланмакчы ​«Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча сунуш кылып жаткан чаралар сапаттуу жана коопсуз това​рлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун натыйжалуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 26-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун аянтчасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитеттин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеӊештин биргелешкен отурумунда билдирди.
26 сентябрындагы 2019 «Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун 2019-жылдагы жыйынтыктары чыгарылды ​2019-жылда «Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунда биринчи орунду SmartCheck долбоору – товарлардын аныктыгын микрочиптердин жардамында текшерүү үчүн платформа ээледи, Армения Республикасы. Экинчи орунда – E-Agro-Map – электрондук айыл чарба карталарын өндүрүү боюнча долбоор, Кыргыз Республикасы. Үчүнчү орунда – AgroStream – агроишкананын процесстерин башкаруу боюнча чечим болуп саналган долбоор, Казакстан Республикасы. «Бизнес-өнөктөштөр банкы» – Сбербанктын импорт жана экспорт үчүн чечимдер жана сервистер долбоору, Россия Федерациясы – жана «ЕАЭБде онлайн соода жүргүзүү үчүн универсалдуу төлөм агрегатору» – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү үчүн бирдиктүү төлөм платформасы, Беларусь Республикасы – «Евразия экономикалык комиссиясынын сүймөнчүктөрү» категориясында жеңишке ээ болушту.
Дагы көрсөтүү