Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6133

05 июнундагы 2020 ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв: "Бүгүнкү кризистен негизги соода өнөктөштөрүбүз болуп саналган Кытай жана Европа менен биргеликте чыгуу зарыл" Дүйнөлүк сооданын кулашына, суроо-талаптын начарлашына, тобокелдиктердин өсүшүнө, ошондой эле протекционизмдин күчөшүнө карабастан, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв 5-июнда "Глобалдык белгисиздик шарттарында Россиянын экспорттук стратегиясы: ишмердик бирикмелердин, өнүгүү институттарынын жана бийлик органдарынын ролу" деп аталган эл аралык форумда сөз сүйлөп жатып билдирди. Аталган форум "Россия бизнес жумалыгы – 2020" алкагында видеоконференция форматында өткөрүлдү. Иш-чара Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) тарабынан Экспортту колдоо боюнча координациялык кеңештин колдоосунда уюштурулду.
03 июнундагы 2020 ЕЭК Кеңеши коронавирустук инфекция менен күрөшүү максатында ЕАЭБге алымсыз алып келинип жаткан товарлардын тизмегин толуктады жана бир катар материалдардын жана буюмдардын экспортуна тыюу салунун жоюлушун жактырды Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 3-июнда өткөрүлгөн отурумдун жүрүшүндө бир жолу колдонулуучу жеке коргонуу каражаттарына жана дары-дармек жана дезинфекциялоо каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү үчүн колдонулган товарлардын айрым түрлөрүнө карата импорттук алымдарды убактылуу негизде нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган продукциянын тизмесине ортофосфор кислотасы, суутек кычкылы, полимердик плёнка, бир жолу кийилүүчү баш кийимдер жана башкалар кирди. Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.​
Дагы көрсөтүү