Жаңылыктар

21.07.2022 (Обновлено: 01.08.2022 11:26)

ЕАЭБдин жалпы биржа рыногун түзүүнүн алкагында Белорус универсалдык товардык биржасында тесттик тооруктар өткөрүлдү

21-июлда Белорус универсалдык товардык биржасында рапс майы менен тесттик тооруктар өткөрүлдү. Тооруктарга Евразия экономикалык бирлигинин чарба жүргүзүүчү субъектилери жана биржалары (катышуучулар катары), ошондой эле мамлекеттик органдардын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү (байкоочулар катары) катышышты.

Белорус универсалдык товардык биржасынын өкүлдөрү иштин реалдуу схемасын көрсөтүшүп, анын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген резидент эместер акысыз катталууга жана ЕАЭБ аймагы боюнча ташуу мүмкүнчүлүгү менен рапс майын алыстан сатып алуу жана сатууну ишке ашырууга мүмкүндүк алышты. Бүтүмдөр Бирликтин өлкөлөрүнүн каалаган улуттук валюталарында жасалды.

Тесттик тооруктар ЕАЭБдин товарларынын жалпы биржа рыногун түзүүнүн Беларусь тарабынан сунуш кылынган схемасынын биринчи баскычынын алкагында соода жүргүзүү шарттарын моделдөөгө жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Экинчи баскычта улуттук биржалардын канааттандырылбаган өтүнмөлөрү андан ары сунуштарды издөө жана Бирликтин өлкөлөрүнүн башка биржаларынын катышуучулары менен бүтүмдөрдү жол-жоболоштуруу үчүн эл аралык модулга жиберилет. Бизнес өкүлдөрү тесттик тооруктарды уюштуруунун жогорку деңгээлин белгилешти жана Белорус универсалдык товардык биржасында реалдуу тооруктарга катышууга кызыгуусун билдиришти.

Өткөрүлгөн тесттик тооруктардын жыйынтыктары ушул жылдын күз айларында ЕАЭБдин алкагында товарлардын жалпы биржа рыногун түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун отурумунда талкууланмакчы.

Эске сала кетсек, Бирликтин жалпы биржалык товар рыногун түзүү Стратегия-2025 менен каралган. Бирликтин жалпы товардык биржа рыногун түзүү концепциясын 2023-жылдын ортосуна чейин, ал эми аны ишке ашыруу Программасын 2024-жылдын 31-декабрына чейин бекитүү пландаштырылууда.